Кыргыз-Түрк достугунун ооруканасы бейтаптарды кабыл ала баштады

Кыргыз-Түрк достугунун ооруканасы бейтаптарды кабыл ала баштады. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде Нурболот Үсөнбаев билдирди.   «Ооруканага орточо оор адамдарды жаткыра баштадык. Ал жерге 70 койка дайындалып, учурда оорукана бейтаптарды кабыл алып жатат», — деп билдирди.

«Кыргыз темир жолу» ишканасындагы коррупциялык схема аныкталып, 4 киши кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин коррупцияга каршы күрөшүү кызматы «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык схеманы аныктады. Бул ишке тиешеси бар делинип 4 киши кармалганын мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.   «Мамлекеттик ишкананын мурдагы жана азыркы жооптуу адамдары мамлекеттик сатып алууда бааларды атайылап жогорулатышкан.… Кененирээк…

Төкмө акын Элмирбек Иманалиев атындагы коомдук фонд негизделди

Элмирбек Иманалиев атындагы коомдук фонд негизделди. Маалыматты төкмө акындын кызы, фонддун негиздөөчүсү Айзуура Иманалиева билдирди. «Ый менен адамды артка кайрый албайт экенбиз. Мындай оор жоготууну экинчи ирет жашап жатабыз. Түшүмдѳ атамды кайрадан тирилтүү менен убарамын. Мындайда ойгонгум келбейт Бирок ѳзүмдү колго алып, экинчи ѳмүрүн узак жылдарга жашатууну тилек… Кененирээк…

Базар-Коргондо дайынсыз болуп жаткан 3 бала аман-эсен табылды

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда дайынсыз болуп жаткан 3 бала табылды. Маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты. Мекемеден билдиргендей, балдардын дайынсыз болуп жатканы тууралуу маалымат 5-июнь күнү саат 20:10до Базар-Коргон райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө келип түшкөн. Анда Колот айылында 3 бала дайынсыз болуп жатканы, алар сууга… Кененирээк…

Базарларда коронавирус коркунучу жогору

Ата мекендик өндүрүштөр маска жана антисептиктерди тез арада чыгарууга көмөктөшүшү керек. Бул тапшырма Республикалык штабдын жыйынында мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына берилген. Бийлик өкүлдөрү коронавирус илдетин алдын алуу иретинде коомдук жайларды дезинфекциялоону жана үй карантинин талдкуулашты.   Белгилүү болгондой, COVID-19 жугузган адам борбордук ири базарлардын бирине… Кененирээк…

Билим берүү министрлиги балдарды бала бакчага жибербей турууну сунуштайт

Билим берүү жана илим министрлиги мектепке чейинки билим берүү мекемелерин ачууга даяр. Бул тууралуу Республикалык штабдын жыйынында министридин орун басары Надира Жусупбекова маалымдады.   Маалым болгондой, мектепке чейинки билим берүү мекемелерин ачууга уруксат берилди, бирок министрлик өтө зарыл шартта гана бала бакчага жөнөтүүнү сунуштайт.   «Биз… Кененирээк…

Россияда коронавируска каршы вакцина кийинки жумада чыгып, акысыз берилет

Коронавируска каршы «Авифавир» препараты Россияда Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун алкагында бекер берилет. Бул тууралуу Россиянын түз инвестициялар фондунун башчысы Кирилл Дмитриев президент Владимир Путин менен жолукканда айтканын Кремлдин сайты маалымдады.   Дмитриев «Авифавир» коронавируска каршы чыгарылган Россиядагы алгачкы, ал эми дүйнөдө экинчи болуп катталган дары экенин билдирген.… Кененирээк…

Аймактагы бизнес жана элдеги мүлк эсептелүүдө

Аймактык салык органдары жакынкы эки жуманын ичинде салык төлөөчүлөргө инвентаризация жүргүзөт. Бул туурасында Салык кызматы билдирди. Аталган кызматтын төрагасы Кабыл Абдалиев жер-жерлердеги салык органдары салыктын суммасын так эсептөө үчүн зарыл болгон мүлктүн аянтын, коюм жана коэффициенттерди конкреттүү түрдө көрсөтүү менен салык төлөөчүлөргө инвентаризация жүргүзүүгө тапшырма… Кененирээк…

Карантин мектептерди санарипке өткөрүүнү он эсе тездетти

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу карантин билим берүү тармагындагы санариптештирүү процессин 10 эсе тездетти. Бул тууралуу 5-июнда «Жаштарды өнүктүрүү институту» уюму өткөргөн онлайн брифингде айтылды.   Уюм «Мектеп окуучуларынын аралыктан билим алуу мүмкүнчүлүгү жана сапаты» деген багытта мониторинг жүргүзгөн. Жалпысынан үч миңге жакын ата-эне жана окуучу респондент болгон.   Алар телеканалдар… Кененирээк…