Бишкекте 384 окуучуга ылайык мектеп имараты курулууда

Бишкекте 384 окуучуга ылайык мектеп имараты курулууда. Ал №12-мектептин кошумча корпусу, — дешти мэриядан. Маалыматка караганда, жаңы билим берүү мекемесине спорт зал да камтылды. Долбоордун жалпы суммасы 72 миллион сомду түзөт. Каражат коррупция менен күрөшүү үчүн ачылган депозиттик эсептен бөлүндү. Күтүлгөндөй, жаңы имараттын каалгасы окуучулар… Кененирээк…

Кыргызстандыктарга акысыз юридикалык кеӊеш берилет

Кыргызстандыктарга акысыз юридикалык кеӊеш берилет. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет. Маалыматка ылайык, 112 номери аркылуу өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал учурунда жарандарга акысыз юридикалык консультация берилүүдө. Кызмат эртең мененки саат 8ден кечки 8ге чейин орус, кыргыз жана англис тилдеринде жеткиликтүү.

Ордо калаадагы №19-мектептеги курулуш иштери уланууда

Ордо калаадагы №19-мектептеги курулуш иштери уланууда. Мэриянын маалыматында, жаңы корпус 198 окуучуга чакталган. Анда бий залы, окуу класстары, класстан тышкаркы сабактар жана китепкана кабинеттери болот. Курулуш иштерине шаардык бюджеттен 45 миллион сомдон көбүрөөк каражат бөлүндү. Билим берүү мекемеси ушул жылдын 1-сентябрында пайдаланууга берилип калат.

Бүтүрүүчүлөргө аттестаттар 18-июндан 20сына чейин тапшырылат

Бүтүрүүчүлөргө аттестаттар 18-июндан 20сына чейин тапшырылат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Эгер бул датага чейин өлкөдө абал туруктуу болуп, тиешелүү органдар уруксат берсе, күбөлүктөр бүтүрүүчүлөргө салтанаттуу түрдө тапшырылат. Абал жөнгө салынбаса, ар бир окуучу мектеп берген график боюнча ата-энелери менен эки-үчтөн барып мектептен алышат.… Кененирээк…

Балдарды мэрия аркылуу Ысык-Көлгө эс алууга жиберүү меселеси так чечиле элек

Балдарды мэрия аркылуу Ысык-Көлгө эс алууга жиберүү меселеси так чечиле элек. Бул тууралуу Билим берүү башкармалыгынын адиси Данияр Абдулазизов novosti.kgге билдирди. Анын айтымында, өзгөчө кырдаал режими алынса гана балдар эс алууга жиберилет. Бул боюнча бюджетте каражат каралган. Жыйынтыктоочу чечимди рееспубликалык штаб кабыл алат. Эске салсак,… Кененирээк…

Кыргызстан электр энергиясын импорттоо боюнча 3 өлкө менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат

Кыргызстан электр энергиясын импорттоо боюнча 3 өлкө менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Алар Казакстан, Тажикстан жана Түркмөнстан, — деди Улуттук энергохолдингдин башчысы Айтмамат Назаров. Эгер макулдашылса, электр энергия Өзбекстан аркылуу алынат. Быйыл электр энергияны 1 миллиард киловатт-саатка чейин импорттоо пландалууда. Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү өткөн… Кененирээк…

Ордо калаада мыйзамсыз орнотулган объектилерди алуу уланууда

Ордо калаада мыйзамсыз орнотулган объектилерди алуу уланууда. Иштерди жер пайдалануу башкармалыгы жана “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери жүргүзүп жатат. Бул жолу “Чыгыш-5” кичи районундагы павильон, Жаштык Ганди көчөлөр кесилишиндеги контейнер жана 12-кичирайондогу курулуштун дарбазасы алынды. Калаа бийлигинен эскертишкендей, мыйзамсыз орнотулган жана тиешелүү документтери жок орнотулган объектилер алынат.… Кененирээк…

Балдарды коргоо күнүндө Бишкекте массалык сейилдөө болбойт

Балдарды коргоо күнүндө Бишкекте массалык сейилдөө болбойт. Бул тууралуу Мэриянын социалдык өнүктүрүү башкармалыган novosti.kgге билдиришти. уга карабай муниципалитеттин каттоосунда турган бардык балдарга материалдык жардам көрсөтүлөт. Аларга жетим, толук эмес үй-бүлөнүн жана социалдык колдоого муктаж балдар кирет. Калаа бийлиги бере турган акчанын так суммасы жана жардамды… Кененирээк…

Оренбург облусунан Бишкекке 448 кыргызстандык жолго чыкты

Оренбург облусунан Бишкекке 448 кыргызстандык жолго чыкты. Автобустар Россия-казак чек арасынан өттү, — дешти Тышкы иштер министрлигинен. Мекендештер казакстандын жол полициясынын коштоосунда кыргызстанды карай келе жатышат. Ведомстводон белгилешкендей, Казакстан аймагы аркылуу өтүүгө транзиттик коридор ачты. Бул маселе эки өлкө башчыларынын ортосунда жетишилди.

Кыргызстанда Унаа тейлөө борборлору пайда болот

Кыргызстанда Унаа тейлөө борборлору пайда болот. Бул тууралуу мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Анда айдоочулук күбөлүк, унааны каттоо жана кайрадан каттоо кызматтары тез арада жеткиликтүү болот. Планга ылайык ушул жылы Бишкекте эки Унаа тейлөө борборлору ачылат. Андан кийин бүт өлкөгө жайылат. Бул багытта учурдагы “Унаа” мамлекеттик… Кененирээк…