Сары-Челек көлүнө барчу жол ачылды

Сары-Челек көлүнө барчу жол ачылды. Коруктун директору Эрнис Токобаев билдиргендей, жол жылда май айында ачылчу. Быйыл карантинге байланыштуу кечикти. Ошондой эле пандемиядан улам туристтердин саны кыскарышы ыктымал. Былтыр 18 миңден туристтин саякаттоосунан коруктун эсебине 2 миллион 270 миң сом киреше түшкөн. Муну менен Кызыл-Туу айылынын… Кененирээк…

Орто-Сай базары ишин жандантты

Дезинфекциялоодон кийин Бишкек шаарындагы «Орто-Сай» базарынын иши кайрадан жанданды. Бул тууралуу мэриядан билдирди. Базар 9-июнда жабылган. Коронавирустун симптомдору бар адамдар Бишкектин медициналык мекемелерине кайрыла башташкан. Алар эпидемиологиялык иликтөөнүн жүрүшүндө базарга барышканын билдиришкен. Буга байланыштуу «Орто-Сай» базары дезинфекциялоо үчүн жабылган.

Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды

Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти С. Ш. Жээнбековдун атына Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна 14 талапкер, КР Конституциясында каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу, Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын административдик сотторуна 2 талапкер жана Бишкек шаардык сотуна 1 талапкер… Кененирээк…

Бишкектин айланасында 12 санитардык пункт жайгаштырылды

Бишкектин айланасында 12 санитардык пункт жайгаштырылды. Тиешелүү буйрукка вице-мэр Азиз Алымкулов кол койду. Мэриянын маалымат кызматынан билдиришкендей, санитардык постторго тиешелүү мамлекеттик органдардын 112 кызматкери тартылды. Анда шаарга кирген жарандардын дене табы өлчөнөт. Курч респиратордук ооруга шектелгендер обсервацияга жөнөтүлөт. Ал эми азык-түлүк ташыгандар үчүн «жашыл коридор»… Кененирээк…

Чүй облустук мамлекеттик бала-бакчалар азырынча ишке киришпейт

Чүй облустук мамлекеттик бала-бакчалар азырынча ишке киришпейт. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, бул жайкы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу. Мамлекеттик жана муниципиалдык бала бакчаларды иштетүү азырынча пландала элек. Учурда 3 мектепке чейинки даярдоо мекемесине гана уруксат берилди. Алар Жайыл, Москва жана Аламүдүн… Кененирээк…

Ат-Башыда шамалдан жабыркагандарга акчалай жардам көрсөтүлдү

Ат-Башыда шамалдан жабыркагандарга акчалай жардам көрсөтүлдү. Райондук администрациядан билдиришкендей, үйлөрү камсыздандырылган 7 үй-бүлөгө жалпысынан 82 миң сомдук сертификаттар тапшырылды. Каражат мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан берилди. Белгилеп кетсек, 8-апрелде катталган бороон-чапкын район боюнча 67 үйдүн жана 83 курулуштун чатырын учурган.

Эртең Ош шаарында жалпы ишембилик болот

Эртең Ош шаарында жалпы ишембилик болот Вице-мэр Асылбек Топчубаевдин айтымында, карантинге байланыштуу жаз айларында өтө турган ишембиликтер болгон жок. Мындан улам жалпы ишембилик өткөрүү жана айлана-чөйрөнү тазалоо зарылчылыгы жаралды. Тиешелүү башкармалыктарга тапшырмалар берилди.

Талас районундагы бала бакчада оюн аянтчасы пайда болот

Талас районундагы бала бакчада оюн аянтчасы пайда болот. Чат-Базар айыл башкармалыгынан билдиришкендей, мектепке чейинки даярдоо мекемесинде буга чейин талапка жооп берген аянт жок болчу. Учурда иштер башталып, тосмолору курулуп жатат. Долбоордун жалпы суммасы дээрлик 1 миллион сом.

Негизсиз айып салуу боюнча даттануулар кабыл алынат

Негизсиз айып салуу боюнча даттануулар кабыл алынат. Бул тууралуу шаардык санитардык-эпидемиологиялык борбордун башкы дарыгери Кубан Кундашев билдирет. Анын айтымында, санэпидемстанция кызматкерлери ишкана жана мекемелерге карантиндин талаптарын бузган учурларга гана айып салууда. Бишкекте ишмердүүлүгүнө уруксат берилген объектилерге бир катар санитардык талаптар коюлган. Эгер алар аткарылбаса, белгиленген… Кененирээк…

Атайын ачылган эсепке 17 миллион сом чогулду

Атайын ачылган эсепке 17 миллион сом чогулду. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова  билдирди. Чогулган сумманын ичинен 16 миллион сомдон ашыгы муктаж жарандарга жардам көрсөтүү үчүн облустарга бөлүштүрүлдү.  Жалпысынан 524 миң үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды. Анын ичинен өкмөттөн, жергиликтүү бюджеттен, демөөрчүлөрдөн жана… Кененирээк…