Кыргызстанда төрт жарым миң медицина кызматкерине 28 миллион сом кошумча каражат берилди

Кыргызстанда төрт жарым миң медицина кызматкерине 28 миллион сом кошумча каражат берилди. Вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдиргендей, медицина кызматкерлеринин марттагы айлыгына кошумча төлөм үчүн 38 жарым миллион сом бөлүнгөн. Учурда акчаларды таратуу уланып жатат.  Ал эми апрель айы үчүн сый акы катары 132 миллион сом каралууда.… Кененирээк…

Ош шаарында үй-бүлөсүнө вирус жугузган адамга иш козголду

Ош шаарында үй-бүлөсүнө вирус жугузган адамга иш козголду. Бул тууралуу түштук жергенсинин коменданты Малик Нурдинов билдирди. Анын айтымында, коронавирус аныкталган жаран Россиядан ушул айда келген. Ал медициналык кароодон өтпөй, үй-бүлөсүнө жана башка 10 адамга илдетти жугузганы тастыкталды. Учурда бадыгы обсервацияда. Маликов белгилегендей, коронавируска кабылганын жашырып,… Кененирээк…

Жалал-Абад шаарында сел жүрүүнүн алдын алуу иштери аткарылууда

Жалал-Абад шаарында сел жүрүүнүн алдын алуу иштери аткарылууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, калаанын коммуналдык чарба департаменти эң кооптуу аймактарды тактады. Учурда узундугу 15 чакырымдан ашкан Манас көчөсүнүн боюндагы жана Сел-Арык, Чөкө-Арык, Хан-Арык каналдары тазаланып жатат. Бул багытта калаа казынасынан атайы каражат бөлүндү.

Түркиядан учуп келген 211 жаран үй карантинине чыгарылды

Түркиядан учуп келген 211 жаран үй карантинине чыгарылды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, аларга карата лабораториялык иштер жүргүзүлүп, анкета толтурулду. Жыйынтыгы чыккандан кийин жарандардын телефонуна кошумча тиркеме жүктөлүп, үйлөрүнө жеткирилди. Эске салсак, буга чейин изоляцияга алынган жарандар аралыктан… Кененирээк…

Бишкек ЖЭБин кийинки кышка даярдоо иши мөөнөтүнөн кечиктирилбей жүргүзүлөт

Бишкек ЖЭБин кийинки кышка даярдоо иши мөөнөтүнөн кечиктирилбей жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Улуттук энергохолдинг» ишканасынын басма сөз катчысы Азамат Курамаев «Азаттыкка» билдирди. Анын айтмында,  ордо калаада ысык сууну өчүрүү боюнча мэрдин буйругу чыгары менен адистер ишке киришет. Буга чейин өзгөчө абалдан улам электр энергиясы үчүн акча… Кененирээк…

Данияда чач-тарачка жазылгандардын кезеги үч жума созулду

Данияда чач-тарачка жазылгандардын кезеги үч жума созулду. Өлкөдө бир ай мурда коронавируска байланыштуу киргизген чектөөлөрдүн айрымдарын алгандан кийин сулуулук салондору ачылганын ВВС билдирди. Маалыматка караганда, чач-тарачка келген ар бир кардардан кийин мекеме толук түрдө тазалоо иштерин жүргүзөт. Отурган орундук, бардык шаймандар, эшиктин туткасы дезинфекцияланууда. Кошумчаласак, Данияда… Кененирээк…

Бишкекте «Тулпар» электрондук картасын берүү убактылуу токтоду

Бишкекте «Тулпар» электрондук картасын берүү убактылуу токтоду. Мэриядан билдиришкендей, бул коомдук унаалар жүрбөй жаткандыгына байланыштуу. Белгилеп кетсек, Бишкекте 1-марттан тарта «Тулпар» электрондук төлөм системасы иштей баштаган. Тагыраагы, жүргүнчүлөр автобус менен троллейбустарга киргенде жол кирени акчалай эмес, карта аркылуу төлөп жаткан. Ал эми коомдук унаалар өзгөчө… Кененирээк…

Түркиядан келүүүнү каалаган кыргызстандыктар үчүн дагы бир каттам уюштурат

Түркиядан келүүүнү каалаган кыргызстандыктар үчүн дагы бир каттам уюштурат. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 24-апрелде чартердик каттам ишке ашат. Жарандарды алып келүү элчиликте жана консулдуктарда март айынан бери түзүлүп жаткан тизмеге ылайык жүрүзүлөт. Эске салсак, 17-апрелде өлкөгө Түркиядан кайта албай жаткан 500гө жакын мекендештин 212си Бишкекке жеткирилди.

Белорус бийлиги 9-майда парад өткөрүү ниетинен кайтпайт

Белорус бийлиги 9-майда парад өткөрүү ниетинен кайтпайт. Коргоо министрлигинен билдиришкендей, өлкөдөгү эпидемиалогиялык абал буга мүмкүнчүлүк берет. Эске салсак, буга чейин Минск шаарынын бийлиги 9-майда өтүүчү парадды жылдыруу же токтотуу болбойт, деп билдирген. Белорус учурда европа өлкөлөрү арасында каранти н киргизилбеген, массалык иш-чараларга чектөө койбогон мамлекеттердин… Кененирээк…

Бишкекте №17 үй-бүлөлүк медицина борборунан башкасынын баары иштеп жатат

Бишкекте №17 үй-бүлөлүк медицина борборунан башкасынын баары иштеп жатат. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Буга чейин Чоң-Арыктагы №17 бейтапкана дезинфекциялоо иштерине байланыштуу жабылганы айтылган. Буга аталган медициналык мекеменин төрт кызматкеринен коронавирус аныкталганы себеп. Бейтаптар менен байланышта болгондор обсервацияга алынды.