Өлкөдө күйүүчү майдын баасын этап менен төмөндөтүү уланууда

Өлкөдө күйүүчү майдын баасын этап менен төмөндөтүү уланууда. Өкмөттүн аппаратынан билдиришкендей, жакынкы арада күйүүчү майдын чекене наркы 2 сомго төмөндөтүлөт. Чечим тиешелүү мамлекеттик органдар менен өлкөнүн Мунай ташуучулар ассоциациясы менен сүйлөшүүдө кабыл алынды. Ушул жылдын төрт айында республика боюнча бензиндин чекене баасы 2 сом 80… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавируту аныктоочу тесттер дагы сатылып алынат

Кыргызстанда коронавируту аныктоочу тесттер дагы сатылып алынат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. Буга чейин 123 миң экспресс-тест алынган. Медициналык жабдуулар бюджеттин эсебинен, эл аралык уюм, жарандар жана ишкерлердин жардамы менен камсыздалды. Анын жарымынан көбү колдонулду. Жакында бул тесттерден 100 миңди сатып алабыз. Өлкөдө мындан… Кененирээк…

Cтуденттерге контракт төлөө боюнча жеңилдиктер берилди

Cтуденттерге контракт төлөө боюнча жеңилдиктер берилди. Билим берүү министри Каныбек Исаков билдиргендей, студенттерден контракт төлөөсүн талап кылган фактылар көп катталууда. Учурда ар бир ЖОЖдун ректоруна, кесиптик техникумдун жетекчилерине сунуш кат жиберилди. Окуу жайларда социалдык комиссия түзүлүп, студенттин каржы мүмкүнчүлүгүн карап, контракт төлөө боюнча ийкем график… Кененирээк…

Францияда спортчу машыгуунун жаңы түрүн ойлоп тапты

Францияда спортчу машыгуунун жаңы түрүн ойлоп тапты. Өлкөдө спорт менен машыгууга үйдөн 1 чакырымдан алыс эмес жерге чейин уруксат берилген. Мындан улам Симон Ногейра аттуу паркур спортчусу көп кабаттуу үйлөрдүн чатырына чыгып, машыга баштады. Өзгөчө машыгып жаткан Ногейра көчөдө спорт менен алектенүү чектелгенин, бирок эрежеде чатырлар тууралуу… Кененирээк…

Вена дүйнөдөгү эң жашыл шаар деп аталды

Австриянын борбору Вена дүйнөдөгү эң таза, жашыл шаар деп аталды. “Резонанс консалтинг” компаниясы түзгөн рейтингде калаада дарактардын көп отургузулушу, сейил бактардын саны жана абанын булгануу деңгээли эске алынат. Белгилеп кетчү нерсе, Венада жашоочулар унаалардан да баш тартышкан. Рейтингде 2-орунда Мюнхен, 3-орунда Берлин жайгашат. Ошондой эле… Кененирээк…

Кийинки окуу жылын да аралыктан уюштуруу ыктымалдыгына даярдык көрүлөт

Кийинки окуу жылын да аралыктан уюштуруу ыктымалдыгына даярдык көрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү министри Каныбек Исаков билдирди.  Анын айтымында, күзүндө коронавирустун жаңы толкуну болушу ыктымал. Азыркы тажрыйбаны эске алып, жайында бир жыл бою пайдалана турган видеосабактарды тартууга план койдук, — деди Исаков. Кошумчаласак, Кыргызстанда 2… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавирус жуктургандарды аныктоонун экинчи этабы башталат

Кыргызстанда коронавирус жуктургандарды аныктоонун экинчи этабы башталат. Анда 114 калктуу конуштун тургандары текшерилет, — деди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Учурда өлкө боюнча медицина кызматкеринен турган 306 көчмө бригада иштеп жатат. Текшерүүнүн биринчи этабы Бишкек, Ош шаарлары жана Ат-Башы районунда жүрүп, 35 адамдан COVID-19 аныкталды. Кошумчаласак, өлкөдө… Кененирээк…

Ош облусунун кооптуу аймактарында жашаган үй-бүлөлөр көчүрүлүүдө

Ош облусунун кооптуу аймактарында жашаган үй-бүлөлөр көчүрүлүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында, эки жарым миң турак жай көчүрүүгө тийиш, анын жарымы жер тилкесин албагандар, калганы турак-жай мамлекеттик жардам алып бирок көчпөгөндөр экени аныкталды. Учурда эки миң үй-бүлөгө эскертүү берилди. Айрымдары чет өлкөдө мигранттар болгондуктан эскертүү кагаздарын… Кененирээк…

Оренбургдагы мекендештерди өткөрүүгө Казакстан уруксат берди

Оренбургдагы мекендештерди өткөрүүгө Казакстан уруксат берди. Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун айтымында, коңшу өлкө гуманитардык акция катары биздин жарандарга гана өтүүгө уруксат берип жатат. Ал эми унааларын Россияга калтырсын деген шарт коюшууда. Учурда жарандардын тизмеси түзүлүүдө. Эске салсак, Россиядан унаа менен жолго чыгып, Казакстанга кире… Кененирээк…

Бишкекте бардык санитардык-карантиндик посттор алынат

Бишкекте бардык санитардык-карантиндик посттор алынат. Алардын ордуна кайгуул кызматы иштейт, — деди ички иштер министри Кашкар Жунушалиев. Ал эми комендант Алмазбек Орозалиев өткөрмө кагаздар баары бир талап кылынарын эскертти. Анын айтымында, бул шаардагы иштеп жаткан унаалардын санын билиш үчүн керек. Эске салсак,  1-майдан тартып мекемелер… Кененирээк…