Кыргызстанда дары-дармек бааларынын жогорку чеги белгиленет

Кыргызстанда дары-дармек бааларынын жогорку чеги белгиленет. Бул тууралуу Фармацевтикалык кеӊештин төрагасы Эрнис Асанов билдирди. Анын айтымында, белгиленген чектен кымбат болгон учурда жарандар каржы полициясына жана дары-дармек менен камсыздоо департаментине кайрылса болот. Эске салсак, буга чейин республикада медициналык каражаттар 20 пайыга чейин кымбатаганы маалым болгон.

Өзгөчө абал киргизилген аймактарда талаптар жумшартылат

Өзгөчө абал киргизилген аймактарда талаптар жумшартылат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков билдириди. Анын айтымында, айрым объектилердин ишине уруксат берүү сунуштары даярдалууда. Белгилеп кетсек, буга чейин республикалык ыкчам штаб өзгөчө абал режии аяктаганга чейин ачылбай турган мекемелердин тизмесин жарыялаган болчу.

Кыргызстанда дары-дармек 20 пайызга кымбаттады

Кыргызстанда дары-дармек 20 пайызга кымбаттады. Бул тууралуу Фармацевтикалык кеӊештин төрагасы Эрнис Асанов билдирди. Анын айтымында, медициналык каражаттардын кымбатташы чек ара жана аба каттамдардын жабылганына байланыштуу. Ошондой эле өлкөдө доллардын курсу жогорулаганы себеп. Асанов белгилегендей, република боюнча дары-дармектер жетиштүү деңгээлде жана баалардын жогорулашы убактылуу. Чек аралар… Кененирээк…

WhatsApp Zoom тиркемесине теңелүү жолунда

WhatsApp Zoom тиркемесине теңелүү жолунда. Мессенджер эми массалык видео чалууларды ишке ашырат. Учурда WhatsAppтан бир учурда төрт гана адам сүйлөшө алат. Тиркемени иштеп чыгуучулар аны 19га жеткирет. Жаңы фукция качан иштеп баштаары белгисиз. Белгилеп кетсек, учурда адамдар изоляцияга алынгандан бери көптөр видео чалууларды активдүү жүргүзүп… Кененирээк…

Ат-Башы району дельталёт менен дезинфекцияланат

Ат-Башы району дельталёт менен дезинфекцияланат. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмилбек Алымкулов билдирди. Анын айтымында, учурда облустун бардык айылдарында санитардык-тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат. Ал эми учуучу аппараттар менен камсыздоону Айыл чарба министрлиги моюнуна алды. Белгилеп кетсек, Нарын облусунда 68 адамдан вирус аныкталды. Алардын басымдуу… Кененирээк…

Каттоо мөөнөтү өткөн чет өлкөлүктөргө карантин учурунда айып салынбайт

Каттоо мөөнөтү өткөн чет өлкөлүктөргө карантин учурунда айып салынбайт. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет. Маалыматка караганда, өзгөчө абал режими киргизилген аймактарда калкты тейлөө борборлору убактылуу жабылды. Мындан улам чет элдик жарандар өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режими аяктагандан кийин, документтерин узартса болот.

Стамбулдан келген 16 жаран обсервацияга алынды

Стамбулдан келген 16 жаран обсервацияга алынды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, алар Ысык-Көл облусунун тургундары болгондуктан, аталган аймакка жеткирилет. Эске салсак, Түркиядан жалпысынан 211 биздин өлкөнүн жарандары учуп келди, алардын 198инин анализи таза чыкты. Белгилеп кетсек, аталган өлкөдөн… Кененирээк…

Польшадан келген медициналык топ Бишкекте иштеп баштады

Польшадан келген медициналык топ Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында иштеп баштады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Эске салсак, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун линиясы боюнча Польшадан 8 медициналык кызматкерден турган топ келди. Дарыгерлер Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында коронавирус инфекциясына каршы… Кененирээк…

Нью-Йоркто өзгөчө ыкма менен үйлөнүүгө уруксаат берилди

Нью-Йоркто өзгөчө ыкма менен үйлөнүүгө уруксаат берилди. Губернатор Эндрю Куомо тургундарга видео аркылуу аралыктан үйлөнүүгө уруксат бергенин Твиттердеги баракчасы аркылуу билдирди. Жарлыкка ылайык, үйлөнүү жөрөлгөсүн аралыктан өткөрүп жана нике күбөлүгүн алууга болот. Ошоной эле Куомо Америкада оорунун эң жогорку деңгээли артта калганын билдирди. Анын айтымында,… Кененирээк…

Кыргызстандын Түркиядагы жарандарын мекенге кайтаруу иштери уланууда

Кыргызстандын Түркиядагы жарандарын мекенге кайтаруу иштери уланууда. Стамбулдагы башкы консулдуктун маалыматында, учурда Түркиядагы дипломатиялык кызматтар жарандардын тизмесин түзүп жатат. Мындан улам үйүнө кетүүнү калаалаган кыргызстандыктар дароо эле аталган кызматтарга түз байланышка чыгышы керек. Консулдуктан белгилешкендей, соцтармактардагы башка уюмдар жана топтор чартердик каттамдарды уюштурууга жана жүргүнчүлөрдүн… Кененирээк…