Ош шаарында 7 тармактын иштөөсүнө уруксаат берилди

Ош шаарында 7 тармактын иштөөсүнө уруксаат берилди. Мэр Таалайбек Сарыбашовдун айтымында, бүгүнтөн тарта өнөр жай, курулуш, транспорт каражаттарын оңдоо, нотариус, соода-сатык, сулуулук салондору жана такси кызматтары иштеп баштады. Жеке таксисттер мэрияга кат менен кайрылса, аларга өткөрмө кагаз алууга жардам берилет. Мэр белгилегендей, шаарда эпидемиологиялык абал… Кененирээк…

Бишкекте бүгүнтөн тартып такси кызматтары ишке кирди

Бишкекте бүгүнтөн тартып такси кызматтары ишке кирди. Мэриянын маалыматында, эми шаар тургундары санитардык эрежелерди сактап каттамга чыга алышат. Айдоочу жана жүргүнчү бет кап жана мээлей тагынуусу зарыл. Ар бир айдоочу күнүнө үч ирет унаанын салонун дезинфекциялап, гигиеналык каражаттары болушу шарт. Ошондой эле бир учурда машинеде… Кененирээк…

Ордо калаада санитардык-карантиндик посттор алынды

Ордо калаада санитардык-карантиндик посттор алынды. Иштерди «Тазалыктын»  кызматкерлери жүргүзүп жатат, — дешти муниципалитеттен. Маалыматка караганда, посттор алынганы менен кыймылды чектөө жана көзөмөлдөө уланат. Зарыл жумушу жок көчөгө чыккандарды жана унаалардын өткөрмө кагаздарын милициянын кайгуул кызматы текшерип жатат. Эске салсак, бүгүнтөн тартып экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун биринчи… Кененирээк…

Бүгүн түндө Кытайдан 10 миң ПЦР-тест келди

Бүгүн түндө Кытайдан 10 миң ПЦР-тест келди. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору Абдыкадыр Жороев билдирди. Анын айтымында, жардам гуманитардык түрдө берилди. Мындан тышкары Белорустан 100 миң жана Түркиядан 60 миң ПЦР-тест келиши күтүлүүдө. Жороев белгилегендей, өлкөдө аталган медициналык жабдуу жетиштүү көлөмдө, запаста дагы… Кененирээк…

Республикада акыркы сутка ичинде 10 адамдан КОВИД-19 аныкталды

Республикада акыркы сутка ичинде 10 адамдан КОВИД-19 аныкталды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, алардын бешөө Бишкекте, үчөө Ошто жана Баткен, Нарын облустарында бирден адам. Ал эми 42 бейтап илдеттен айыгып чыкты. Жалпысынан өлкөдө коронавирус 756 адамдан тастыкталды, 504ү сакайып чыкса, 8 бейтап каза тапты.

Кыргызстанда өзгөчө абал учурунда 381 түгөй никеге турду

Кыргызстанда өзгөчө абал учурунда 381 түгөй никеге турду.   Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, алардын көбү Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарына туура келет. Ал эми 99 үй-бүлө расмий түрдө ажырашты. Жарандарды кабыл алууга     чектөө киргизилгенден кийин, никеге турууну каттоо токтотулган. Март айына чейин арыз… Кененирээк…

Кыргызстанда бардык бала бакчалар июнь айына чейин иштебейт

Кыргызстанда бардык бала бакчалар июнь айына чейин иштебейт. Билим берүү министри Каныбек Исаков билдиргендей, аталган мөөнөткө чейин иштегендерге мыйзам чегинде чара көрүлөт. Бирок жумушка чыккан ата-энелердин балдары барган бакчаларды иштетүүнүн жолдору каралат. Коронавируска байланыштуу мектепке чейинки даярдоо мекемелери да убактылуу жабылган. Кыргызстанда 1 миң 390… Кененирээк…

ЕАЭБ аймагынан айрым азык-түлүктү чыгарууга чектөө киргизилди

ЕАЭБ аймагынан айрым азык-түлүктү чыгарууга чектөө киргизилди. Бул тартыштыктан эмес, — деди  Евразия экономикалык комиссиясынын өндүрүш комплекси боюнча министри Артак Камалян. Анын айтымында, жапырт сатып алууда соода түйүндөрүндө товардын калбай калган учуру болот. Мындан улам спекуляциянын алдын алуу максатында чара көрүлүп жатат. Чектөөлөр июнь айына… Кененирээк…

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы беш сомго чейин арзандашы мүмкүн

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы беш сомго чейин арзандашы мүмкүн. Мунай ташуучулар ассоциациясынын директору Канат Эшатов билдиргендей, арзандатуу этап менен жүргүзүлөт. Андан кийинки динамика өлкөдөгү экономикалы ишмердүүлүктөн көз каранды болот. Кыргызстан күйүүчү май менен үзгүлтүксүз камсыздалат, ага тынчсыздануу жок. Ушул жылдын 4 айында өлкөдө бензин 2… Кененирээк…