Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу бар
Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу бар. Бул тууралуу Кыргызгидромет эскертет. Андан белгилешкендей, 29-майдан 3-июнга чейин күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу сел жүрүшү ыктымал. Бул күндөрү дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт. Буга аба табынын кескин жогорулашы себеп болууда.