20-майда Оренбургдан мекендештердин дагы бир тобу алып келинет

20-майда Оренбургдан мекендештердин дагы бир тобу алып келинет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Чартердик каттам кош бойлуу аялдарга, улгайган жана жаш балдары бар адамдарга, дарылануудан кайткандарга уюштурулат. Ведомство чет өлкөдөгү жарандарды кайтаруу иштерин улантып жатат.

Ордо калаада эң эле караңгы көчөлөргө жарык орнотуу уланууда

Ордо калаада эң эле караңгы көчөлөргө жарык орнотуу уланууда. Иштерди “Бишкек жарыктандыруу” муниципалдык ишканасы жүргүзүп жатат. Кыска мөөнөттө Абдыкадыров, Үмөталиев көчөлөрүндө жана Орто-Сай айылында көчө чырактары пайда болду. Аталган тилкелерде иштер уланат. Калаа мэри Азиз Суракматов кызматтарга буга чейин такыр эле көчө жарыгы жок жерлерде… Кененирээк…

Ош облусунун Алай районунда жаңы бала бакчалар курулат

Ош облусунун Алай районунда жаңы бала бакчалар курулат. Бул тууралуу өкмөттүн аймактагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев билдирет. Көптөгөн объектилер, анын ичинде мектепке чейинки даярдоо мекемелеринин курулушу өзгөчө кырдаал режимине байланыштуу токтотулган. Учурда иштер акырындык менен калыбына келүүдө. Күтүлгөндөй, Алайда сентябрга карата 4 бала бакча пайдаланууга берилет.

Кыргызстанда жылдын биринчи кварталында орточо маяна 17 миң 765 сомду түздү

Кыргызстанда жылдын биринчи кварталында орточо маяна 17 миң 765 сомду түздү. Бул тууралуу улуттук статистика комитети билдирет. Айлык былтыркы жылдын аталган мөөнөтүнө караганда дээрлик бардык ишкана жана уюмдарда жогорулады. Маянанын көбөйүшү боюнча саламаттыкты сактоо тармагы алдыда 27 пайыз менен турат. Айлык акынын өсүшү илимий, техникалык,… Кененирээк…

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда электр мамылары жаңыланды

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда электр мамылары жаңыланды. Бул тууралуу райондук электр тармактарынын жетекчиси Тынчтык Турдукулов билдирди. Анын айтымында, Баетов айылында эски электр мамыларынын ордуна жаңы темир бетон мамылары орнотулду. Учурда аба чубалгыларын жаңыртуу иштери жүрүп жатат.

Ысык-Көл облусуна «Ак-Кеме» санитардык-карантиндик посту аркылуу гана кирүүгө болот

Ысык-Көл облусуна Балыкчы шаарынагы «Ак-Кеме» санитардык-карантиндик посту аркылуу гана кирүүгө болот. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлү Акылбек Осмоналиев билдирди. Анын айтымында, аймакка кирүүдө паспортту көрсөтүү талап кылынат. Ал эми облустан «Кызыл Омпол» посту аркылуу чыгууга болот. Бул үчүн райондук администрациядан же шаардык мэриядан алынган өткөрмө… Кененирээк…

Бишкек мэриясы 100 автобус сатып алууга жаңы тендер жарыялады

Бишкек мэриясы 100 автобус сатып алууга жаңы тендер жарыялады. Буга чейин белгилүү болгондой, унааларды жеткирүү сынагын кытайлык компания утуп алган. Бирок тендердин башка катышуучусу комиссиянын чечимине макул болбой даттануу жиберген. Жыйынтыгында уюштурулган сынак жокко чыгарылган. Жаңы тендерге арыздар 5 июнга чейин кабыл алынат. 100 автобус… Кененирээк…

Үстүбүздөгү жылдын март айында кыргызстандык мигранттар өлкөгө 144 миллион доллар которду

Үстүбүздөгү жылдын март айында кыргызстандык мигранттар өлкөгө 144 миллион доллар которду. Бул көрсөткүч февралга караганда 13 пайызга аз. Мындай маалыматты Улуттук Банк тастыктады. Которулган сумма былтыркы жылдын март айына караганда 52 миллионго же 26 пайызга төмөндөдү. Быйылкы жылдын биринчи кварталына ылайык республикага 457 жарым миллион… Кененирээк…

Ошто Орозо айт күнү конок чакырууга жана айттоого тыюу салынды

Ошто Орозо айт күнү конок чакырууга жана айттоого тыюу салынды. Бул тууралуу өкмөттүн  облустагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев билдирди. Анын айтымында, эрежеге баш ийбегендерге айып каралган. Учурда суммасы такталууда. Облус тургундарына сооп алуу ниети болсо, элди үйүнө чакыруунун ордуна, мал этин таратып берүү сунушталат. Белгилеп кетсек,… Кененирээк…

Быйыл ички туризмге басым жасалат

Быйыл ички туризмге басым жасалат. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев билдирди. Былтыркы мониторингдин жыйынтыгында 83 пайызы — кыргызстандыктар, 14 пайызы — КМШ өлкөлөрүнөн, 3 пайызы – европа жана башка өлкөлөрдөн келген туристтер түздү. Учурда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, даярдыктар көрүлүп жатат.