Бишкекте санитардык талаптардын аткарылышына атайын топтор көз салууда

Бишкекте санитардык талаптардын аткарылышына атайын топтор көз салууда. Вице-мэр Татьяна Кузнецованын айтымында, алар күн сайын базарларды, соода борборлорун, коомдук транспортту жана сулуулук салондорун текшерип жатат.   11-майдан бери жалпы суммасы 1 миллиондон ашкан 547 протокол түзүлдү.

Билим берүү министрлиги телесабактарды тартуусун улантат

Билим берүү министрлиги телесабактарды тартуусун улантат. Ведомство жетекчисинин орун басары Надира Жусупбекова билдиргендей, иштер жайында мугалимдерди жана методисттерди тартуу менен жүргүзүлөт.   Жусупбекова белгилегендей, окуучуларды онлайн форматка туруктуу түрдө өткөрүү пландалбайт. Бирок министрлик буга даяр болушу керек. Анын үстүнө, телесабактар кошумча окуу ресурсу боло алат.

Нарында селдин кесепетин жоюу уланууда

Нарында селдин кесепетин жоюу уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кечээ нөшөрлөгөн жаандан улам Чоң-Нарын каналынан суу ташып, Батыш, Алма-Бак, Ак-Коргон, Көтөрмө тилкелеринде жайгашкан 60 турак-жайдын короолорун, чарба курулуштарын жана ички жолдорду суу каптады.   Учурда жеринде 30 куткаруучу атайын техниканын жардамы менен иштеп жатат.

Эл аралык аба каттамдарын жандандыруунун так күнү белгилене элек

Эл аралык аба каттамдарын жандандыруунун так күнү белгилене элек. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, 15-июндан тарта Кыргызстан аэропорттору башка мамлекеттерден учактарды кабыл алууга даярдык көрө баштайт.   Ал эми эл аралык аба каттамдарды толук жандантууга өкмөт уруксат бериши керек. Эске салсак, буга чейин Жарандык авиация… Кененирээк…

Республиканын тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу сакталууда

Республиканын тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу сакталууда. Куткаруучулар билдиришкендей, бул тоодогу каржы ээригенине жана айрым аймактарда нөшөрлөп жаан жааганына байланыштуу. Дарыяларда суунун деңгээли дагы көтөрүлүшү мүмкүн.   Айдоочуларга этият болуп, унаалар ортосундагы 500 метрлик аралыкты сактоо сунушталат.

Бишкектин жаңы конуштарында көчө жарыгын оңдоо уланууда

Бишкектин жаңы конуштарында көчө жарыгын оңдоо уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, жаңы шамчырактар Келечек, Эне-Сай конуштарында пайда болду. Жакынкы арада иштер ошондой эле Кайыңды, Чалбай конуштарында жүргүзүлөт.   Жарыктандыруу боюнча арыздар менен шаар тургундары “Бишкексвет” ишканасына кайрыла алат.

Швейцияда кызыктуу жана өзгөчө вакансия ачылды

Швейцияда кызыктуу жана өзгөчө вакансия ачылды. Бул кызматты аркалаган адам станциядагы жарыкты күнүнө эки жолу күйгүзүп, өчүрүп гана коюшу керек. Бул үчүн ал айына 2 миң 300 доллар алат.   Болгону атайын белгиленген убакытта гана жарыкты өчүрүп, кайра күйгүзүрп коюу керек. Башка жумушу болбойт. Жергиликтүү… Кененирээк…

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы мал базар ушул жекшемби, 7-июнда иштеп баштайт

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы мал базар ушул жекшемби, 7-июнда иштеп баштайт. Райондун акими Нурбек Сатаров белгилегендей, базарга соода кылганы ошол аймактын жашоочулары гана кире алат.   Райондогу карантин дагы эле күчүндө. Андыктан, базардын кире беришине посттор орнотулат. Ага киргендер медициналык беткапчан болушу керек.

Билим берүү министрлиги мугалимдерди жана ата-энелерди  ийгиликтүү аяктаган окуу жылы менен куттуктап, ыраазычылык билдирди

Билим берүү министрлиги мугалимдерди жана ата-энелерди  ийгиликтүү аяктаган окуу жылы менен куттуктап, ыраазычылык билдирди. Быйыл төртүнчү чейрек аралыктан өттү.   Мындай формат биринчи ирет колдонулгандыктан, көптөгөн маселелер орун алды. Тез арада жаңы технологияларды өздөштүрүп, окуу процессин үзгүлтүккө учуратпаган мугалимдерге миң алкыш, — дешти ведомстводон.  … Кененирээк…

Чет элдик жарандар үчүн “Жашыл коридордун” мөөнөтү 1-июлга чейин узартылды

Чет элдик жарандар үчүн “Жашыл коридордун” мөөнөтү 1-июлга чейин узартылды. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстандагы чет элдиктер ага чейин атайын визаларды албай эле чыгып кете алат.   Ошондой эле алардан жашаган жери боюнча каттоо кагазы талап кылынбайт. Мындай чечим эл аралык каттамдардын жоктугунан улам… Кененирээк…