Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата Жалал-Абаддагы ардагерлерге 75 миң сомдон берилди

Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата Жалал-Абаддагы ардагерлерге 75 миң сомдон берилди. Калаа мэриясынан билдиришкендей, аймактагы алты согуштун катышуучусуна республикалык бюджеттен бөлүнгөн 75 миң сомдон тапшырылды. Андан тышкары, жергиликтүү бюджеттин эсебинен бир кап ун жана азыктар берилди. Эске салсак, Улуу жеңиш күнүнө карата ар бир ардагерге… Кененирээк…

Кымбат сатууга болбой турган азык-түлүктөрдүн тизмеси кеңейет

Кымбат сатууга болбой турган азык-түлүктөрдүн тизмеси кеңейет. Бул тууралуу Монополдукка каршы мамлекеттик агенттигинин директору Шухрат Сабиров билдирет. Тизмеге балык, чай, туз, гречка, буудай, пияз, сабиз, бадыраң, помидор, сарымсак, алма кирди. Жакында аталган азык-түлүктөрдүн ар бирине орточо баа бекитилет. Эске салсак, өлкөдө коронавирус жайылгандан бери агенттик… Кененирээк…

Бишкек- Кара-Балта жолунун курулушу уланат

Бишкек- Кара-Балта жолунун курулушу уланат. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдиргендей, өлкөдө карантин аяктагандан кийин трассада кыймылдар көбөйөт. Андыктан маанилүү иштерди учурда бүтүрүү зарыл. Белгилеп кетсек, аталган тилкенин курулушу учурда 45 пайызга аяктады. Долбоордун жалпы суммасы 31 миллион долларды түзөт.

Кыргызстанда азык-түлүк баалары кескин түрдө кымбаттабайт

Кыргызстанда азык-түлүк баалары кескин түрдө кымбаттабайт. Бул тууралуу Монополдукка каршы мамлекеттик агенттигинин директору Шухрат Сабиров билдирди. Анын айтымында, азык-түлүктүн 11 түрүнө бирдиктүү баа киргизилген. Баалар жогоруласа да анчалык көп кымбаттабайт, бул үчүн күн сайын сатуу түйүндөрүнө мониторинг жүргүзүлүп жатат. Ал эми арым товардын кымбатташы доллардын… Кененирээк…

Чилиде коронавирустан айыккандарга атайы папорт берилет

Чилиде коронавирустан айыккандарга атайы папорт берилет. Дүйнөдө биринчи болуп «иммундук паспорт»  алуучулар мурдагы жумушуна кайра иштей алышаарын «Washington Post» жарыялады. Ошондой эле калкты жапырт тесттен өткөрүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн соң оорунун симптомдору аныкталбаган адамдар да аталган паспортту алууга арыз бере алышат. Түштүк Америкадагы бул өлкөдө жаңы… Кененирээк…

Коронавирус пандемиясынан улам массалык ачкачылык пайда болушу мүмкүн

Коронавирус пандемиясынан улам массалык ачкачылык пайда болушу мүмкүн. Мындай алдын ала маалыматты Бириккен Улуттар Уюму билдирүүдө. Анын Азык-түлүк боюнча дүйнөлүк программасынын аткаруучу директору Дэвид Бизли билдиргендей, үстүбүздөгү жылдын аягына чейин азык-түлүккө муктаж адамдардын саны 265 миллионго жетиши ыктымал. Бул көрсөткүч өткөн жылдан эки эсеге көп.… Кененирээк…

Баткен шаарында таза суу долбоору 72 пайызга аткарылды

Баткен шаарында таза суу долбоору 72 пайызга аткарылды. Аймактын жетекчилигинен “Акипресске” билдиришкендей, Сары-Таш суу тундуруучу жайын реабилитациялоо үчүн 100 миң евро каралган. Долбоор өкмөт менен Европа өнүктүрүү банкынын ортосунда макулдашылган. Долбоордун биринчи этабында Баткен шаарында эки миң үй-бүлө жашаган аймактын суу системасы толугу менен жаңыланып,… Кененирээк…

Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчётту 1-июлга чейин берсе болот

Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчётту 1-июлга чейин берсе болот. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 1-мартынан 31-майына чейинки отчёттук мезгил учурунда төлөнбөй калган каражат үчүн туум эсептелбейт. Бул чаралар коронавирус илдетин жайылтпоо үчүн киргизилген чектөөлөр учурунда экономикалык субъектилерге колдоо көрсөтүү максатында жасалып жатат.

Чет өлкөдөн 526 кыргызстандык мекенге кайтып келет

Чет өлкөдөн 526 кыргызстандык мекенге кайтып келет. Аларды тосуп алуу, текшерүү жана обсервацияга жайгаштыруу маселелери талкууланды, деди биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов. Анын айтымында, бүгүн Новосибирск шаарынан учак менен 176 кыргызстандык келет. Ал эми 24-апрелде Стамбул-Бишкек чартердик каттамы менен 350 жаран келери пландалды. Алардын бардыгы Бишкекте… Кененирээк…

АКШда тез татым ресторандар тармагы бузулган тамак үчүн 25 миллион доллар айыпка жыгылды

АКШда тез татым ресторандар тармагы бузулган тамак үчүн 25 миллион доллар айыпка жыгылды. РИА Новости билдиргендей, аларга Юстиция министрлиги үч жыл ичиндеги тамактан уулангандарды эсептеп чыгып, күнөө такты. Эскирген тамак жеп алган бир миңден ашык адамдын тамак сиңирүү органдары жабыркаган. Кошумчаласак, АКШ жашоочусу бир жумада… Кененирээк…