Ысык-Көлдүн кире беришиндеги постто айрым эрежелер өзгөрдү

Ысык-Көлдүн кире беришиндеги постто айрым эрежелер өзгөрдү. Эми башка аймактардан келгендердин дене табы гана текшерилет, — дешти Тоң райондук администрациядан. Буга чейин бардыгын бирден каттап, тизмелери райондорго жана шаарларга жөнөтүлүп турчу. Ошондой эле чет өлкөдөн келгендер жана жергиликтүү тургундар кылдат текшерүүдөн өтүшөт. Тизмелери шаарларга жана… Кененирээк…

Жалпы республикалык тестирлөө учурунда милиция кызматкерлери тартипти көзөмөлдөйт

Жалпы республикалык тестирлөө учурунда милиция кызматкерлери тартипти көзөмөлдөйт. Ошондой эле абитуриенттердин ортосунда 1,5-2 метр аралык сакталышы керек, — деди вице-премьер-министр Аида Исмаилова. ЖРТ 116 тестирлөө борборунда уюштурулат. Ар бир тестирлөө борборуна күнүнө 530 адам киргизилет. Аудиторияларды дезинфекциялоо, гигиеналык каражаттар менен камсыз кылуу жана санитардык нормаларды… Кененирээк…

Россия өлкөнүн түштүк аймагында авиабаза ачуу оюнан кайтты

Россия өлкөнүн түштүк аймагында авиабаза ачуу оюнан кайтты. Бул тууралуу коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Нурсейит Кедеев билдирди. Буга чейин Россия авиабазанын филиалын Кызыл-Кыяда ачууну пландаган.

Балдарды бакчага кабыл алууда алардын ПЦР анализи зарыл эмес

Балдарды бакчага кабыл алууда алардын ПЦР анализи зарыл эмес. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди. Анын айтымында, ата-энелердин арызынын жана педиатрдын баланын ден соолугу тууралуу маалым каттардын негизинде кабыл алынат. Бала бакчалардын имаратын дезинфекциялоо жана аларга кабыл алуу санитардык-эпидемиологиялык борборлордун уруксаты менен жүргүзүлөт.

Кытай өнүгүп келе жаткан 77 өлкөдөн карызын албай турууну чечти

Кытай өнүгүп келе жаткан 77 өлкөдөн карызын албай турууну чечти. Кытайдын тышкы иштер министринин орун басары Ма Чжаосюйдун айтымында, буга чейин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо ассамблеясынын видеоконферециясында өлкө башчы Си Цзиньпин коронавирустан жапа чеккен өлкөлөргө 2 миллиард доллар бөлүнөрүн билдирген. Бирок каражат кандай бөлүштүрүлөрү ачык айтылган… Кененирээк…

Май айында керектөөчүлөр 42 миллион киловатт-саат электр энергиясын үнөмдөштү

Май айында керектөөчүлөр 42 миллион киловатт-саат электр энергиясын үнөмдөштү. “Түндүк электр» ишканасынан билдиришкендей, май айына 362 миллион киловатт-саат электр энергиясы каралган. Бирок керектөө 320 миллион киловатт-саатты түздү. Ал эми былтыркы жылдын ушул эле мөөнөт аралыгында “Түндүк электрдин” керектөөчүлөрү 360,5 миллион киловатт-саат электр энергиясын колдонушкан.

Бишкекте №12-бала бакчанын жаңы корпусу пайда болот

Бишкекте №12-бала бакчанын жаңы корпусу пайда болот. Учурда жалпы аянты 416 чарчы метрди түзгөн 1 кабаттуу мектепке чейинки даярдоо мекемесинин курулушу башталды. Долбоордун жалпы суммасы 17 миллион сомду түзөт. Каражат шаардык бюджеттен бөлүндү. Түзүлгөн келишимге ылайык, №12-бала бакчанын жаңы корпусунун курулушу ушул жылдын аягына чейин… Кененирээк…

Бишкекте 165 бүтүрүүчү өзгөчө үлгүдөгү аттестат алууга талапкер

Бишкекте 165 бүтүрүүчү өзгөчө үлгүдөгү аттестат алууга талапкер. Мэриянын билим берүү башкармалыгынан билдиришкендей, быйыл ордо калаада жалпысынан 6 миң 593 окуучу 11-классты аяктады. Учурда райондук борборлордо аталган аттестатка талапкер бүтүрүүчүлөрдүн тизмеси түзүлүп, министрликке жөнөтүлдү. Белгилеп кетсек, “Алтын Тамга” тестирлөөсү 18-июнда өтөт. Ошондой эле бүтүрүүчүлөрдүн жыйынтыктоочу… Кененирээк…

Бала бакча кызматкерлери вируска анализди акысыз тапшырат

Бала бакча кызматкерлери вируска анализди акысыз тапшырат. Лабораториялык диагностика менчик формасына карабастан бакча кызматкерлеринин баарына бирдей тиешелүү, — дешти Республикалык штабдан. Санитардык нормаларга жооп берген мекемелер атайын бекитилген алгоритмге ылайык ачылып, иштөөгө уруксат берилет. Кошумчаласак, Кыргызстанда 1 миңден ашык бала бакча бар, 80ге жакыны жеке… Кененирээк…

Коронавирус менен күрөшүүгө чогулган каражат 53 миллион сомду түздү

Коронавирус инфекциясы менен курөшүүгө мамлекеттик компаниялар тарабынан көрсөтүлгөн жалпы жардамдын суммасы 53 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Жылдызбек Исакулов билдирет. Анын айтымында, 24 миллион сом акчалай которулган. Ал эми 29 миллион сому азык-түлүк түрүндө. Эске салсак, Кыргызстанда коронавирус катталгандан тартып ишкерлер, депутаттар… Кененирээк…