Кыргызстанга бир айдын ичинде чет өлкөлөрдөн 3 жарым миңден ашык адам жеткирилди

Кыргызстанга бир айдын ичинде чет өлкөлөрдөн 3 жарым миңден ашык адам жеткирилди. Бул тууралуу вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирет. Мекендештер 17-апрелден 18-майга чейин 17 чартердик каттам жана 6 автобус менен өлкөгө келди. Алардын бары обсервацияга алынды,  — деди Боронов. Кошумчаласак, 19-марттан 16-майга чейин 24 жарым миң… Кененирээк…

Лас-Вегаста пандемиядан сактануучу бункер сатылууда

Лас-Вегаста пандемиядан сактануучу бункер сатылууда. Анын баасы 18 миллион доллар. Аймагы 15 миң чарчы метр болгон сарай 1978-жылы салынган. Үйдүн ичинде 5 уктоочу бөлмө, ашкана, кинозал, бир нече эс алуу жайлары жана ойноо аянты бар. Үйдө генератор жана 4 жарым миң литр сууга эсептелген резервуар… Кененирээк…

Жогорку жана орто окуу жайларда диплом аралыктан жакталат

Жогорку жана орто окуу жайларда диплом аралыктан жакталат. Тиешелүү буйрукту Билим берүү министрлиги чыгарды. Ага ылайык, мамлекеттик сынактар жана бүтүрүүчү квалификациялык ишти жактоо онлайн өткөрүлөт. Салттуу мамлекеттик сынактар искусство жана спорт адистиктери боюнча уюштурулат. Ошодой эле Ички иштер министрлигинин Академиясынын бүтүрүүчүлөрү да сынакты окуу жайдын… Кененирээк…

25-майдан тартып бир катар ишмердүүлүккө уруксат берилет

25-майдан тартып бир катар ишмердүүлүккө уруксат берилет. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында, 50 орундан ашпаган тамактануучу түйүндөр, жайкы кафе, ресторандар, театр, музей, китепкана, галерея, калаа ичиндеги коомдук транспорт жана кийим-кече сатуучу базарлар ишин жандантат. Бардык тармактар санитардык-гигиеналык нормаларды так сактоосу зарыл… Кененирээк…

Кытайдагы чоң чөл оазиске айланды

Кытайдагы чоң чөл оазиске айланды. Му-Усту чөлү өлкөдөгү 4 чоң чөлдүн бири болчу. 1959-жылы жергиликтүү тургундар кум аралашкан шамалды токтотуу үчүн чөлгө дарактарды отургузуп башташкан. Мурдагы 42 миң чакырым чөл, учурда 400 миң чакырым жашыл аймакка айланды. Жергиликтүү тургундар ушул айдын аягына чейин дагы 400… Кененирээк…

Чүй облусунда коюлган посттордун саны кыскартылды

Чүй облусунда коюлган посттордун саны кыскартылды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлү Алтынбек Намазалиев билдирди. Анын айтымында, учурда облустун аймагында 3 санитардык-карантиндик, 3 фильтрациялык пост иштеп жатат. Ошондой эле элдик кошуундар тарабынан уюштурулган дагы 3 пост ишин улантууда.

25-майдан тарта Бишкекте коомдук транспорттун бардык түрү ишин жанданат

25-майдан тарта Бишкекте коомдук транспорттун бардык түрү ишин жанданат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында, уруксат калаа ичинде каттаганга гана берилди. Коомдук транспортто санитардык эрежелер сакталып, жүргүнчүлөр бет кап тагынышы керек. Буга чейин автобус, троллейбустар 21-майдан тартып ишке чыкпай турганы маалым болгон.

Соль-Илецкиден келген жарандар чуу чыгарганы үчүн үй карантинине чыгарылган жок

Соль-Илецкиден келген жарандар чуу чыгарганы үчүн үй карантинине чыгарылган жок. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Мигранттар алгоритмге ылайык, эки жолу кайталап анализ алынгандан кийин чыгарылды. Ошондой эле обсервациядан чыккандарды жашаган регионуна жеткирүү үчүн атайын транспорт уюштурулду. Ар биринин телефонуна тиркеме… Кененирээк…

Днепр аймагында дыйкан койлоруна беткап кийгизди

Днепр аймагында дыйкан койлоруна беткап кийгизди. Бул тууралуу сүрөттөр жергиликтүү Facebook-тайпасында жарыланды. Соцтармактын айрым колдонуучулары койлор башкалардын бак-дарактарын жана чөптөрүн жеп салбашы үчүн кийгизилди дешти. Кээ бирлери карантин режиминде беткап кийүү эрежесине ылайык деп комментарий калтырышты.

Ордо калаада коомдук транспорт 21-майдан тартып каттамга чыкпай калышы ыктымал

Ордо калаада коомдук транспорт 21-майдан тартып каттамга чыкпай калышы ыктымал. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек боюнча башкармалыгынын жетекчиси Адилбек Чаргынов билдирди. Анын айтымында, автобус, троллейбустар каттамга качан чыгары тууралуу божомолдуу дагы айтыла элек. Эске салсак, Бишкекте 22-марттан тартып коомдук унаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизилген.