Ымыркайларга туулгандыгы тууралуу күбөлүк өз убагында алынбай калганы үчүн айып салынбайт

Ымыркайларга туулгандыгы тууралуу күбөлүк өз убагында алынбай калганы үчүн айып салынбайт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев билдирди.   Анын айтымында, соңку айларда балалуу болгондор калкты тейлөө борборлору иштебей тургандыгына байланыштуу күбөлүктү ала алышкан жок. Андыктан, айыптарды жокко чыгарып, жарандарга документти тез арада… Кененирээк…

Мектеп бүтүрүүчүлөрү аттестаттарын июндун ортосунда алып калат

Мектеп бүтүрүүчүлөрү аттестаттарын июндун ортосунда алып калат. Бул тууралуу Novosti.kgге Билим берүү министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.   Андан белгилешкендей, ар бир мектеп бүтүрүүчүлөрдүн тизмесин түзүшү керек, анын алкагында аттестаттар кезек менен чакыртылып бирден тапшырылат. Кошумчаласам, быйыл мектепти 58 миң 730 окуучу аяктап жатат.

АКШ жана Канададан 146 кыргызстандык алынып келинди

АКШ жана Канададан 146 кыргызстандык алынып келинди. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, алардын арасында ар кайсы шаарларды алмашуу формасы менен билим алып жаткан окуучулар жана студенттер бар.   Ошондой эле, улгайган жарандар дагы жеткирилди. Жүргүнчүлөр үчүн атайын каттам уюштурулган. Алар Бишкекте обсервацияга алынып, анализдери таза… Кененирээк…

Караколдо пара алып жаткан жеринен Жети-Өгүз районунун прокурорунун жардамчысы кармалды

Караколдо пара алып жаткан жеринен Жети-Өгүз районунун прокурорунун жардамчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинен билдиришти. Ведомство маалыматына ылайык, 38 жаштагы эркек кылмыш ишин оң жагынан чечип берүү үчүн жарандан 2 миң доллар пара талап кылган.   Кармалган прокурордун жардамчысы убактылуу кармоо изоляторуна киргизилди. Сотко… Кененирээк…

Индияда карантин эрежесин бузган 30дан ашуун кыргыз жараны камакта отурат

Индияда 30га жакын кыргыз жараны камакта отурат. Бул маалыматты «Азаттыкка» Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тастыктады. Алар коронавируска каршы карантин эрежелерин бузган деген негизде кармалганы анык болду.   Буга чейин Кыргызстандын Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабы бүгүнкү күндө чет жакта жүргөн кыргыз жарандарынын арасында вируска чалдыккандардын… Кененирээк…