Лейлекте сел жүргөн аймактарга техникалык жардам берилет

Лейлекте сел жүргөн аймактарга техникалык жардам берилет. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында, зыянга учураган аймактарды калыбына келтирүү үчүн ведомстводон 100 габион торчо жана атайын техника бөлүнөт. Ошондой эле Исфана шаарындагы сел каптаган сай жээгин тазалоо жана жөө адамдар үчүн көпүрө куруу чечими кабыл алынды. Эске салсак,… Кененирээк…

Эл аралык валюта фонду Кыргызстанга 121 миллион доллар бөлөт

Эл аралык валюта фонду Кыргызстанга 121 миллион доллар бөлөт. Ал COVID-19 вирусунун таркашын алдын-алууга жумшалат. Буга чейин аталган фонддон биздин өлкөгө 120 миллион доллар берилген. Белгилеп кетсек, өкмөт бир катар эл аралык каржы уюмдары менен 456 ммиллион доллар алууну макулдашкан.

Кыргызстанда дагы 25 адамдан коронавирус аныкталды

Кыргызстанда бүгүн дагы 25 кишиден коронавирус чыкканын Республикалык штабдан кабарлашты.   Жаңы учурлардын арасында беш медицина кызматкери бар.   Маалыматка ылайык, 25 кишинин экөө Бишкекте болсо, төртөө Чүй облусунда. Нарындан 11 киши, Ош облусунан үчөө, Жалал-Абаддан төрт, Баткенден бир киши бар. Ал эми медиктердин бирөө… Кененирээк…

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 4 миллионго чукулдады

9-майга карата дүйнө жүзүндө коронавирус жуктургандардын саны 3 миллион 937 миң 813кө жетти. Алардын арасынан 1 миллион 319 миң 447 адам айыгып, ооруканадан чыгарылса, 276 миң 863 адам каза болду.   Дүйнө боюнча вирус жуктурган өлкөлөрдүн сап башында турган АКШда 1 миллион 283 миң 908… Кененирээк…

Бишкектин «Жеңиш» аянтында митинг-реквием өттү

Борбор калаанын Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата митинг-реквием өтүп, ага мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.   Билдирүүгө ылайык, өлкө башчы Өчпөс отко гүл коюп, согушта курман болгондорду бир мүнөттүк аза күтүү менен эскерди.  … Кененирээк…

Жаңжал чыккан кыргыз-тажик чек арасында абал тынч

Жаңжал чыккан кыргыз-тажик чек арасында 9-майга караган түн тынч өттү. Аймакка Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев жөнөп кеткенин, кырдаал салыштырмалуу туруктуу экенин аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.   8-май күнү саат кечке жуук кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу менен коштолгон чатактан Кыргызстандын… Кененирээк…