“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси алмашты

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси алмашты.   24 агенттигине ишканадан билдиришкендей, генералдык директор Канатбек Абдыкеримов ээлеген кызматынан кетип, анын ордуна Василий Дашков келди. Ал Абдыкеримовдун инвестиция жана курулуш тармагындагы орун басары болчу.

Бишкекте 5 обсерватория иштеп жатат

Бишкекте 5 обсерватория иштеп жатат. Бул тууралуу ордо калаа коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди. Анын айтымында, алар Улуттук онкология жана Мамакеев атындагы хирургия борборлорунда жана 3 мейманкада уюштурулган.   Обсервация — бул карантиндик жай. Ага чет мамлекеттен келген жана оорулуулар менен байланышта болгон, бирок вирус аныктала… Кененирээк…

Ошто жасалма өткөрмө кагазы боюнча 10 иш козголду

Ошто өзгөчө абал киргизилгенден бери жасалма өткөрмө кагазды жасаган 10 факт катталып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчиси, Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов билдирди.   Кыргызстанда коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош… Кененирээк…

Кытайлык фонддун гуманитардык жардамы эки шаар, үч районго берилди

Кытайлык миллиардер Жек Манын кайрымдуулук фондунун Кыргызстанга берген гуманитардык жардамы Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Ала-Бука жана Ноокат райондоруна жиберилди.   Медициналык каражаттардын калганы — беткаптар, коргоо кийимдери, термометрлер гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүү боюнча Саламакттык сактоо министрлигинде түзүлгөн комиссия аркылуу бөлүштүрөт. Алар кайсы жерде керек болсо… Кененирээк…

COVID-19 вирусу жуккан тогуз бейтаптын абалы оор

Республикалык штабдын маалыматына караганда, Кыргызстанда стационарда коронавирус жуктурган 290 киши жатат. Алардын ичинен тогузунун абалы оор, бешөө реанимацияда.   11-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус дагы 41 адамдан табылды. Ошентип, республика боюнча бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 339 кишиге жетти, каза болгондор — бешөө.   COVID-19 вирусу… Кененирээк…

Кыргызстан мектептерине 1-класска балдарды электрондук түрдө каттоо уланууда

Кыргызстан мектептерине 1-класска балдарды электрондук түрдө каттоо уланууда. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, карантин учурунда ата-энелер балдарын мектепке 1-класска электрондук түрдө каттай берсе болот.   Бирок 22-апрелге чейин арыздар каралбайт. Эске салсак, электрондук каттоо 15-февралда башталган.   Ата-энелер министрликтин сайтындагы “Статистика” деген бөлүмдөн ар бир… Кененирээк…

Түркияда жашоого уруксат кагазын узарта албай калган кыргызстандыктарга чара көрүлбөйт

Түркияда жашоого уруксат кагазын узарта албай калган кыргызстандыктарга чара көрүлбөйт. Стамбулдагы башкы консулдуктун маалыматына ылайык, коронавирустан улам виза аркылуу Түркиядан чыгып кете албай калгандарга айып салынбайт.   Мындай тартип аталган өлкөдө эпидемиологиялык абал жөнгө салынганча жана үзгүлтүксүз каттамдар калыбына келгенче күчүндө болот.

Кыргызстанда дагы 41 адамдан коронавирус аныкталды

  Кыргызстанда дагы 41 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.   Анын айтымында, Бишкекте 12, Чүй облусунда 3, Ош облусунда 18, Ош шаарында 6, Нарын облусунда 2 учур катталды. Алардын 22си аял, 19у эркек киши. Жаңы учурлардын арасында 12 медицина кызматкери бар.… Кененирээк…

Түркиянын айрым шаарларында коменданттык саат жарыяланды

Түркиянын ички иштер министрлиги коронавирустун өлкөдө тез жайылышынан улам 11-12-апрелде өлкөнүн 31 ири шаарында жарандардын көчөгө чыгуусуна тыюу салынды.   48 саат бою Стамбул, Анкара, Измир, Анталия жана башка чоң шаарларда жарандарга дарыканаларга гана барууга уруксат берилет. Коменданттык саат кирген 31 шаарда 64 миллиондон ашуун… Кененирээк…

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин атайын эсебине 7 миллион сомдон ашык чогулду

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин атайын эсебине 7 миллион сомдон ашык чогулду. Бул тууралуу ведомствонун сайтында маалымдалат. Каражат аз камсыздалган үй-бүлөлөргө азык-түлүк алып берүүгө жумшалат.   Атайын комиссиянын чечими менен, сумманын бир бөлүгү Чүй облусунун өкүлчүлүгүнө жана Бишкек шаарынын мэриясына гуманитардык жардам көрсөтүүгө бөлүнөт.