Өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу сакталууда

Өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу сакталууда. Өзгөчө кырдаалдар  министрлигинен билдиришкендей, бул күн жылып, кар ээрип жатканына байланыштуу.   Андан тышкары, айрым райондордо нөшөрлөгөн жаандан улам, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт. Андыктан, тоолуу аймактардын жашоочуларына этият болуп, айдоочуларга унаалар ортосундагы тиешелүү 500 метрлик аралыкты сактоо сунушталат.

Кыргыз-өзбек чек арасында абал туруктуу

Кыргыз-өзбек чек арасында абал туруктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Андан белгилешкендей, эки өлкөүн укук коргоо органдары аймакта биргелешкен кайгуул жүргүзүп жатат.   Тараптар ошондой эле жаңжалдады жана тартип бузууларды алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.   Эске салсак, 31-майда Кадамжай районунда Өзбекстан… Кененирээк…

Кыргызстанда 15 мектептин курулушу Бирдиктүү депозиттик эсептен которулган каражатка жүрүүдө

Кыргызстанда 15 мектептин курулушу Бирдиктүү депозиттик эсептен которулган каражатка жүрүүдө.   Бул тууралуу novosti.kgге Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришти. Ведомстводон белгилешкендей, өткөн жылы курулуш иштерине 284 миллион сомдон ашык бөлүнгөн. Учурда ошол акча колдонулуп жатат.   Күтүлгөндөй, жакынкы арада ошол эле депозиттик эсептен дагы… Кененирээк…

Жалал-Абадда 78 миңден ашык түтүн медициналык текшерүүдөн өттү

Облус аймагында саламаттык сактоо кызматкерлеринен түзүлгөн атайын топтун жардамы менен өткөн айда 78 миңден ашык түтүндөгү 393 миңден ашык адам медициналык кароодон өттү. Мындай маалыматты өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов 2-июнда Жалал-Абаддагы онлайн брифинг учурунда билдирди. Өкмөт өкүлү медицина кызматкерлери элди үймө-үй кыдырып… Кененирээк…

Аксыда үч айыл карантинге алынды

Аксы районунда Россиядан  «Жүк 200дү» коштоп келген эки тургун менен байланышта болгон үч айылдын тургундары карантинге алынды. Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков «Азаттыкка» билдиргендей, айылдагы 31 адам обсервацияга алынган.   Ызабеков: «25-майда Орусияда каза болгон Аксы районунун тургунунун сөөгүн эки… Кененирээк…

Парламент комитети шайлоо босогосу тууралуу мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоду

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети 2-июнда «Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзам долбооруна сунушталган өзгөртүүлөрдү экинчи окууда кабыл алды.   Анда парламенттик шайлоонун босогосун тогуз пайыздан жети пайызга төмөндөтүү сунушу камтылган. Ушул эле документте партияларга шайлоого… Кененирээк…

Бишкекте санитардык талаптарды сактабаган кафе-ресторандарга айып салуу уланууда

Бишкекте санитардык талаптарды сактабаган кафе-ресторандарга айып салуу уланууда. Ордо калаа мэриясынан билдиришкендей, текшерүүлөрдүн алкагында коомдук тамактануу жайларында 50дөн ашык отургучтар болгону жана санитардык талаптар аткарылбаганы аныкталды.   Аларга карата протоколдор түзүлүп, бир күндүн жыйынтыгы менен эле 363 миң сомго айып жазылды.

Ошто бала бакчанын курулушу башталды

Ошто бала бакчанын курулушу башталды.   Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, Ак-Тилек кичи районунда жайгашкан мектепке чейинки билим берүү мекемеси 100 бөбөккө эсептелген. Тендерде жеңүүчү аталган компания бала бакчанын курулушуна 22,5 миллион сом жумшайт.   Каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүндү.

Өкмөт ишканаларды банкрот деп жарыялоону убактылуу токтотту

Өкмөт ишканаларды банкрот деп жарыялоону убактылуу токтотту. Чечимге биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов кол койду.   Документ мамлекеттик органдардын COVID-19га каршы чараларынын түз жана кыйыр таасиринен улам төлөөгө жөндөмсүз болгон ишканаларды колдоого багытталат.   Ошондой эле, өкмөт тарабынан ишканаларды колдоо боюнча иш планы бекитилип, салыктык жана… Кененирээк…

Узак жашоо сыры

Бухаресттин жашоочусу Думитру Команеску учурда дүйнөдөгү узак жашаган адам деп эсептелет деп билдирди РИА Новости Romania Insider басылмасына таянып. Буга чейин британиялык 112 жаштагы Боб Уэйтон аталган титулду бербей келген. Эми ал каза болгондон кийин ал 111 жаштагы Думитру Команескуга өттү. Ал 1908-жылы 8-ноябрда Румыния борборунун жанындагы… Кененирээк…