Бүгүнтөн тарта жардамга муктаж жарандар билдирүүлөрүн электрондук түрдө жиберсе болот

  Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров билдирди. Анын айтымында, «1227» номерине кайрылгандар көп болгондуктан, 1227.tunduk.kg сайты ишке кирди. Кочкоров белгилегендей, жардам штабы түзүлгөндөн бери 200 миңден ашык билдирүү түштү. Анын ичинде колунда барлар да жардам сурап жатка н учурлары катталууда, —… Кененирээк…

Кытайлык гранттын эсебинен Бишкектеги жолдорду оңдоо карантин аяктагандан кийин башталат

Кытайлык гранттын эсебинен Бишкектеги жолдорду оңдоо карантин аяктагандан кийин башталат. Мэр Азиз Суракматовдун айтымына, учурда “Бишкек асфальт сервис” муниципалдык ишканасы тарабынан сейил бак жана веложолчолорун курулушу жүрүп жатат. Эске салсак, долбоордун экинчи этабын ишке ашырууга 2 жыл кетет. Мөөнөт аралыгында ордо калаада 6 көпүрө салынат.… Кененирээк…

Коронавирус менен күрөшүп жаткан медицина кызматкерлерине кошумча төлөмдөр эртеңден тарта бериле баштайт

Коронавирус менен күрөшүп жаткан медицина кызматкерлерине кошумча төлөмдөр эртеңден тарта бериле баштайт Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирет. Анын айтымында, COVID-19 вирусуна чалдыккан бейтаптарды дарылоо жайларындагы иштеген дарыгерлерге орточо эсеп менен 45 миң сомго чейин кошумча каражат берилет. Ал эми кичи кызматкерлерге 41… Кененирээк…

Синоптиктер аба-ырайын кескин өзгөрөөрүн жарыялады

Синоптиктер аба-ырайын кескин өзгөрөөрүн жарыялады. Эртең өлкөнүн батыш жана борбордук аймактарында каттуу шамал болуп, жаан жаайт. Алдыңкы 3 күн аралыгында Бишкекте 1 айлык жаан-чачындын чейрек көлөмү катталат. Бейшембиде кар жаайт. Өзгөрмө аба-ырайы бүгүн кечинде башталат.

Чек араны жүк ташуучу унааларга ачуу боюнча Кытай тарап менен сүйлөшүүлөр уланууда

Чек араны жүк ташуучу унааларга ачуу боюнча Кытай тарап менен сүйлөшүүлөр уланууда. Вице премьер-министр Эркин Асрандиев билдиргендей, буга чейин Кытайдын Тышкы иштер министрлигине НОТА жөнөтүлгөн. Ошондой эле жүк ташуу коопсуздугу үчүн алгоритм иштелип чыкты. Кыргызстан тарабынан сунуш жиберилди, ал  учурда Кытайдын кароосунда. Эске салсак, кыргыз-кытай… Кененирээк…

Бет кап тагынбаган учурга жаза жок

Бет кап тагынбаган учурга жаза жок. Бул тууралуу ордо калаа коменданты Алмазбек Орозалиев билдирет. Анын айтымында, мыйзамда буга карата айыпка тартуучу мерчем жок. Бирок жарандар көчөдө жүрүүдө саламаттыгы үчүн коргонуу каражаттарын пайдаланышы зарыл. Эске салсак, буга чейин бийлик тарабынан көчөгө бет кап жок жүрүүдө 1… Кененирээк…

Оштун жашоочусу оорусун жашырганы үчүн 5 жылга чейин эркинен ажыратылат

Оштун жашоочусу оорусун жашырганы үчүн 5 жылга чейин эркинен ажыратылат. Түштүк калаа коменданты Малик Нурдинов билдиргендей, эркек киши дем жетпей жатканын сезген, буга карабай достору жана кесиптештери менен байланышкан. Чындык клиникалык симптомпдор байкала баштаганда чыкты. Медицина кызматкерлери анда коронавирус бар экенин аныкташты. Тест ошондой эле… Кененирээк…

Бишкекте өзгөчө абал режимине карабай оңдоп-түзөө иштери иштери уланууда

Бишкекте өзгөчө абал режимине карабай оңдоп-түзөө иштери иштери уланууда. Мэриядан билдиришендей, ордо калаада тротуар жана веложолчолордун курулушу активдүү жүрүп жатат. Учурда иштер Манас, Чүй проспектилеринде жана Байтик Баатыр көчөсүндө аткарылууда. Курулуштар планга ылайык, өз графиги менен жүрүп жатат. Эске салсак, өткөн жумада Бишкектин бир катар… Кененирээк…

Апрель айынын пенсиясын үйгө жеткирүү “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашат

Апрель айынын пенсиясын үйгө жеткирүү “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашат. Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей, банк картасынан пенсия алуучулар мурдагыдай эле өз убагында карта аркылуу акчаларын алат. Ал эми пенсияны карта аркылуу эмес, бирок банктан алгандарга үймө-үй жеткирип берилет. Жашаган аймактарда банкомат жок жарандарга… Кененирээк…

Кыргызстанда   COVID-19 илдетине кабылган бейтаптарды дарылоочу вирустук препараттар жетиштүү

Кыргызстанда   COVID-19 илдетине кабылган бейтаптарды дарылоочу вирустук препараттар жетиштүү. Буга Милдеттүү медициналык фонддон ишендиришүүдө. Өзгөчө көзөмөлгө алынган бейтапканаларга дары-дармектерди алуу үчүн 267 миллион сом бөлүнгөн. Фонддонн белгилешкендей, мындан тышкары оорукаларга медикаменттерди жеткирүү боюнча фармацевтикалык компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ошондой эле медициналык мекемелер дагы дары-дармектерди… Кененирээк…