Бишкекте 1-майдан тартып суу оргумалары ишке кирет

Бишкекте 1-майдан тартып суу оргумалары ишке кирет. Мэриядан novosti.kgге билдиришкендей, буга чейин “Тазалыктын” кызматкерлери фонтан комплекстерин ирээтке келтиришкен. Суу оргумалары жыл сайын жаздын акыркы айында ордо калаа тургундарын кубандырып баштайт. Салтка айлангандай быйыл да өз убагынан кечиктирилбей жалпы 16 фонтандык комплекс иштеп баштайт.

Жүк ташыган айдоочуларды COVID-19 вирусуна текшерүү күчөтүлдү

Жүк ташыган айдоочуларды COVID-19 вирусуна текшерүү күчөтүлдү. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, чет өлкөлөрдөн келген айдоочулар коронавирус илдетин аныктоого тапшырган анализдери толук чыкмайынча обсервацияда болушат. Алардын өлкөгө киришин жана андан аркы багытын көзөмөлдөө алгоритмин жакшыртуу милдети тиешелүү мамлекеттик органдарга жүктөлдү. Белгилеп кетсек, буга чейин Ош шаарында,… Кененирээк…

Санкт-Петербургда “таттуу сүйүүчү” уурулары изделип жатат

Санкт-Петербургда “таттуу сүйүүчү” уурулары изделип жатат. Бул тууралуу сатуу түйүндөрүнүн биринин директору полицияга кайрылды. Дүкөн ээсинин айтымында, карактоочулар күндүз эле шоколад плитасынын 80 даанасын жана сегиз куту конфетти алып кетишкен. Товарга акча төлөбөй алып кеткендер эки адам экени белгилүү болду. Учурда кылмыш ишин ачуу боюнча… Кененирээк…

Кыргызстанда 1-майдан тартып мамлекеттик ипотекалык насыянын пайызы төмөндөйт

Кыргызстанда 1-майдан тартып мамлекеттик ипотекалык насыянын пайызы төмөндөйт. Кеп, турак жай программасынын алкагында 2018-жылдын 1-ноябрына чейин берилген бардык ипотекалык насыялар тууралуу болуп жатат. Насыя чендери баштапкы төгүмдүн көлөмүнө жараша 7 – 9 пайызга чейин төмөндөйт. Мындан тышкары, «Жеке турак жай куруу» механизми боюнча берилген насыялардын… Кененирээк…

Өлкөнүн айрым аймактарына өзгөчө абал режими киргизилгенден тартып, муктаж үй-бүлөлөргө 7 миң тонна ун таратылды

Өлкөнүн айрым аймактарына өзгөчө абал режими киргизилгенден тартып, муктаж үй-бүлөлөргө 7 миң тонна ун таратылды. Ал мамлекеттик резервдер фондунан бөлүндү, — дешти өкмөттүн маалымат бөлүмүнөн. Мамлекеттен бөлүнгөн ундун көбүрөөк бөлүгү Жалал-Абад облусуна 2 миң тоннадан ашык жана Ош облусуна бир миң 705 тоннасы туура келди.… Кененирээк…

Ош облусунда коронавируска кабылгандар менен байланышта болгондорду текшерүү башталды

Ош облусунда коронавируска кабылгандар менен байланышта болгондорду текшерүү башталды. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Ноокат, Өзгөн, Кара-Суу жана Чоң-Алай райондорунда медицина кызматкерлеринин тобу иштеп жатат. Дарыгерлер жарандардын карантин режимин сактоосун жана дене табын текшерип, ПРЦ анализ жүргүзүп жатышат. Белгилеп кетсек, илдетти көп жугузгандар боюнча Ош облусу… Кененирээк…

2020-жыл эң ысык беш жылдын катарына кириши ыктымал

2020-жыл эң ысык беш жылдын катарына кириши ыктымал. Бул тууралуу Россиянын Гидромет борбору билдирет. Климатологдор кийинки беш жылдык да аптаптуу болорун болжолдоп жатышат. Акыркы беш жылдан бери абанын температурасы көтөрүлүп келе жатат. Бул атмосферада парник газдарынын көбөйүшү менен байланышкан глобалдуу жылуулуктун таасири. Окумуштуулар белгилешкендей, кеп,… Кененирээк…

Дистанттык окутуу формасы жаңы окуу жылында да колдонулат

Дистанттык окутуу формасы жаңы окуу жылында да колдонулат. Билим берүү министри Каныбек Исаков билдиргендей, жаңы окуу жылынан тарта окуучулар үчүн ар бир багыт боюнча билим берүү порталдарындагы окуу материалдар менен таанышууга мүмкүнчүлүктөр ачылат. PISA менен ЖРТга даярдоо боюнча мугалимдер жана окуучулар үчүн онлайн-сабактар сунушталат. Ошондой… Кененирээк…

Быйыл Ошто бүтүрүү кечелери өткөрүлбөйт

Быйыл Ошто бүтүрүү кечелери өткөрүлбөйт. Бул тууралуу Ош шаары жана Кара-Суу, Ноокат райондору боюнча комендант Малик Нурдинов билдирди. Анын айтымында, окуучулар дистанттык окутуу формасына өткөндүктөн, мекептер да жабык турат. Быйыл 10 жана 20 жылдык өткөрүү кечелери уюштурулбайт, — деди Маликов. Буга көп адам чогулган жерлерде… Кененирээк…

Кыргызстанда кайталанып коронавирус жуккан учур каттала элек

Кыргызстанда кайталанып коронавирус жуккан учур каттала элек. Эпидемиологиялык изилдөө иштери уланып жатат, — деди Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев. Анын айтымында, COVID-19 илдети аныкталгандар менен 2 миң 753 адам байланышта болгон. Учурда обсервацияда бир миңден ашык адам жатат. Белгилеп кетсек, Республикада коронавируска чалдыккандар 695… Кененирээк…