Быйыл Орозо айт качан болоору азырынча белгисиз

Быйыл Орозо айт качан болоору азырынча белгисиз. Так датаны Уламалар кеңеши аныктайт,- деди Муфтияттын маалымат кытчысы Максат Атабаев. Анын айтымында, Айт качан болору айдын жаңырышына жараша белгиленет. Ал эми Кадыр түн 20-майга караган түнү болот. Бул түнү мусулмандар таң атканча уктабастан куран окушат.

Мигранттардын балдарына жөлөк пул берилбейт

Мигранттардын балдарына жөлөк пул берилбейт. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров билдирди. Анын айтымында, буга чет өлкөлөрдө иштеген жарандардын кирешеси аныкталбай жатканы себеп. Учурда республикада 800 сом өлчөмүндөгү жөлөк пулду 16 жашка чыга элек 313 миң бала алат. Былтыр ал 308 миң… Кененирээк…

Чүй облусунун Сокулук районунда мыйзамсыз күйүүчү май саткан эки түйүн аныкталды

Чүй облусунун Сокулук районунда мыйзамсыз күйүүчү май саткан эки түйүн аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, мыйзамсыз сатуу түйүндөрү Селекция айылында жана Калинин көчөсүндө жайгашкан. Текшерүүнүн алкагында 840 литр бензин дана 50 литр дизелдик отун аныкталды. Аталган фактылар… Кененирээк…

«Твиттер» мындан ары да кызматкерлерине үйдөн иштөөгө уруксат берет

«Твиттер» мындан ары да кызматкерлерине үйдөн иштөөгө уруксат берет. “Твиттер” жумушчуларына туруктуу түрдө үйүнөн иштөөгө уруксат берген алгачкы ири IT компания. Ишкананын кеңселеринин көбү сентябрда ачылат, бирок жумушка чыгып-чыкпоону кызматкерлер өздөрү чечет. Кошумчаласак, буга чейин «Фейсбук» компаниясы жана «Гуглду» башкарган «Alphabet Inc» холдинги да кызматкерлерине… Кененирээк…

Бишкекте түнкүсүн көчөлөрдү жууп-тазалоо иштери жанданды

Бишкекте түнкүсүн көчөлөрдү жууп-тазалоо иштери жанданды. Муниципалитеттин маалыматында, “Тазалык” ишканасын кызматкерлери 11 суу толтурулган техника менен бир түндө 50 жолу каттамдарды жүргүзүүдө. Ал эми таңкы саат 5тен баштап көчөлөрдү шыпыруу башталат. Белгилеп кетсек, күн сайын ордо калаа тилкелерин иретке келтирүүгө “Тазалык” ишканасынын 702 кызматкери жумушка… Кененирээк…

Жалал-Абад базарларында санитардык талаптарды аткарбаган соодагерлердин ишмердүүлүгү токтотулат

Жалал-Абад базарларында санитардык талаптарды аткарбаган соодагерлердин ишмердүүлүгү токтотулат. Калаа мэриясынан билдиришкендей,  эреже сактабаган соода жайлары кайрадан жабылууда. Борбордук жана Адилет базарларында рейд жүрүп, эскертүүлөр берилди. Санитардык талаптар аткарылбаса соодагерлерге административдик айып салынат.

«Коопсуз шаар» долбоорунун камералары Бишкек-Торугарт жана Бишкек-Ош-Исфана жолуна коюлат

«Коопсуз шаар» долбоорунун камералары Бишкек-Торугарт жана Бишкек-Ош-Исфана жолуна коюлат. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев билдиргендей, иштер карантин аяктагандан кийин башталат. Долбоордун экинчи этабын кытайлык компания ишке ашырмакчы. Кошумчаласак, “Коопсуз шаар” долбоорунун биринчи баскычы 2019-жылдын март айынан тартып Чүй облусунда жана Бишкекте иштеп жатат.

Монголияда 5 айдан бери жабык турган мектептер ачылды

Монголияда 5 айдан бери жабык турган мектептер ачылды. Өкмөттүн кабыл алган чечимине ылайык, учурда 596 орто мектепте сабактар өтүлө баштады. Жогорку класстар мамлекеттик сынактарга даярданып жатат. Бирок ар бир класстагы окуучулардын саны ондон ашпашы керек. Мектептерде 1-сентябрга чейин курстар өтүлүп, көзөмөл катуу болот. Эске салсак,… Кененирээк…

Өлкөнүн айрым аймактарында сел жүрүү коркунучу бар

Өлкөнүн айрым аймактарында сел жүрүү коркунучу бар. Кыргызгидрометтин маалыматында, 14-майдан 17сине чейин Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында, каттуу жаан жаайт. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, айрым аймактарда сел жүрүү коркунучу бар. Тоолуу аймактарда жаан карга айланат. Абанын табы төмөндөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 22… Кененирээк…

Өкмөт былтыр чек арага жакын аймактарды өнүктүрүүгө 349 миллион сом жумшады

Өкмөт былтыр чек арага жакын аймактарды өнүктүрүүгө 349 миллион сом жумшады. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев отчетунда билдиргендей, каражаттын басымдуу бөлүгү Баткен облусуна бөлүндү. Мамлекеттик программаларды аткаруунун алкагында Кулунду — Арка, Ак-Сай — Тамдык, Ак-Сай — Рават жана Көк-Сай — Ак-Таш жолдоруна асфальт төшөлдү. Мындан тышкары, 4… Кененирээк…