Кыргыз-тажик чек арасында көзөмөл күчөтүлдү

Кыргыз-тажик чек арасында көзөмөл күчөтүлдү. Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров билдиргендей, Тажикстанда коронавирус тездик менен жайылып жатканына байланыштуу, чек ара күчөтүлгөн режимде көзөмөлгө алынып, кызматкерлердин саны көбөйтүлдү. Өлкөдө акыркы суткада коронавирус жуктурган 28 адам катталды. Алардын төртөө Тажикстанда жогорку окуу жайларында окуган кыргызстандык студенттер. Мындан тышкары Тажикстанга… Кененирээк…

COVID-19 менен күрөшкөн медицина кызматкерлерине бюджеттен 50 миллион сом бөлүнөт

COVID-19 менен күрөшкөн медицина кызматкерлерине бюджеттен 50 миллион сом бөлүнөт. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Ага ылайык, кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда коронавирус инфекциясын жугузуп алган медицина жана башка кызматкерлерге эки жүз миң сом, каза болгон учурда үй-бүлөсүнө бир миллион сом өлчөмүндө жөлөк пул… Кененирээк…

Ошто 11-майдан тартып муниципалдык коомдук унаа эки линияда жүрө баштайт

Ошто 11-майдан тартып муниципалдык коомдук унаа эки линияда жүрө баштайт. Вице-мэр Асылбек Топтубаев билдиргендей, ар бир линияда 10дон автобус, троллейбустарды каттамга чыгаруу пландалууда. Коомдук унаалар эртең мененки саат 7ден кечки 8ге чейин жүргүнчүлөрдү ташыйт. Бир эле учурда унаа ичинде 30дан ашык адам болбошу керек. Ар… Кененирээк…

“Жеңиш эстафетасынын” символу Ошко жетти

“Жеңиш эстафетасынын” символу Ошко жетти. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматында, эстафета Кыргызстандын аймагында 2-майдан 7сине чейин Бишкек жана Ош шаарларынан өтөт. Ал 7-майда «Бордөбө» чек ара бекети аркылуу Тажикстандын чек арачыларына өткөрүлүп берилет. Акция 28-майда Москвада «Белгисиз жоокердин күмбөзү» мемориалдык комплексинде соңуна чыгат. Эстафета бизге… Кененирээк…

Ош шаарында жарандарды көзөмөлгө алуу күчөтүлдү

Ош шаарында жарандарды көзөмөлгө алуу күчөтүлдү. Бул тууралуу шаардык комендатуранын маалымат кызматынын жетекчиси Жеңишбек Аширбаев билдирди. Анын айтымында, кошумча түйүндөр ар бир чарчы тилкенин кире беришине орнотулду. Көрүлгөн чаралар, жарандар карантин режимин сактабай жатканына байланыштуу. Кошумчаласак, 1-майдан тартып иштей баштаган 53 ишкана жана 3 эт… Кененирээк…

Азия өнүктүрүү банкынын жетекчилиги Кыргызстанга 50 миллион доллар бөлүү чечимин кабыл алды

Азия өнүктүрүү банкынын жетекчилиги Кыргызстанга 50 миллион доллар бөлүү чечимин кабыл алды. Каражат коронавирус пандемиясынын кесепетин жоюуга берилет. Сумманын жарымы грант түрүндө, калган бөлүгү жеңилдетилген насыя катары келет. Акчалар саламаттыкты сактоо тармагына, аз камсыздалган жарандарга, кичи жана орто бизнести колдоого багытталат. Ошондой эле кризиске кабылган… Кененирээк…

Улуттук банк Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата коллекциялык монета чыгарды

Улуттук банк Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата коллекциялык монета чыгарды. Башкы каржы мекемесинин сайтында жазылган маалыматка ылайык, монета күмүш жана жез-никелден.   Тыйындын алдыңкы бетин көгүчкөн түзөт, арткы фонунда Кызыл Армиянын жоокерлеринин жана офицерлеринин «Жеңиш автографтары» жазылган Рейхстаг дубалы чагылдырылат. Ал эми арткы бетинде «75» деген… Кененирээк…

Бишкекте сулуулук салондору жана чач тарачтарда текшерүү жүрдү

Бишкекте сулуулук салондору жана чач тарачтарда текшерүү жүрдү. Мэриядан билдиришкендей, муниципалитет кызматкерлери жалпысынан 32 салондо рейд жүргүзүштү. Анда санитайзер, антисептиктин бар же жогу, гигиенанын сакталышы жана кардарларды кабыл алуудагы талаптардын аткарылышы текшерилди. Эреже бузуу үч объектиде катталды. Мүчүлүштүктөрдү жоюу боюнча ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Базар-Коргон районунда сел жүрдү

Базар-Коргон районунда сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров билдиргендей, Кызыл-Октябрь айылында ылай аралаш масса жүрдү. Суу ташкыны 15 гектар айдоо аянтын жана 3 турак-жайдын короосун каптады. Куткаруучулар жеринде иштеп жатат. Жалпы чыгымдын сумасы эсептелүүдө.

Ош облусунун Эсенбай айылынын тургундары таза суу менен камсыздалат

Ош облусунун Эсенбай айылынын тургундары таза суу менен камсыздалат. Өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, айыл аймагына таза суу тартуу иштери 2015-жылдан бери жүргүзүлүп келет. Долбоордун жалпы суммасы 70 миллион сомду түзөт. Акыркы ирет өткөн жылдын декабрь айында 7 миллион сом бөлүнгөн, иштер коронавирус пандемиясынан улам токтотулган.… Кененирээк…