“TikTok” тиркемеси апрель айында 78 миллион доллар таап биринчи орунга чыкты

“TikTok” тиркемеси апрель айында 78 миллион доллар таап биринчи орунга чыкты. Тиркеме бул көрсөткүч менен  “Netflix” жана “Tinder”ден ашканын Bloomberg” басылмасы билдирет. Маалыматка караганда, экинчи орунда 76 миллион доллар менен “YouTube” турат. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу видео көрсөтүүлөрдөн түшкөн киреше 57 пайызга өстү.

Кыргызстандык курама командалар эл аралык мелдештерге 1-июндан тартып машыга башташат

Кыргызстандык курама командалар эл аралык мелдештерге 1-июндан тартып машыга башташат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Кеп, биринчи кезекте Токио Олимпиадасына жолдомо берилчү мелдештерге катыша турган курама командалар тууралуу болуп жатат. Эл аралык мелдештер башталса, катышуу үчүн олимпиадалык эмес жана улуттук спорттук… Кененирээк…

Кыргызстанда 18 жашка чейинки 2 миллион 456 миң бала жашайт

Кыргызстанда 18 жашка чейинки 2 миллион 456 миң бала жашайт. Үстүбүздөгү жылдын маалыматын Улуттук статистика комитети берди. Андан белгилешкендей, өлкөдө кыздарга караганда балдар көбүрөөк. Белгилүү болгондой балдардын 68 пайызы айыл жергесинде жашайт.

Өзгөчө абал жарыяланган учурда «балага сүйүнчү» албай калгандар эми да кайрылса болот

Өзгөчө абал жарыяланган учурда «балага сүйүнчү» албай калгандар эми да кайрылса болот. Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, ата-энелер бала 6 айга толгонго чейин арыз тапшыра алат. Ал үчүн  атанын же эненин паспорту, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана банктык реквизиттер талап кылынат. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда 2018-жылдан тартып… Кененирээк…

Эс алуучулар үчүн Ысык-Көл облусуна кирүүгө тоскоолдук жаралбайт

Эс алуучулар үчүн Ысык-Көл облусуна кирүүгө тоскоолдук жаралбайт. Буга Маданият жана туризм министри Азамат Жаманкулов ишендирүүдө. Анын айтымында, буга чейин киргизилген чектөөлөр алынат. Бирок жарандардын дене табы текшерилип, унаа тууралуу маалымат катталат. Жаманкулов белгилегендей, бул жылы эс алуу пансионаттары жана үйлөрү үчүн атайын санитардык талаптар… Кененирээк…

Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу бар

Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу бар. Бул тууралуу Кыргызгидромет эскертет. Андан белгилешкендей, 29-майдан 3-июнга чейин күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу сел жүрүшү ыктымал. Бул күндөрү дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт. Буга аба табынын кескин жогорулашы себеп болууда.

Кочкор районундагы Кош-Дөбө аймагында суу каналдарынын курулушу жанданды

Кочкор районундагы Кош-Дөбө аймагында суу каналдарынын курулушу жанданды. “Турмуш” басылмасы билдиргендей, жалпысынан 250 чакырымды түзгөн каналдар, арыктар жана суу дарбазалары оңдолот. Учурда эскилиги жеткен бетон курулуштар алынып, анын ордуна жаңылары куюлууда. Жумуштарга 17 техника жана 30 кызматкер тартылды. Канал ушул күз айларында пайдаланууга берилип калат.… Кененирээк…

Бишкекте 1-июнга карата 3 миң 112 бала  мэриядан материалдык жардам алат

Бишкекте 1-июнга карата 3 миң 112 бала  мэриядан материалдык жардам алат. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан novosti.kgге билдиришти. Тизмеде ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, жетим жана социалдык колдоого муктаж балдар бар. Алардын ар бирине 500 сомдон берүү пландалды. Кошумчаласак, ордо калаада балдарды коргоо күнүнө карата бардык массалык… Кененирээк…

Кыргызстанда 8-июндан баштап ички аба каттамдар жанданат

Кыргызстанда 8-июндан баштап ички аба каттамдар жанданат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында, авиакомпаниялардын иштешине саламаттыкты сактоо министрлиги тиешелүү көрсөтмөлөрдү берет. Анын негизинде аба жолдорун тейлөө кызматтары эрежени сактоо менен иштеп баштайт, — деди Боронов.

Бишкекте июнь айынын биринчи чейреги ысык жана кургак болот

Бишкекте июнь айынын биринчи чейреги ысык жана кургак болот. Синоптиктердин маалыматы боюнча, Скандинавия жарым аралынан соккон муздак шамал учурда Кыргызстан аймагында аба табынын төмөндөшүн шарттады. Бирок жай мезгилинин биринчи айынан тартып абанын температурасы кайрадан жогорулайт. Дүйшөмбүдөн баштап күндүз +33-35 градус болсо, түнкүсүн 20 градустан ылдый… Кененирээк…