Австралиядагы бороон-чапкын өлкөнүн түштүгүндөгү 50 миңден ашык үйдү жарыксыз калтырды

Австралиядагы бороон-чапкын өлкөнүн түштүгүндөгү 50 миңден ашык үйдү жарыксыз калтырды. Массалык маалымат каражаттары билдиргендей, катуу жааган жаан жана шамал Индия океанынан келген. Аталган аймакта мындай аба ырайы дээрлик катталбайт. Бороон-чапкын негизинен океандын чыгыш т арабындагы жээкте болчу. Учурда толкундун бийиктиги 8 метрге чейин көтөрүлсө, шамалдын… Кененирээк…

Бишкектин көчөлөрүн кайрадан жылкы аралады

Бишкектин көчөлөрүн кайрадан жылкы аралады. Мал Ахунбаев Токтоналиев көчөлөр кесилишинде жүргөн. Соцтармактарга жарыяланган видеодон жылкы унаа жолдо жүргөнүн көрүүгө болот. Эске салсак, ушундай көрүнүш акыркы ирет март айында катталып, мал ээлерине эскертүүлөр берилген. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы жол боюнда кароосуз жүргөн малды сүзүп кетүү… Кененирээк…

Түркия менен Кыргызстандын ортосунда жаңы жүк ташуучу каттам ачылды

Түркия менен Кыргызстандын ортосунда жаңы жүк ташуучу каттам ачылды. Бул тууралуу «Азаттык» билдирет. Жүк ташуучу каттам темир жол жана трасса аркылуу Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайджан жана Түркия аймагын басып, Казакстанды айланып өтөт. Бул жол пандемия шартында жана чек аралар жабылган учурда түрдүү чектөөлөрдү айланып өтүүгө ыңгайлуу.… Кененирээк…

Россия мигранттардын мөөнөтү бүткөн патенттерин автоматтык түрдө узартат

Россия мигранттардын мөөнөтү бүткөн патенттерин автоматтык түрдө узартат. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигинин расмий сайтында жазылды. Эми миграттардын 15-июнга чейин мөөнөтү бүтө турган патенттери автоматтык түрдө 93 күнгө узартылат. Бул үчүн кошумча төлөм алынбайт. Ошондой эле патент алууга жетишпей калган чет элдиктер бул аралыкта ансыз деле… Кененирээк…

Алай районунун Арпа-Тектир айылында алгачкы ирет бала бакча курулду

Алай районунун Арпа-Тектир айылында алгачкы ирет бала бакча курулду. “Турмуш” басылмасы билдиргендей, мектепке чейинки даярдоо мекемеси 90 бөбөккө чакталды. Долбоордун жалпы суммасы 10 миллион сомдон ашык. Каражат республикалык бюджеттен бөлүндү. Мекеме пайдаланууга 10-июнда берилет.

Бишкектеги эс алуу бактар жана бульварлар сейилдөөгө ачылды

Бишкектеги эс алуу бактар жана бульварлар сейилдөөгө ачылды. Мэриядан билдиришкендей, жарандар аралыкты сакташы зарыл. Талаптардын аткарылышына “Шаардык сейил бактар” муниципалдык ишканасы жооптуу болот жана көзөмөлдөп турат. Белгилеп кетсек, алдыдагы 1-июнь балдарды коргоо күнүндө массалык сейилдөөгө болбойт.

Жети-Өгүз районунда жер көчтү

Жети-Өгүз районунда жер көчтү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында, жер массасынын жүрүшү өткөн дем алыш күндөрү Чоң-Кызыл-Суу айылында катталды. Жаратылыш кырсыгынан жабыркагандар жок. Жер көчкү 1 курулуштун дубалын жарактан чыгарды. Жеринде жарандык коргоонун ыкчам тобу жана комиссиясы иштерди жүргүзүштү. Т опуракты тазалоо иштери бүгүн жүргүзүлөт.

Ысык-Көлдөгү эс алуу үйлөрү жана пансионат ээлери үчүн бир катар эрежелер киргизилет

Ысык-Көлдөгү эс алуу үйлөрү жана пансионат ээлери үчүн бир катар эрежелер киргизилет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, ден соолукту чыңдоо санаторийлеринде жана эл көп чогулган жерлерде медицина кызматкерлери нөөмөттө турушат. Алар оорунун белгилери бар адамдарды аныктап, изоляцияга алат.… Кененирээк…

Акыркы 2 айда дүйнөдөгү эң бай 25 адамдын каражаты 255 миллиард долларга көбөйдү

Акыркы 2 айда дүйнөдөгү эң бай 25 адамдын каражаты 255 миллиард долларга көбөйүп, дээрлик 1,5 триллион долларга жетти. Дүйнө байларынын каражаттарын Forbes басылмасы эсептеп чыкты. Аталган мөөнөт аралыгында барынан Facebookтун негиздөөчүсү Марк Цукербергдин капиталы өстү. 23-марттан бери анын каражаты 31,4 миллиард долларга көбөйүп, 86,5 миллиард… Кененирээк…

Бишкекте лифттер жаңыланат

Бишкекте лифттер жаңыланат. Мэриянын маалыматына ылайык, ушул жылы пайдаланганына берилгенине 25 жылдан ашкан көп кабаттуу үйлөрдүн 21 лифти алмаштырылат. Ошондой эле анын катарында №1-шаардык клиникалык ооруканасынын лифти бар. Учурда медициналык мекемеде иштер башталды. Ал эми турак жайлардагы лифттерди алмаштыруу эскилери эсептен чыгарылгандан кийин башталат. Жаңы… Кененирээк…