Электр энергиясы үзгүлтүккө учураган жерлерде калыбына келтирүү иштери аяктап калды

Электр энергиясы үзгүлтүккө учураган жерлерде калыбына келтирүү иштери аяктап калды. “Түндүк электр” ишканасынан novosti.kgге билдиришкендей, бүгүн эртең менен авариялык өчүрүү боюнча Жогорку Жал жашоочуларынан жана Ак-Босого, Ак-Өргө конуштарынын тургундары тарабынан билдирүү түштү. Аталган жерлерде иштер тынымсыз жүрүп жатат. Жакынкы убакта кесепеттер жоюлат. Белгилеп кетсек, кечээ… Кененирээк…

Алыскы калктуу конуштарда коммерциялык банктар көчмө кассаларын уюштурууда

Алыскы калктуу конуштарда коммерциялык банктар көчмө кассаларын уюштурууда. Бул тууралуу Улуттук банктын өкүлү Аида Карабаева билдирди. Маалыматка караганда, алыскы региондордо карталардан акча алуу мүмкүнчүлүгү жумушчу долбоор аркылуу ишке ашырылып жатат. Кошумчаласак, эми пенсия жана жөлөк пул алуучулар акчаларын карталардан алууда комиссия төлөбөйт. Ошондой эле «Кыргыз… Кененирээк…

Кыргызстанга Кытайдын эки фонду 255 миң долларлык жардам көрсөттү

Кыргызстанга Кытайдын эки фонду 255 миң долларлык жардам көрсөттү. Республикалык штабдан билдиришкендей, гуманитардык жардам коргонуу костюмдары, бет кап жана байланышсыз термометрден турат. Медициналык каражаттардын жүгү чартердик каттам аркылуу “Манас” аба майданына келип түштү. Мындан тышкары жакынкы арада өлкөгө Кытайдан дагы экспресс-тест жана жасалма дем алдыруучу… Кененирээк…

Япония Кыргызстанга 4 тез жардам унаа белекке берди

Япония Кыргызстанга 4 тез жардам унаа белекке берди. Аталган өлкөнүн республикадагы элчилигинен билдиришкендей, керектүү жабдуулары менен камсыздалган техниканын баасы 96 миң доллардан ашат. Эми унаалар Бишкек, Каракол жана Ошко кызмат кылат. Ошондой эле дагы тез жардам унааларын Кемин жана Ак-Суу райондук үй-бүлөлүк медицина борборлоруна тапшыруу… Кененирээк…

Баткен облусуна 585 тонна ун бөлүндү

Баткен облусуна мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 585 тонна ун бөлүндү. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. Ун Лейлек районуна жана Сүлүктү шаарынын тургундарына таратылды. Эми кийинки этапта Кадамжай району жана Кызыл-Кыя шаары турат. Материалдык резервден келген ун облустагы муктаж үй-бүлөлөргө таркатылып, анын бөлүштүрүүсүн атайын комиссия көзөмөлгө… Кененирээк…

Сауд Аравияга кыргызстандыктарды кичи ажылыкка жөнөткөн турфирмалардын жоопкерчилиги каралат

Сауд Аравияга кыргызстандыктарды кичи ажылыкка жөнөткөн турфирмалардын жоопкерчилиги каралат. Бул тууралуу түштүк жергесинин коменданты Малик Нурдинов билдирди. Кеп, СOVID-19 жуктуруп келген адамдар тууралу болуп жатат. Белгилеп кетсек, өлкөдө коронавирус алгачкы ирет умрага барып келгендерден аныкталган. Ошондой эле учурдагы бейтаптардын басымдуу бөлүгүн да зыяратка барып келгендер… Кененирээк…

Бишкек жана Чүй облусунда ундун максималдуу кымбат баасы жогорулады

Бишкек жана Чүй облусунда ундун максималдуу кымбат баасы жогорулады. Бул тууралуу Монополдукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан 24 агенттигине билдиришти. Маалыматка караганда, Бишкекте биринчи сорттогу унду жеке сатып алууда баасы 1 сомго кымбаттап 31 сом 50 тыйынды түздү. Ал эми Чүй облусунда ундун максималдуу баасы 32… Кененирээк…

Пенсионер жана жөлөк пул алуучулар карточкасы аркылуу акчасын алууда комиссия төлөбөйт

  Пенсионер жана жөлөк пул алуучулар карточкасы аркылуу акчасын алууда комиссия төлөбөйт. Тиешелүү токтомду Улуттук банктын кеңешмеси кабыл алды. Өзгөртүүлөргө ылайык, мамлекеттен пенсия, жөлөк пул алгандар кайсы коммерциялык банктан эсеп ачканына карабастан комиссия төлөөдөн бошотулат. Бул бардык банктардын POS-терминалдарына жана башка түзүмдөрүнө тиешелүү. Социалдык фонддун… Кененирээк…

Кытайдан келген гуманитардык жардам өлкөнүн түштүгүнө жөнөтүлдү

Кытайдан келген гуманитардык жардам өлкөнүн түштүгүнө жөнөтүлдү. Анда бир ирет колдонуучу костюмдар топтому, медициналык көз айнек, мээлей, бет кап жана бахила бар. Медициналык каражаттар Ош, Жалал-Абад, Ноокат, Сузак жана Ала-Буканын дарыгерлерине таратылды. Мындан тышкары 300гө жакын инфракызыл термометр дагы түштүк жергесине жиберилди.

Кыргызстанда коронавируска кабылуунун эң жогорку чеги качан болоору белгисиз

Кыргызстанда коронавируска кабылуунун эң жогорку чеги качан болоору белгисиз. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев билдирет. Анын айтымында, учурда бул маселенин үстүндө Кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун профессорлору, адистери иштеп жатат. Жакынкы арада эксперттер болжолдуу анализди аныктап, маалымат беришет. Эске салсак,… Кененирээк…