Балдарды өтө зарыл учурда гана бакчага жиберүү керек

Балдарды өтө зарыл учурда гана бакчага жиберүү керек. Мындай сунушту Билим берүү  министринин орун басары Надира Жусупбекова берди. Анын айтымында, эгерде карай турган адам болсо, коопсуздук максатында баланы үйгө эле калтырган оң болот. Учурда бакчаларда усулдук ыкмалар балдардын топтолушуусуна каршы өзгөртүлүп, социалдык аралык сакталган оюндар киргизилип… Кененирээк…

Баткен облусунда санитардык талаптарды сактабаган объектилерге 89 миң сом айып салынды

Баткен облусунда санитардык талаптарды сактабаган объектилерге 89 миң сом айып салынды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Чынар Саттарова билдирди. Анын айтымында, облус аймагындагы базарлар жана башка жерлерде текшерүү иштери жүрүүдө. Санитардык талаптарды аткарбаган объектилерге айып салынууда.

Францияда ичимдиктен бактерияга каршы гель жасала баштайт

Францияда ичимдиктен бактерияга каршы гель жасала баштайт. Дистилляциядан алынган спирт фармацевтика тармагында гана эмес, косметика өндүрүшүндө да колдонулат. Ичимдикти утилизациялоону Евробиримдик каржылайт. Мындай кадам ишкерлерге кризистен чыгууга жардам берет. Коронавирус пандемиясынан улам Франция жана башка мамлекеттерде барлар жабылды. Мунун кесепетинен шарап чыгаргандар чыгымга учурады.

Көчө жарыктарын орнотуу иштери Ленин районунда да аткарылды

Көчө жарыктарын орнотуу иштери Ленин районунда да аткарылды. Мэриянын маалыматына ылайык, иштер Тимирязев, Алты-Бакан жана Шербет тилкелеринде жүрдү. Анда жалпысынан 39 көчө чырактары орнотулду. 1 миң 100 метр электр энергиясын таратуучу аба чубалгылары тартылды. Муну менен катар Дэн Сяопин көчөсүнүн бир бөлүгүндө эскилиги жеткен 1… Кененирээк…

Жалпы республикалык тестирлөө 116 борбордо уюштурулат

Жалпы республикалык тестирлөө 116 борбордо уюштурулат. Имараттарда бардык санитардык-эпидемиологиялык нормалар жана талаптар сакталат, — деди билим берүү министринин орун басары Нурлан Өмүров. Анын айтымында,  борборлордо медицина кызматкеринин күзөтү уюштурулат. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө 3 этап менен өтөт. Жетишпей калгандар үчүн атайын кечиктирилген тест уюштурулат.

Ордо калаада гүлдөрдүн көргөзмөсү өтүп жатат

Ордо калаанын Жеңиш аянтында үйдө жана бакчада өстүрүүчү гүлдөрдүн көргөзмөсү өтүп жатат. Анда гүлдүн түрлөрүнөн тышкары карапалар, жомок каармандарынын бакчага коюлуучу сөлөкөттөрү жана багбанчылыкка керектүү товарлар да сатылууда. Көргөзмөдө адистерден кеңеш алуу мүмкүнчүлүгү да түзүлдү. Мэриянын маалыматына ылайык, жарманке 15-июнга чейин болот.

Муниципалитеттин кызматкерлери мыйзамсыз орнотулган объектилерди алуу иштерин улантууда

Муниципалитеттин кызматкерлери мыйзамсыз орнотулган объектилерди алуу иштерин улантууда. Ордо калаа мэриясынын маалыматына ылайык, “Жаштык” эс алуу багындагы салмагы 40 тоннаны түзгөн контейнер алынды. Ошондой эле Патриса Лулумба көчөсүндөгү, №10, №11, жана Жал кичи райондорундагы күркөлөр да чыгарылды. “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери мыйзамсыз орнотулган объектилерди алуу иштерин… Кененирээк…

Кыргызстандын футбол боюнча курама командалары бүгүнтөн тартып машыга башташты

Кыргызстандын футбол боюнча курама командалары бүгүнтөн тартып машыга башташты. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги спорттун айрым тармактарынын ишин жандантуу тууралуу буйрук чыгарды. Ага ылайык, бүгүнтөн тартып футбол жана футзал клубдарына машыгуу иштерин өткөрүүгө уруксат берилди. Алар 11 мелдеш жана турнирлердин алкагында өткөрүлөт.

Жогорку окуу жайларга кабыл алуу 3 тур менен уюштурулат

Жогорку окуу жайларга кабыл алуу 3 тур менен уюштурулат. Быйылкы кабыл алуу онлайн түрүндө, аралыктан өткөрүлөт, — деди билим берүү министринин орун басары Нурлан Өмүров. Анын айтымында, 20-22-июлда 1-тур, 27-июлдан 29уна чейин 2-тур жана 3-августтан 5ине чейин – 3-тур болот. Тапшыруунун алгачкы 3 күнүндө абитуриенттер… Кененирээк…

Бишкек – Ош – Бишкек аба каттамы ишин жандантты

Бишкек – Ош – Бишкек аба каттамы ишин жандантты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган каттам боюнча бүгүн, алгачкы 208 жүргүнчү тейленди. Иштелип чыккан алгоритмге ылайык, бардык жарандар аба майданга кирерде автоматташтырылган термометриядан жана дезинфекциялоочу тоннелдерден өтөт. Ошондой эле учуу имараттарында социалдык аралыкты… Кененирээк…