Польшалык дарыгерлер тобу Ош жана Жалал-Абадга жөнөтүлөт

Польшалык дарыгерлер тобу Ош жана Жалал-Абадга жөнөтүлөт. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, чет өлкөлүк дарыгерлер тобу Бишкекте ишин аяктады. Алар төрт күн бою Республикалык клиникалык ооруканасында болуп, бейтаптарды көзөмөлгө алышты. Эске салсак, Кыргызстанга 19-апрелде Польшадан сегиз дарыгер келген. Алар биздин өлкодөгү кесиптештерине коронавируска каршы күрөшүүгө жаржам… Кененирээк…

Кийинки жумада коронавируска карата үймө-үй текшерүү жүрөт

Кийинки жумада коронавируска карата үймө-үй текшерүү жүрөт. Басым жаңы конуштарга жасалат, — деди биринчи вице премьер министр Кубатбек Боронов. Анын айтымында, бир жума аралыгында илдет жуктуруп алгандар менен билбей байланышта болгондорго же алар менен байланышта болгонун билип туруп жашыргандарды аныктоо боюнча эпидемиологиялык иликтөөлөр жүргүзүлөт. Өзгөчө… Кененирээк…

Улуу Британияда коронавируска каршы вакцинанын клиникалык сыноосу башталды

Улуу Британияда коронавируска каршы вакцинанын клиникалык сыноосу башталды. Аны  Оксфорд университетинин окумуштуулары иштеп чыкты. Сыноого өлкөнүн миңден ашык ыктыярчы катышат. Изилдөөчүлөр тесттердин жыйынтыгы жарым жылдын ичинде даяр болорун билдиришүүдө. Дүйнөдө COVID-19га каршы вакцина иштеп чыгуу менен ондогон лаборатория алектенип жатат. Ушул жуманын башында Германияда ыктыярчыларга… Кененирээк…

Кыргызстанда дарыгерлерге апрель айында сый акы берүүгө 132 миллион сом каралууда

Кыргызстанда дарыгерлерге апрель айында сый акы берүүгө 132 миллион сом каралууда. Вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдиргендей, өткөн айда дарыгерлердин айлыгына кошумча төлөм үчүн 38 жарым миллион сом бөлүнгөн. Эске салсак, коронавирус менен күрөшүп жаткан беш жарым миң медицина кызматкерлерине жөлөк пул катары 48 миң сомго чейин… Кененирээк…

Бишкекте айдоочу жети унааны кырсыкка учуратты

Бишкекте айдоочу жети унааны кырсыкка учуратты. Ордо калаа комендатурасынан билдиришкендей, авария түндө Каралаев жана Куттубаев көчөлөр кесилишинде катталды. 31 жаштагы айдоочу каттуу ылдамдык менен келе жатып, рулду башкара албай токтоп турган унааларды кезип өттү. Жыйынтыгында эки адам жабыр тартты. Аталган факты кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү… Кененирээк…

Республикада өзгөчө абал режими узартылса айрым объектилердин ишине уруксаат берилет

Республикада өзгөчө абал режими узартылса айрым объектилердин ишине уруксаат берилет. Бул тууралуу Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди. Ал белгилегендей, кеп, күнүмдүк акча табуучу жумуштар тууралуу болуп жатат. Карантин узартылса курулуш, унаа оңдоочу жана желимдөөчү жайлар, ошондой эле такси кызматтары ишке кирет. Бирок алардын карантин режимин… Кененирээк…

Бишкекте ден-соолук сейил багы курулат

Бишкекте ден-соолук сейил багы курулат. Мэриянын маалыматына ылайык, ал Айтматов проспектисинин боюнда, мурдагы сүйүү багынын ордунда жайгашат. Сквердин жалпы аянты 10 гектарды түзөт. Учурда “Бишке асфальт сервис” ишканасынын кызматкерлери тротуар жөөктөрүн, отургучтарды жайгаштырууда. Ошондой эле ирригациялык тармактар орнотулуп, асфальт жана таман таш салууга даярдык жүрүп… Кененирээк…

Швейцария кыргызстандагы социалдык мекемелер үчүн 196 жарым миң доллар бөлдү

Швейцария кыргызстандагы социалдык мекемелер үчүн 196 жарым миң доллар бөлдү. Бириккен Улуттар Уюмунун өлкөдөгү Азык-түлүк программасынын маалыматында, бул каражат Кыргызстандагы 22 социалдык мекемеге жана мектеп-интернаттарына азык-түлүк алып берүүгө жумшалат. Жардамдын негизинде ар бир адамдын рационуна 75 киллограм ун жана 8 литр май бөлүнөт. Бул үч… Кененирээк…

Түркиядан учуп келгендер Бишкектеги үч обсервацияга жайгаштырылды

Түркиядан учуп келгендер Бишкектеги үч обсервацияга жайгаштырылды. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, чартердик каттам менен жеткирилген 351 мекендеш Бишкектеги “Манас” эл аралык аба майданына конду. Дипломаттар түзгөн тизме боюнча жеңилдик биринчи кезекте жашы улгайган жана ден-соолугунан көйгөйү бар адамдарга, жаш балдар, аялдарга берилди. Эске салсак, буга… Кененирээк…

Кыргызстанда өзгөчө абал режими аяктаса да бир топ чектөөлөр алынбайт

Кыргызстанда өзгөчө абал режими аяктаса да бир топ чектөөлөр алынбайт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирет. Анын айтымында, экономиканы жандантуу максатында айрым ишканалар ачыла баштайт. Объектилер санитардык нормаларды туура сактоосу көзөмөлгө алынат. Үсөнбаев белгилегендей, жарандардын көчөдө жүрүүсү көп катталууда. Карантин режиминде… Кененирээк…