Президент коомдук транспортторду дезинфекциялоону күчөтүүнү тапшырды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-июнда премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов менен жолугушуп, эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча чараларды талкуулады. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.   Кубатбек Боронов акыркы күндөрү коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны кескин көбөйгөнү байкалып жатканын белгиледи. Эпидемиологиялык оор кырдаал Бишкек, Ош… Кененирээк…

Бишкекте тез тамактануучу жайда чыккан өрттөн бир адам каза тапты

Бишкектеги 6-кичи райондо, Сухе Батор жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан тез тамактануучу жайда өрт чыкканы тууралуу маалымат 15-июнда саат 15:48де түшкөн. Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен өрт 16:45те өчүрүлдү.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын ала берген маалыматына караганда, өрттөн бир адам каза болду. Маалыматка ылайык, өрт… Кененирээк…

Өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу бар

Өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу бар. Куткаруучулардын айтымында, ылай аралаш массасынын жүрүү коркунучу жуманын аягына чейин сакталат.   Андан тышкары, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт. Жарандарга этият болуу сунушталат.

Жалпы республикалык тестирлөөгө киргендер атайын жабдуу менен текшерилет

Жалпы республикалык тестирлөөгө киргендер атайын жабдуу менен текшерилет. Билим берүүдө баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Инна Валькова novosti.kgге билдиргендей, бул бүтүрүүчүлөр сынакка телефон жана башка техниканы алып кирбеши үчүн жасалууда.   Гаджет тестирлөөгө чейин табылса, аны координаторго берүү керек. Эгер телефон сынак учурунда табылса,… Кененирээк…

Медицина кызматкерлерине айлык толугу менен төлөндү

Медицина кызматкерлерине айлык толугу менен төлөндү. Каржы министринин орун басары Марлен Амандыковдун айтымында, кеп март, апрель жана май айларындагы маяна тууралуу болуп жатат.   Ал эми өзгөчө абал режиминде иштеген милиция кызматкерлерине кошумча акы берүү  тууралуу айта турган болсок, учурда өкмөт тарабынан акы ала тургандардын… Кененирээк…

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 55 миллион доллар берди

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 55 миллион доллар берди. Аталган каржы мекемеден билдиришкендей, сумманын 27,5 миллиону грант катары берилсе, калганы 38 жылга насыя.   Каражат табигый кырсыктарга туруштук берүү деңгээлин жогорулатуу жана мектептердин сейсмикалык абалын жакшыртууга багытталат. Анын алкагында өрткө каршы система жаңыртылып, өрт өчүрүү техникасы сатылып… Кененирээк…

Европада ички чек аралар ачыла баштады

Европанын бир катар өлкөлөрү дүйшөмбүдөн тартып март айынан бери жабык турган чек араларын ача баштады. Убагында коронавирустун очогуна айланган Италия менен Швейцарияда жарандарга 15-июнда эки жакка эркин каттаганга уруксат берилди.   Германия, Бельгия, Франция, Греция жана Чехия да бул күнү европалыктарга чек араларын ачты. Австрия… Кененирээк…

Швейцариядан поездде жүргүнчү 3 килограмм алтынды унутуп кетти

Швейцариядан поездде жүргүнчү 3 килограмм алтынды унутуп кетти. Учурда анын ээси изделүүдө. Ички иликтөөдө жүргүнчү табылбай, ал тууралуу массалык маалымат каражаттарына жарыяланды.   Бирок алтындын анык ээси кантип аныкталары азырынча белгисиз. Швейцариядагы мыйзам боюнча жоголгон буюмдун ээси аны таап кайтарууга 5 жылдык мөөнөт берилет.  … Кененирээк…

Базар-Коргондо 5 айыл карантинге алынды

Базар-Коргондо 5 айыл карантинге алынды. Райондун акими Бакыт Козуев “Азаттыкка” билдиргендей, алар Кызыл-Үңкүр, Кичи Ак-Булак, Ак-Булак, Катар-Жаңгак, Көсө-Терек жана Алтын-Кыя айылдары. Аймакта бир үй-бүлө мүчөлөрү ооруканада жаткырылды.   Алар менен байланышта болгондор обсервацияда. Айылдын кире беришине карантиндик санитардык посттор орнотулду.

Мамлекеттик бюджетке 5 айда эле 11 миллиард сом түшпөй калды

Мамлекеттик бюджетке 5 айда эле 11 миллиард сом түшпөй калды. Бул тууралуу каржы министринин орун басары, Борбордук казынанын директору Марлен Амандыков биллдирди. Жыл башынан бери мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү 46 миллиард сомго аткарылды.   Бул былтыркы көрсөткүчтөн 11 миллиард сомго аз. Ал эми чыгаша былтыркы… Кененирээк…