Дыйкандарга 250 айыл чарба техникасы берилет

Дыйкандарга 250 айыл чарба техникасы берилет. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында, учурда техниканын даярдыгы 91 пайызды түзөт. Ошондой эле жазгы талаа иштерине дизелдик отун менен дыйкандарды камсыздоо иштери аяктап калды. Учура өлкөдө 65 миң тонна минералдык жер семирткич бар. Аларды ташуучу… Кененирээк…

Россиядан 28 миң тонна ун алып келүү боюнча келишим түзүлдү

Россиядан 28 миң тонна ун алып келүү боюнча келишим түзүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун жетекчиси Каныбек Айдаров билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандын унга болгон жылдык керектөөсү 1 миллион тоннаны түзөт. Учурда запастар жетиштүү деңгээлде. Анын көлөмүн ачыкка чыгарууга мыйзам жол бербейт. Эске салсак, буга… Кененирээк…

Дыйкандарга санитарык-карантиндик посттордон  өтүүгө уруксаат берилди

Дыйкандарга санитарык-карантиндик посттордон  өтүүгө уруксаат берилди. Бишкек комендатурасынын маалыматында, бүгүнтөн тартып ордо калаанын аймагында талаа иштерин жүргүзүүчү адамдар жана алардын унаалары текшерүү постторунан тоскоолдуксуз өтө алышат. Бул үчүн алардын жанында тиешелүү документтерине кошумча Жергиликтүү бийликтен айдоо аянты бар экенин тастыктаган маалымдама же айдоо жердин ээси… Кененирээк…

Коронавирус жуктурган дарыгерлерге 200 миң сомдон жөлөк пул төлөнөт

Коронавирус жуктурган дарыгерлерге 200 миң сомдон жөлөк пул төлөнөт. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка караганда, каржылык колдоо кичи кызматкерлерге да тиешелүү болот. Ошондой эле эгерде дарыгер каза болуп калса, алардын үй-бүлөсүнө 1 миллион сом берүү чечими кабыл алынды. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган 32… Кененирээк…

Билим берүү министрлиги дистанттык окуу формасынан 50 миллион сомдой үнөмдөшү ыктымал

Билим берүү министрлиги дистанттык окуу формасынан 50 миллион сомдой үнөмдөшү ыктымал. Ведомстводон novosti.kgге билдиришкендей, кеп, биринчиден төртүнчү класска чейинки балдардын ысык тамагына бөлүнгөн каражат тууралуу болуп жатат. Эми апрель айына карата окуучулардын тамак-ашына бөлүнө турган сумма, райондук эсептөө секторуна которулбайт. Учурда Каржы министрлиги өзгөчө абалдагы… Кененирээк…

Жалал-Абадда жасалма өткөрмө кагаз жасаган адам кармалды

Жалал-Абадда жасалма өткөрмө кагаз жасаган адам кармалды. Бул тууралуу аймактын коменданты Жеңиш Жоробеков билдирди. Анын айтымында, жаран өткөрмө документти өзү жасап, санитардык түйүндөн унаа менен өтүүгө аракет кылганда колго түштү. Аталган факты боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Ал эми коменданттык саат киргизилген аймакта 1 миңден… Кененирээк…

Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Джефф Безос кайрадан планетанын эң бай адамы

Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Джефф Безос кайрадан планетанын эң бай адамы. Учурда анын каржы абалы 18 миллиард долларга кыскарып, 113 миллиард долларды түздү. Бирок бул көрсөткүч Безостун 3 жыл катары менен эң бай адам аталышына таасир бербейт. Экинчи орунда Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс 98 миллиард… Кененирээк…

Ордо калаада чон гипермаркет жана соода борборлору дезинфекцияланууда

Ордо калаада чон гипермаркет жана соода борборлору дезинфекцияланууда. Мэриянын маалыматында, мекемелердин ичи толугу менен санитардык тазалоодон өтүп жатат. Эске салсак, “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери күн сайын шаардагы көчө, тротуар, сейил бак, аялдама жана таштанды челектерин дезинфекциялашууда. Ишке 34 кызматкер жана 17 атайы техника тартылды.

Өкмөт электр жана жылуулук кубатына тарифттик саясатты кабыл алды

Өкмөт электр жана жылуулук кубатына тарифттик саясатты кабыл алды. Бийликтен белгилешкендей, 2022-жылга чейин катардагы керектөөчүлөр үчүн электр энергиясы кымбаттабайт. Калк 1 киловатт-саат үчүн 77 тыйын төлөйт, ал эми 700 киловатт-сааттан ашык төлөм жүргүзбөгөндөргө 2 сом 16 тыйындан чегериле баштайт.

Кыргызстанда дагы 13 медицина кызматкери коронавируска кабылды

Кыргызстанда дагы 13 медицина кызматкери коронавируска кабылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирет. Анын айтымында, илдетке кабылгандар Санэпидем көзөмөл кызматынын жана Ош жугуштуу оорулар бейтапканасынын кичи кызматкерлери. Кошумчаласак, учурда Кыргызстан боюнча COVID-19 вирусуна кабылган дарыгерлердин жалпы саны 32ге жетти.