Кыргызстанда окуу жылы 30-майда дистанттык түрдө жыйынтыкталат

Кыргызстанда окуу жылы 30-майда дистанттык түрдө жыйынтыкталат. Бул тууралуу 24 агенттигине Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. Анын айтымында, буга чейин окуучулур узартылган каникулда болгондуктан, төртүнчү чейректи 5 күнгө жылдыруу чечими кабыл алынды. Бул мөөнөттө окуучулар тапшырмаларын жөнөтүүгө, мугалимдер текшерүүгө үлгүрө алат.

12-майдан баштап Нарын шаарындагы борбордук базарга унаа киргизилбейт

12-майдан баштап Нарын шаарындагы борбордук базарга унаа киргизилбейт. Мындай тапшырманы, мэр Нурбек Молдокадыров тиешелүү кызматкерлерге берди. Ал эми товарларды сатуу түйүндөрүнө түшүрүүгө эртең мененки саат 9га чейин жана кечки 4төн кийин гана уруксат берилет. Белгилеп кетсек, Нарын шаарындагы борбордук базар мурунку тартип менен түшкү саат… Кененирээк…

Кытайдан дагы гуманитардык жардам келди

Кытайдан дагы гуманитардык жардам келди. Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей, чартердик каттам менен 100 миң ПЦР-тест, 30 миң медициналык көз айнек, 30 миң N95 үлгүсүндөгү бет кап, 150 миң медициналык бет кап жана 1 миң термометр жеткирилди. Эске салсак, буга чейин Кытайдан биздин өлкөгө бир нече… Кененирээк…

Мектеп бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик экзамен тапшырбайт

Мектеп бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик экзамен тапшырбайт. Коронавируска байланыштуу 9 жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик экзамендери жыл ичиндеги жетишкендиктерин эске алуу менен гана коюлат, — дешти Билим берүү министрлигинен. Бааларды атайын түзүлгөн предметтик мамлекеттик комиссия коет. Эгер окуучу же алардын ата-энелери жалпы мамлекеттик аттестацияда коюлган баага макул болбосо,… Кененирээк…

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда жаңы мектеп курула баштады

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда жаңы мектеп курула баштады. “Турмуш” басылмасы билдиргендей, 225 окуучуга чакталган эки кабаттуу мектеп имараты Көө-Чаты айылында пайда болот. Долбоордун жалпы суммасы 61 миллион сомду түзөт. Каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүндү. Белгилеп кетсек, буга чейинки билим берүү мекемеси 17-февралда өрттөнгөн. Мындан улам окуучулар… Кененирээк…

Бишкекте эки кошумча Калкты тейлөө борбору ачылат

Бишкекте эки кошумча Калкты тейлөө борбору ачылат. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына караганда, 21-майдан тартып башка калкты тейлөө борборлору менен катар Садырбаев – Ахунбаев жана Тоголок Молдо – Фрунзе көчөлөр кесилишиндеги борборлор ишке кирет. Күтүлгөндөй, кошумча түйүндөр ордо калаадагы башка калкты тейлөө борборлорунун ишин жеңилдетет.

Өкмөт 11-майдан тарта иштей турган ишканалардын тизмесине толуктоолорду киргизди

Өкмөт 11-майдан тарта иштей турган ишканалардын тизмесине толуктоолорду киргизди. Республикалык штабдын маалыматында, анда почта, медициналык мекемелер, лаборатория кызматтары кошулду. Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу уруксат берилген экономикалык ишмердүүлүктүн тизмесине өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн. Бүгүнтөн тартып, экинчи этап менен каржылык кызмат көрсөтүүлөр, өнөр-жай өндүрүш, курулуш, соода, калкты тейлөө жана… Кененирээк…

Бишкекте бет кап тагынбай жүргөн жарандарга айып салынат

Бишкекте бет кап тагынбай жүргөн жарандарга айып салынат. Аларда 1 миң сомдон 5 миңге чейин айыпка тартуу каралды, — деди мэр Азиз Суракматов. Анын айтымында, санитардык-карантиндик эрежелерди бузгандарга карата катаал чара колдонуу боюнча кодекске өзгөртүүлөр киргизилди. Анын алкагында 1 миң сомдон 180 миң сомго чейин… Кененирээк…

Бишкекте бейтапкана жана ооруканаларды дезинфекциялоо күчөтүлгөн тартипте уланууда

Бишкекте бейтапкана жана ооруканаларды дезинфекциялоо күчөтүлгөн тартипте уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, жугуштуу оорулардын жана коронавирустун жайылууусун алдын алуу максатында баардык медициналык мекемелерде санитардык тазалоо иштери жүрүп жатат. Ага өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тартылды. Жалпысынан ордо калаанын саламаттыкты сактоо башкаркармалыгынын карамагында 30 медициналык уюм бар.

Кара-Көл шаарында азык-түлүк сатылган чоң базар ишке кирет

Кара-Көл шаарында азык-түлүк сатылган чоң базар ишке кирет. Калаанын ички көчөлөрүндөгү санитардык-карантиндик посттор алынды, — дешти муниципалитеттен. Ал эми «Бишкек—Ош жолунун жээгиндеги дүкөндөр жана тамак-аш сатуучу жайлар азырынча иштебейт. Калган мекеме-ишканалар санитардык талаптарды сактоо менен ишин жандантат