Кыргызстан өкмөтү «Google» компаниясына салык киргизүү ниетинде

Кыргызстан өкмөтү «Google» компаниясына салык киргизүү ниетинде. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда салыктын бул түрү иштелип жатат жана башка сунуштар да бар. Штабдан белгилешкендей, аталган компания Россия, Өзбекстанга да салык төлөп турат. Мындан улам алардын тажрыйбасы изилденгенден кийин сунуш киргизилет.

Кыргызстанда акы төлөтүп унаалардын алдыңкы айнектерин караңгылатууга уруксат берилбейт

Кыргызстанда акы төлөтүп унаалардын алдыңкы айнектерин караңгылатууга уруксат берилбейт. Бул “Коопсуз шаар” долбоорунун иштешине терс таасирин тийгизет, — деди вице-премьер-министр Эркин Асрандиев. Жакынкы аралыкта “Коопсуз шаар” системасы кур тагынуу, рулда телефон менен сүйлөшүү сыяктуу жол эреже бузууларын каттап баштайт деп пландалууда. Айнекти караңгылатуудан улам камералар… Кененирээк…

Быйылкы жылдын 5 айында бюджеттик жоготуулар 14 миллиард сомду түздү

Быйылкы жылдын 5 айында бюджеттик жоготуулар 14 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди. Анын айтымында, салыктар боюнча 6,4 миллиард сом түшпөй калган. Ал эми бажы төлөмдөрү боюнча 7,7 миллиард сом түшкөн жок.

Араван районундагы ири мөмө-жемиш багы 1 миң адамды жумуш орду менен камсыздайт

Араван районундагы ири мөмө-жемиш багы 1 миң адамды жумуш орду менен камсыздайт. Кеп, түшүм жыйноо мезгили тууралуу болуп жатат. Анда 183 гектар аймакка 100 миңден ашык шабдалы, алча, бадам жана жаңгак көчөтү отургузулган. Электр линиялары тартылып, кошумча трансформатор да бар. Сугаруу үчүн 12 цистернага суу… Кененирээк…

Таласта бала бакчалар андагы бардык кызматкерлер ПЦР анализ тапшыргандан кийин гана иштеп баштайт

Талас облусундагы бала бакчалар андагы бардык кызматкерлер ПЦР анализ тапшыргандан кийин гана иштеп баштайт. Бул тууралуу облус жетекчиси Марат Мураталиев билдирди. Анын айтымында, учурда мектепке чейинки даярдоо мекемелеринде дезинфекциялоо иштери жүрүүдө. Облус жетекчиси белгилегендей, баланы азырынча муктаждык жаралганда гана бакчага алып баруу сунушталат.

Кыргызстанда жеңилдетилген насыялар 25-июндан тартып бериле баштайт

Кыргызстанда жеңилдетилген насыялар 25-июндан тартып бериле баштайт. Алар өндүрүш, кайра иштетүүчү, экспортко багытталган жана медициналык буюмдарды чыгара турган ишканаларга жеткиликтүү болот. Тизмеде туризм жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздаган тармактар да бар. Мындан тышкары соода жана тейлөө тармагы да жеңилдетилген насыяны алышы ыктымал, — деди вице-премьер-министр Эркин… Кененирээк…

Кыргызстанга Бириккен Араб Эмирлигинен 187 жаран кайтарылды

Кыргызстанга Бириккен Араб Эмирлигинен 187 жаран кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, алар чартердик каттам менен учуп келишти. Алардын арасында жашы жете элек балдар да бар. Бардык учуп келгендер обсервацияга жайгаштырылат. Чет мамлекеттерде жүргөн мекендештерди өлкөгө кайтаруу иштери улантылат.

Баткен облусунда өрүктөр бышып, чет өлкөлөргө экспорттоло баштады

Баткен облусунда өрүктөр бышып, чет өлкөлөргө экспорттоло баштады. Быйыл өрүктөр сортуна жараша килограммы 50 сомго чейин сатылып жатат. Бул былтыркыдан 20 сомго кымбат, — дешти облус жетекчилигинен. Маалыматка караганда, облус аймагында 10 миң гектарга жакын өрүк аянты бар. Анда 20га жакын сорт өндүрүлөт. Ал эми… Кененирээк…

Талас облусунда трассанын боюнда жайгашкан мечиттер жабылат

Талас облусунда трассанын боюнда жайгашкан мечиттер жабылат. Облус жетекчиси Марат Мураталиев билдиргендей, бир гана айыл аймагындагы мечиттер ачык болот. Буга оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары чоң жолдордун жээгиндеги мечиттерге кайрылгандары себеп болду. Ошондой эле трассаны бойлой жайгашкан дүкөн ээлерине да жүк ташуучу айдоочуларды тейлөөдөн баш… Кененирээк…

Кыргызстандык мушкер UFCдеги дебюттук кармашына даярданууда

Кыргызстандык мушкер Азиз Сатыбалдиев UFCдеги дебюттук кармашына даярданууда. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасына жазып, машыгуу учурундагы видеосу менен бөлүштү. Сатыбалдиев билдиргендей, UFC уюмуна мушташка катышуу үчүн расмий түрдө 4 келишимге кол койду. Эске салсак, UFC уюмунун мушкерлер аралчасы Абу-Дабиде жайгашкан. Биринчи турнир 11-июлга белгиленүүдө. Дагы… Кененирээк…