Телеграм мессенджеринде видео чалуулар жеткиликтүү болот

Телеграм мессенджеринде видео чалуулар жеткиликтүү болот. Тиркеменин негиздөөчүсү Павел Дуров билдиргендей, видео байланыш функциясы ушул жылдын аягына чейин ишке кирет.   Учурда адистер коопсуз видео чалууларды түзүү үстүндө иштеп жатат.

Аз камсыздалган үй-бүлөлөргө 7 миң тоннага жакын ун берилди

Аз камсыздалган үй-бүлөлөргө 7 миң тоннага жакын ун берилди. Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө унду бөлүштүрүү иштери атайын түзүлгөн комиссиянын чечиминин негизинде жүрдү.   Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана буудай менен ундун запасын камдоо максатында Россиянын азык-түлүк корпорациясы менен 33 миң тонна… Кененирээк…

Айрым мамлекеттик мекемелер эс алуу күндөрү дагы иштейт

Айрым мамлекеттик мекемелер эс алуу күндөрү дагы иштейт. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.   Мындай чечим коронавирустун мындан ары жайылышына жол бербөө боюнча иш-аракеттерге жана экономикалык багыттын туруктуу иштешин камсыз кылуу үчүн кабыл алынды. Вирус менен күрөшүүдө бийлик органдары эс алуу жана майрам… Кененирээк…

Ысык-Көл менен Ошто жер титиреди

Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 25-апрелда Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү беш баллга жеткен жер титирөө болду. Жер титирөө Тоң районунун Туура-Суу, Оттук айылдарында беш балл, Бар-Булак, Шор-Булак, Кара-Талаа, Ак-Өлөң айылдарында төрт балл, Эшперов, Тогуз-Булак, Төрт-Күл, Темир-Канат айылдарында үч балл жана Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Тоо,… Кененирээк…

Кыргызстанда сутка ичинде 23 бейтап коронавирустан айыгып ооруканадан чыгарылды

Кыргызстанда сутка ичинде 23 бейтап коронавирустан айыгып ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, республикада ушуну менен коронавирустан айыккандардын саны 345ке жетти. Белгилеп кетсек, бүгүн вирус жуктурган 9 жаңы учур катталды. Ал эми жалпысынан Кыргызстанда 665 адам вируска кабылса, 8и… Кененирээк…