Кытайда жабылган “Жабык шаар” туристтер үчүн ачылды

Кытайда жабылган “Жабык шаар” туристтер үчүн ачылды. Интерфакс басылмасынын маалыматына ылайык, маданий сарайдын аймагына күнүнө мурункудай 80 миң эмес, болгону 5 миң адам киргизилет. Пекинде Жабык шаардан тышкары башка музейлер да ачылды. Аларга дагы мурунку келип жүргөн адамдардын санынын 30 пайызын гана киргизүүгө уруксат берилди.… Кененирээк…

Баткенде куюндун кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат

Баткенде куюндун кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 30-апрелге караган түнү Лейлек районунда ылдамдыгы секундасына 33 метрге жеткен шамал катталды. Куюндун кесепетинен 7 мектептин, 33 үйдүн жана 15 чарба курулуштун чатыры талкаланды. Адамдар жабыркаганы тууралуу маалымат жок. Учурда ведомствонун аймактык бөлүмү… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунда табигый кырсыктардын алдын алуу иштери 2 багытта жүрөт

Ысык-Көл облусунда табигый кырсыктардын алдын алуу иштери 2 багытта жүрөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, биринчиси капиталдык курулуш, калыбына келтирүү жумуштары, экинчи багыт атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча. Жер-Үй дарыясынын ташкын сууларынан коргоо максатында 4 суу дарбазасы курулду, андан тышкары 3 объектиде иштер… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 13 адамдан коронавирус аныкталды

Кыргызстанда дагы 13 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Айнура Акматова билдирет.  Анын айтымында, акыркы сутка ичинде 23 бейтап айыгып чыкты. Жалпысынан 769 адам вируска кабылса, 527си айыкты, 8 бейтап каза тапты.

Кыргызстанда ишкердиктин бир катар түрү жанданды

Кыргызстанда ишкердиктин бир катар түрү жанданды. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 1-майдан тартып 20 миңге жакын ишкана, мекемелер ачылып, аларда иштеген 120 миң адам жумушка чыгарын билдирген. Жалпысынан жети тармакка иштегенге уруксат берилди. Алар курулуш, өнөр жай, техникалык тейлөө, дүңүнөн соода жүгүзүү, нотариус, такси жана чач-тарач кызматтары.… Кененирээк…