Ордо калаанын жаңы конуштарында электр линияларын өткөрүүгө даярдык көрүлүп жатат
Ордо калаанын жаңы конуштарында электр линияларын өткөрүүгө даярдык көрүлүп жатат. Учурда иштер “Ала-Тоо” конушунда жүрүп жатат. Электр усундары ушул жайда орнотулуп бүтөт. Андан кийин түзүмдөр Ленин районунун электр станцияларынын балансына өткөрүлүп берилет. Иштерге жалпысынан 600 миң сом керектелет. Каражат шаардык бюджеттен бөлүндү.