Кыргызстандын айрым аймактарына киргизилген өзгөчө абал режими алынат

Эртең, 11-майда, Бишкек, Ош жана Жалал-Абадда 25-марттан тарта киргизилген коменданттык саат алып салынат. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти. Кеп Нарын облусунун Ата-башы районуна 15-апрелден тарта киргизилген өзгөчө абал режими тууралуу дагы болуп жатат.   Маалыматка караганда, айрым аймактарга киргизилген Өзгөчө абал режими саат 00:00дө аяктайт дагы,… Кененирээк…

10-майга карата 106 жаран коменданттык сааттын эрежесин бузду

10-майга карата өзгөчө абал режими киргизилген Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Нарын облусунун Ат-Башы районунан саат 21:00дөн 06:00гө чейин 106 тартип бузган жарандар аныкталып, аймактык ички иштер бөлүмдөрүнө жеткирилди.   Алар: Бишкек шаары – 106; Ош шаары – 1; Жалал-Абад шаары – 2.

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустан 17 адам айыкты

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустан 17 адам айыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, Бишкекте 7, Ош шаарында 5, Нарында 4, Жалал-Абадда 1 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.   Ушуну менен Кыргызстанда коронавирустан сакайгандардын жалпы саны 675ке жетти.

Кыргызстанда бир суткада 71 адамдан коронавирус аныкталды

Кыргызстанда бир суткада 71 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, Бишкекте 2, Чүйдө 56, Жалал-Абадда 5, Баткенде 4, Нарында 1 учур катталды.   Анын 55и Оренбург облусунан келген кыргызстандыктар. Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны… Кененирээк…

Кыргыз сомунун жүгүртүүгө киргизилгенине 27 жыл болду

Кыргыз сомунун жүгүртүүгө киргизилгенине 27 жыл болду. Улуттук валюта Кыргызстан СССРдин курамынан бөлүнгөндөн эки жыл өткөн соң, 1993-жылы 10-майда колдонула баштаган. Алгачкы банкноттор 1993-жылы 1, 5, 20 сом жана 1, 10, 50 тыйындык кагаз акча түрүндө чыккан. Алар акырындык менен жүгүртүүдөн алынып, 1994-1995-жылдары 1, 5,… Кененирээк…