Криштиану Роналду тарыхтагы алгачкы миллиардер футболчу болду

Криштиану Роналду тарыхтагы алгачкы миллиардер футболчу болду. Forbes басылмасынын маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө чейин тапкан акчасын Роналду 650 миллион долларын маяна катары алса, калганы демөөрчүлүк келишимдерден келип түшкөн.   Өткөн жылы ал  жалпысынан 105 миллион доллар таап, 2020-жылы эң бай жылдыздардын тизмесинде төртүнчү орунга көтөрүлгөн.

Бишкекте жакынкы арада унаа тейлөөчү борборлор ачылат

Бишкекте жакынкы арада унаа тейлөөчү борборлор ачылат. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев билдиргендей, биринчиси июлдун аягына чейин ачылса, экинчисинин ачылышы жыл аягына белгиленди. Кийин мындай борборлор Талас, Каракол шаарларында жана Чүй облусунда пайда болот.   Аларда унааларды каттоо жана айдоочу күбөлүктөрүн берүү боюнча жеңилдетилген… Кененирээк…

Бишкектеги “Ак-Кула” ат майданы түрттүрүлүп, ордуна жаңысы курулат

Бишкектеги “Ак-Кула” ат майданы түрттүрүлүп, ордуна жаңысы курулат. Тиешелүү токтом долбоорун мэрия коомдук талкууга чыгарды. Документте белгиленгендей, имарат жана трибуналардын абалы кейиштүү абалга келип калды.   Аларды колдонуу кийин адамдардын коопсуздугуна коркунуч туудурушу мүмкүн. Жаңы ипподром унаалар үчүн атайын токтотуу жайлары менен камсыздалып, трибунадагы орундар… Кененирээк…

Бишкектеги муниципалдык бала бакчалардын кызматкерлери вируска текшерилди

Бишкектеги муниципалдык бала бакчалардын кызматкерлери вируска текшерилди. Жыйынтыктары таза чыкты, — дешти мэриядан. Маалыматка ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде жалпысынан 1 миң 700 кызматкер эмгектенет.   Муниципалитеттен кошумчалашкандай, жеке менчик бала бакчалардын жумушчуларынын тизмеси дагы түзүлдү. Алар эртең анализ тапшырат. Жыйынтыктары жакшы чыкса, ишин… Кененирээк…

Үй карантин  эрежелерин бузгандар Ысык-Көл облусуна киргизилбейт

Үй карантин  эрежелерин бузгандар Ысык-Көл облусуна киргизилбейт. Өкмөттүн аталган аймактагы өкүлү Акылбек Осмоналиевдин айтымында, карантинге алынгандар 14 күндүк обсервациядан кийин гана Ысык-Көлгө кире алышат.   Буга чейин карантинди бузган эки киши посттон өткөрүлгөн эмес.   Алардын бири Вьетнамдан келип, 14 күн бою Бишкекте үйдөн чыкпай… Кененирээк…

Ысык-Көлдөгү балдар лагерлери 25-июндан тарта иштеп башташы күтүлөт

Ысык-Көлдөгү балдар лагерлери 25-июндан тарта иштеп башташы күтүлөт. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев билдирди.   Анын айтымында, объектилердин ишин толук кандуу жандантуу суроосу өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдан көз каранды болот. Уруксатты медицина кызматкерлери жана эпидемиологдор берет. Эске салсак, 1-июндан тарта кыргызстандыктар туристтик… Кененирээк…

АКШнын Миннеаполис шаарында Жорж Флойд менен коштошуу аземи болуп өттү

АКШда 25-майда полиция кызматкерлери тарабынан кыйноо жолу менен өлтүрүлгөн Жорж Флойд менен коштошуу аземи Миннеаполис шаарында болуп өттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.   Маалыматка ылайык, коштошуу аземине маркумдун туугандары, активисттер, саясатчылар жана шоу-бизнес өкүлдөрү катышты. Жакынкы күндөрү маркум менен коштошуу аземин башка шаарларда дагы өткөрүү… Кененирээк…

Карантин учурунда интернет колдонуучулардын саны 33 пайызга өстү

Өлкө боюнча карантин учурунда интернет колдонуучулардын саны 33 пайызга өстү. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев онлайн брифинг учурунда айтты.   Азыркы кырдаал, күнүмдүк жашообузду, арабызда болгон карым-катнашты кыйла өзгөрттү. Бул чакырыктарга карабастан акыркы жылдары «Санарип Кыргызстан» концепциясынын алкагында жасалган иштер бул… Кененирээк…

Японияда күн ысып жаткандыгына байланыштуу бет кап тагынбоо сунушталууда

Японияда күн ысып жаткандыгына байланыштуу өлкөнүн Айлана чөйрөнү коргоо министрлиги жарандарга күн ысык мезгилде медициналык бет кап тагынбоону сунуштоодо. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.   Маалыматка ылайык, Японияда абанын температурасы 32 градуска көтөрүлгөн жана дагы көтөрүлүшү күтүлүүдө. Мындан улам министрлик жарандарды медициналык бет… Кененирээк…

Вьетнамдын тургуну айфондордон дарбаза куруп алды

Вьетнамдын тургуну айфондордон дарбаза куруп алды. Өзгөчө жасалгага ал жүздөгөн гаджеттерди колдонду. Дубалга көбүнчө iPhone 6, 7  жана 7 Plus смартфондору чапталган.   Дарбаза ээси миллионер эмес. Ал болгону телефон оңдоочу жайда иштегендиктен, жарабай калган корпустарды ушундай максатта колдонууну туура көргөн.