Грузия 1-июлдан тартып туристтерди кабыл алат

Грузия 1-июлдан тартып туристтерди кабыл алат. Өлкөнүн премьер-министри Георгий Гахария билдиргендей, мамлекет коронавируска байланыштуу токтоп калган аба каттамдарды жандантат. Бул үчүн коңшу өлкөлөр менен коопсуз коридор түзүлөт. Ал эми жергиликтүү туризм 15-июлдан баштап ишке кирет. Пандемияга байланыштуу Грузия чет элдиктер үчүн чек арасын жаап, аба… Кененирээк…

АКШ Кыргызстанга коронавируска каршы күрөшүүгө 1,38 миллион доллар бөлөт

АКШ Кыргызстанга коронавируска каршы күрөшүүгө 1,38 миллион доллар бөлөт. Өлкөнүн, Кыргызстандагы элчилигинин маалыматында,  Борбор Азия өлкөлөрүнө 6,8 миллион доллар бөлүнөт. Анда Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан бар. Буга чейин Америка Кыргызстандын COVID-19га каршы иш-чараларын колдоо максатында 913 миң доллар бөлгөн.

Советтер союзунун баатыры Чолпонбай Түлебердиев атындагы сейил бак жана анын айкели ачылды

Советтер союзунун баатыры Чолпонбай Түлебердиев атындагы сейил бак жана анын айкели ачылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, ачылыш азем өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда өттү. Жалпы аянты 11 гектарды түзгөн парктын аймагы мэрия тарабынан оңдолуп-түзөлдү. Курулуштун жалпы суммасы 48 миллион сомду… Кененирээк…

Бишкекте муктаж жарандарга 50 миллион сомдук гуманитардык жардам көрсөтүлдү

Бишкекте муктаж жарандарга 50 миллион сомдук гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу вице-мэр Алмаз Бакетаев билдирди. Анын айтымында, сумма өкмөт, мэрия, бизнес өкүлдөрү, араб фонддору тарабынан каржыланды. Жардам азык-түлүк топтомун камтыйт. Бакетаев белгилегендей, калаа аймагында коронавирус жайылуусуна каршы күрөшүү боюнча мэриянын алдында ачылган атайын эсепке 4,5… Кененирээк…

Германиянын Дюссельдорф шаарында өзгөчө үйлөнүү той өттү

Германиянын Дюссельдорф шаарында өзгөчө үйлөнүү той өттү. Жаш жубайлардын никеси автокинотеатрдын сахнасында, ачык асман алдында тиризделди. Иш-чараны калаа башчысы алып барды. Мэр жана жубайлардын ортосун коргоочу экран бөлүп турду, бул учурда коноктор кечеге өз унааларында көз салып турушту. Тоскоолдукка карабай баш кошкон эки жаш кубанычын… Кененирээк…

Бишкекте 11-класстын 163 бүтүрүүчүсү кызыл күбөлүк алууга талапкер

Бишкекте 11-класстын 163 бүтүрүүчүсү кызыл күбөлүк алууга талапкер. Ал эми 313 9-клаастын  окуучусу да аталган күбөлүктү алышы ыктымал, — дешти мэриядан. Учурда мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестация жана орто билим тууралуу берилүүчү документтердин меселеси чечилип жатат. Кошумчаласак, Бишкекте быйыл 6,5 миң 11-класстын окуучулары жана 13 миңден ашык… Кененирээк…

Өкмөт кризиске каршы пландын үчүнчү бөлүгүн иштеп баштады

Өкмөт кризиске каршы пландын үчүнчү бөлүгүн иштеп баштады. Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдиргендей, аталган бөлүк экономиканы кризистен кийин калыбына келтирүүгө жана андан ары өнүгүшүнө багытталат. Эске салсак, буга чейин, кризиске каршы пландын экинчи бөлүгү бекитилген. Коронавирус пандемиясына байланыштуу мамлекеттик бюджет 30 миллиард сом зыян тартышы алдын-ала… Кененирээк…

Бишкекте пандемиядан улам 71,5 миң объектилер ишин токтотту

  Бишкекте пандемиядан улам 71,5 миң объектилер ишин токтотту. Натыйжада анда иштеген 155 миң адам убактылуу жумушсуз калды, — деди вице-мэр Алмаз Бакетаев. Анын айтымында, мындан улам жыл башынан бери мамлекеттик бюджетке алгачкы төрт айда болжолдонгон 3,2 миллиард сомдун, 2,3 миллиард сому гана түштү. Салык… Кененирээк…

Бишкекте быйыл 3 сейил бак курулуп бүтөт

Бишкекте быйыл 3 сейил бак курулуп бүтөт. Вице-мэр Уланбек Азыгалиев билдиргендей, биринчиси Байтик баатыр — Токомбаев көчөлөр кесилишиндеги «Балалык» сейил багы. Ал америкалык дисней лэндди чагылдырат. Кийинкиси Манас проспектиси менен Боталиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейил бак. Анын жалпы аянты 7,5 гектарды түзүп, кичи-футбол, баскетбол, волейбол аянтчалары,… Кененирээк…

Коомдук транспортто жүрүү эрежеси иштелип чыкты

Коомдук транспортто жүрүү эрежеси иштелип чыкты. Бишкекте 11-майдан тартып ишке кирүүчү муниципалдык коомдук транспорттун айдоочулары, салонго отургучтардын 70 пайызына гана жүргүнчү салууга тийиш. Ар бир каттамдан кийин салонду дезинфекциялап, унаанын ичин желдетип туруу зарыл. Салонго кире беришке санитайзер коюлушу керек. Ал эми жүргүнчүлөр коомдук унаага… Кененирээк…