Бишкек мэриясы 3 мектептин ашканасында масштабдуу оңдоп-түзөө иштерин жүргүзөт

Бишкек мэриясы 3 мектептин ашканасында масштабдуу оңдоп-түзөө иштерин жүргүзөт. Кеп, №18, №81 жана №69 билим берүү мекемелери тууралуу болуп жатат. Аларда ремонттук иштер жүрүп, инженердик коммуникациялардын бары жаңыланат. Ошондой эле заманбап тамак-аш даярдоочу жабдуулар орнотулат. Аталган долбоорлорго шаар бюджетинен 12 миллион сом бөлүнөт.

Ош шаарынын Жапалак айыл аймагы таза суу менен камсыз болот

Ош шаарынын Жапалак айыл аймагы таза суу менен камсыз болот. Бул тууралуу президент аппаратынын маалымат бөлүмү билдирет. Долбоорду ишке ашыруу менен 10 калктуу конушка таза суу системасы тартылат. Муну менен 20 миң тургундун таза суу көйгөйү чечилет. Каражат республикалык бюджеттен бөлүндү. Биринчи этап боюнча курулуш… Кененирээк…

Америкада алгачкы ирет афроамерикалык адам штаб башчысы болду

Американын Сенаты аскердик-аба күчтөрүнүн штаб башчысы кылып афроамерикалык генерал — Чарльз Браунду дайындады. Муну менен ал штабдын афроамерикалык биринчи жетекчиси болуп калды. Сенаторлордун добуш берүүсүнүн жыйынтыгында бир дагы каршы добуш болгон жок.

Чемпиондор лигасынын 1/8 финалдык оюндары 8-9-августта өтөрү күтүлүүдө

Чемпиондор лигасынын 1/8 финалдык оюндары 8-9-августта өтөрү күтүлүүдө. УЕФА уюму футбол боюнча Чемпиондор лигасынын жыйынтыктоочу оюндарынын планын түздү. Ал эми 12-августтан тартып Лиссабондо кичи мелдеш баштоо пландалды. Анда 8 команда плей-офф форматында бир оюндан өткөрөт. Беттештер “Жозе Алваладе” жана “Эштадиу да Луш” стадиондорунда күйөрмандарсыз өтөт.… Кененирээк…

Россия 15-июлдан тартып КМШ өлкөлөрү менен аба каттамдарын жандантат

Россия 15-июлдан тартып КМШ өлкөлөрү менен аба каттамдарын жандантат. Жергиликтүү ММКлардын маалыматына ылайык, аталган мөөнөттөн тартып Россиядан КМШ өлкөлөрүнүн шаарларына аба жолдору уюштурула баштайт. Ал эми башка өлкөлөр ортосундагы каттамдар тууралуу маалымат 1-августта жарыяланат. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда тышкы аба каттамдар тууралуу маалымат азырынча бериле элек.

1-июлдан тартып мунай ташуучулар электрондук коштомо кагаз колдонушат

1-июлдан тартып мунай ташуучулар электрондук коштомо кагаз колдонушат. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, мындай система мунайзаттарды ташып кирүү учурунан тартып аларды май куюу жайлары аркылуу акыркы керектөөчүгө сатууга чейинки көзөмөлдү жүргүзөт. Ведомстводон белгилешкендей, электрондук коштомо кагаздын ишке кириши күйүүчү майдын жүгүртүлүшүн көзөмөлдөөгө жана мыйзамсыз сатуунун алдын… Кененирээк…

Түндүк-түштүк унаа жолунун курулушу жакынкы аралыкта башталат

Түндүк-түштүк унаа жолунун курулушу жакынкы аралыкта башталат. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, долбоорду ишке ашыруунун алкагында 12-июнда өлкөгө кытайлык адистер келет. Алар карантин киргизилгенде токтоп калган тилкелердеги иштерди кайрадан улантышат. Эске салсак, түндүк-түштүк трассасын куруу иштери 2014-жылы башталган. Долбоор 3 этапка бөлүштүрүлгөн. Учурда биринчи жана… Кененирээк…

Кыргызстанда электробус чыгара турган унаа заводу ишке кирди

Ошто электробус чыгара турган унаа заводу ишке кирди. Президенттин аппаратынан билдиргендей, анда Кыргызстандан алгачкы ирет электр энергиясы менен журүүчү автобус чыгарылат. Заводдо жеңил жана оор өнөр жай, айыл чарба тармагы үчүн техникалар өндүрүлүп жатат. Трансформатор менен акылдуу эсептегичтер иштелип чыгып, текшерүүдөн өтүүдө. Анда ошондой эле… Кененирээк…

Ордо калаада «Ата-Түрк» эс алуу багындагы мыйзамсыз курулган 3 аттракцион бузулду

Ордо калаада «Ата-Түрк» эс алуу багындагы мыйзамсыз курулган 3 аттракцион бузулду. Бул тууралуу мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, буга чейин сейил бактагы 25 аттракцион уруксатсыз иштеп келгени аныкталды. Мыйзамсыз объектилерди алуу иштери планга ылайык уланууда.

Ордо калаада санитардык талаптарды сактабаган ишкерлерге 1,5 миллион сом айып салынды

Ордо калаада санитардык талаптарды сактабаган ишкерлерге 1,5 миллион сом айып салынды. Республикалык штабдан билдиришкендей, 14-майдан 9-июнга чейин  жалпысынан 6 миң 425 объекти текшерилди. Анын ичинен 692си талаптарды аткарбагандыктан айып салынды. Ошондой эле 1-июндан тартып коомдук транспорттун айдоочулары санитардык эрежелерди бузгандыгы үчүн 40 миң сом айып… Кененирээк…