Бишкекте ысык сууну 1-июндан тартып өчүрүү пландалууда

Бишкекте ысык сууну 1-июндан тартып өчүрүү пландалууда. Бул тууралуу novosti.kgге мэриянын басма-сөз кызматы билдирди. Буга чейин 15-майдан тартып ысык сууну берүүнү токтотуу пландалган. Бирок мөөнөттү жылдыруу чечими коронаврустан улам кабыл алынган. Эске салсак, жыл сайын батир жашоочуларына 1 айга ысык суу өчүрүлөт. Бул учурда кийинки… Кененирээк…

Жакынкы 4 күн аралыгында өлкөнүн айрым аймактарында нөшөрлөгөн жаан жаашы күтүлөт

Жакынкы 4 күн аралыгында өлкөнүн айрым аймактарында нөшөрлөгөн жаан жаашы күтүлөт. Синоптиктердин маалыматында, 8-майга чейин абанын табы өтө төмөндөбөйт. Түнкүсүн температура мамычалары 10дон 15 градуска чейин, күндүз 20дан 25 градуска дейре жогору болот.

Бишкектеги жаңы веложолчодо хай-тек стилиндеги чырактар пайда болду

Бишкектеги жаңы веложолчодо хай-тек стилиндеги чырактар пайда болду. Мэриянын маалыматында, “Бишкек жарыктандыруу” ишканасынын кызматкерлери Чүй проспектисинин Манас проспектисинен Абдрахманов көчөсүнө чейинки тилкесинде жарык орнотуу иштерин жургүзүштү. Анда 60 чырак, аны кармап туруучу торшердик түзүм жана жер алдынан өтүүчү 2 миң 200 метр кабелдик линия тартылды.

Өзгөчө абал режиминде иштеген милиция кызматкерлерине сый акы берүү маселесин атайы түзүлгөн коммисия карайт

Өзгөчө абал режиминде иштеген милиция кызматкерлерине сый акы берүү маселесин атайы түзүлгөн коммисия карайт. Ички иштер министрлигинин маалыматында, анын курамына ведомство бирикмелеринин 12 жетекчиси кирди. Алар ар бир кызматкердин ишмердүүлүгүн карап чыгып, 10-майда жыйынтыктоочу чечим кабыл алат. Андан кийин маянасына кошумча каражат алуучу милиция кызматкерлеринин… Кененирээк…

Ош облусунда жер титирөө катталды

Ош облусунда жер титирөө катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында, зилзаланын эпицентри кыргыз-тажик чек арасында катталып, очогунда күчү 5 баллга жетти. Жер кыртышынын силкинүүсү Чоң-Алай районунун Карамык, Кара-Тейит, Шибээ айылдаында сезилди. Алдын ала маалымат боюнча жабыр тарткандар катталган жок.

Лейлек районунда жол, таза суу, электр энергиясы калыбына келүүдө

Лейлек районунда жол, таза суу, электр энергиясы калыбына келүүдө. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, унаа жолдор толугу менен тазаланып, тилкелер калыбына келтирилди. Исфана шаары, Тогуз-Булак жана Сумбула айылдарына электр энергиясы берилип, Катраң айылында да жарык системасын калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Кара-Таш, Беш-Бала, Мурза-Патча, Самат айылдарына… Кененирээк…

Германияда карантин шартында массалык дискотека уюштурулду

Германияда карантин шартында массалык дискотека уюштурулду. “Карантин маалындагы бий» аталыштагы акция Шютторф шаарында өттү. Уюштуруучулардын эрежесине ылайык, дискотекага унаанын ичинде отуруп катышуу жана бир машинеде 2ден ашык адам болбосун деген талап коюлган. Эксперименталдуу дискотека 3 саатка созулуп, ийгиликтүү өттү. Тартип бузгандар катталган жок.

“Ынтымак” сейил багынын курулушуна 39 миллион сом сарпталат

“Ынтымак” сейил багынын курулушуна “Бишкек асфальт сервис” муниципалдык ишканасы 39 миллион сом сарптайт. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды. Аталган каражат амфитеатр, бассейн, аллея, “Комуз” формасындагы  суу оргумасын курууга жумшалат. Эске салсак, “Ынтымак” эс алуу багынын биринчи бөлүгү былтыр Эгемендүүлүк күнүнө карата ачылган. Кийинки… Кененирээк…

Россия Кыргызстанга 5 миллион сомдук аскердик-техникалык жардам көрсөттү

Россия Кыргызстанга 5 миллион сомдук аскердик-техникалык жардам көрсөттү. Куралдуу күчтөр башкы штабынын маалыматында, Россия Коргоо министрлиги тарабынан радиациондук, химиялык жана биологиялык коргоочу каражаттары тапшырылды. Жабдуулар жана медициналык кийимдер менен өлкөдөгү өзгөчө абал режими жарыяланган аймактарда иштегендер камсыздалат.

Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо башталды

Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо башталды. Ал 15-майга чейин уланат, — деди Билимди баалоо борборунун адиси Чынара Батракеева. Анын айтымында, Тестирлөөнүн биринчи этабы 21-22-июнда, экинчиси 24-25-июнда өтөт. Азыр каттала албагандарга 23-июнда кошумча каттоо уюштурулат. Алар эртеси эле ЖРТнын экинчи этабына катыша алат. Ал эми Жогорку… Кененирээк…