Өкмөт мигранттарды алып келүүнүн бардык жолдорун караштырып жатат

Өкмөт мигранттарды алып келүүнүн бардык жолдорун караштырып жатат. Биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов билдиргендей, Новосибирсктен кыргызстандыктарды алып келүүгө сүйлөшүлгөн учак акыркы сааттарда экипажы макулдук бербей, учпай калды. Усть-Каменогорскиге атайын автобус жиберилген. Бирок Илецкиге жыйылган мекендештерди өткөрүүгө Казакстандын бийлиги уруксат берген жок. Расмий маалыматтар боюнча учурда… Кененирээк…

Бишкектин көчөлөрүн капиталдык ондоп-түзөө уланууда

Бишкектин көчөлөрүн капиталдык ондоп-түзөө уланууда. Мэриядан билдиришкендей, учурда иштер Түлөбердиев жана Көкчетавская көчөлөрүндө жүрүп жатат. Тилкеде “Бишкек асфальт сервис” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери асфальт төшөп, жээктерди орнотуп, жол чийиндерин жаңыртышууда. Мэриядан белгилешкендей, ушул жылы жолдорду капиталдык оңдоп-түзөө боюнча  тутулдук тизмеде 29 көчө бар.

Россия Кыргызстанга 200 топтом тест-система берет

Россия Кыргызстанга 200 топтом тест-система берет. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет. Ага караганда, коронавирусту аныктоочу медициналык жабдуулар Кыргызстанга жардам иретинде бекер берилип, эртең өлкөгө жеткирилет. Аны менен коронавирусту аныктоо үчүн 20 миң анализ алууга мүмкүн. Эске салсак, буга чейин биздин өлкөгө Кытай жана Япония… Кененирээк…

Биздин өлкөгө Кытайдан 15 дарыгер келет

Биздин өлкөгө Кытайдан 15 дарыгер келет. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди. Анын айтымында, учурда Тышкы иштер министрлигинин деңгээлинде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Медицина кызматкерлери качан келе турган датасы жакынкы арада айтылат. Белгилеп кетсек, 20 күн мурда Кыргызстан коронавирус менен күрөшүү үчүн кытайлык дарыгерлерден жардам сураган.

Кийинки жумадан тартып COVID-19 вирусуна карата массалык текшерүүлөр башталат

Саламаттыкты сактоо министрлиги кийинки жумадан тартып COVID-19 вирусуна карата массалык текшерүүлөрдү баштоону пландады. Министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдиргендей, бул үчүн жеке лабораториялардын бири мамлекеттик вирусологиялык лаборатория менен иш алып барат. Үсөнбаев белгилегендей, калктын айтым категориядагы жарандарынан анализ акысыз алынат. Ал эми катардагы адамдар акча… Кененирээк…

Өлкөдө карантин аяктаганга чейин ачылбай турган объектилердин тизмеси

Республикалык штаб өлкөдө карантин аяктаганга чейин ачылбай турган объектилердин тизмесин түздү. Маалым болгондой, бардык билим берүү мекемелери окутууларды дистанттык нег  изде уланта берет. Оюн-зоок мекемелер, соода борбор, дүкөн, ири базар, кафе-ресторан, түнкү жана оюн клубтары, театр, музей жана кинотеатрлар ачылбайт. Ошол эле учурда азык-түлүк дүкөндөрү… Кененирээк…

Ат-Башы районунда үч мектеп жана эки бала бакча обсервацияга берилди

Ат-Башы районунда үч мектеп жана эки бала бакча обсервацияга берилди. “Акипресске” район акими Нурбек Сатаров билдиргендей, мекемелерде бардык шарттар түзүлдү. Оорунун очогу болгон айылдар жана вирус аныкталгандардын үйү толугу менен дезинфекцияланды. Санитардык тазалоо иштери тынбай жүргүзүлүп жатат. Хлор, антисептик жана башкалар жетиштүү, болгону респираторлордо тартыштык… Кененирээк…

Газга тарифтер кайра төмөндөйт

Газга тарифтер кайра төмөндөйт. Макулдашуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен “Газпром Кыргызстан” компаниянын башкы директору Болот Абилдаевдин сүйлөшүүлөрүнөн кийин жетишилди. Белгилеп кетсек, буга чейин калк үчүн газдын бир кубометринин баасы 2 сом 30 тыйынга, бизнес үчүн 2 сом 60 тыйынга жогорулатылаары маалым болгон. Тарифтердин кымбатташы доллар… Кененирээк…

16-апрелден тартып өткөрмө кагаздар электронук түрдө гана берилет

16-апрелден тартып өткөрмө кагаздар электронук түрдө гана берилет. Бул тууралуу ордо калаа коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди. Анын айтымында, 15-апрелге чейин берилген өткөрмө кагаздар эми буйруктун негизинде автоматтык түрдө узартылат. Ал эми жаңы уруксат кагаздарын алууну каалагандардын арыздары онлайн режимде кабыл алынат. Бул боюнча маселе жаралбайт,… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 4 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 4 адам коронавирустан айыкты. Алар Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука аймактык ооруканасынан чыгарылды, — деди Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев. Маалыматка ылайык, бейтаптардан COVID-19 вирусуна кайталанып жасалган анализдердин жыйынтыгы таза чыкты. Ал эми республика боюнча коронавирустан айыккандардын жалпы саны 71 адамга жетти.