Кубатбек Боронов Кыргызстандын премьер-министр милдетин аткаруучу болуп дайындалды

    Кубатбек Боронов Кыргызстандын премьер-министр милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү токтомго президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Өлкө башчы аппаратынан билдиришкендей, буга чейинки премьер Мухаммедкалый Абылгазиев ээлеген кызматынан бошотулду.   Ал кечээ өз каалоосу менен отставкага кетти. Ал министрлер кабинетин 2 жыл башкарды.   Анын… Кененирээк…

Бишкекке 100 автобус жеткирүү боюнча дагы бир ирет жарыяланган тендерге 3 компания катышууда

Бишкекке 100 автобус жеткирүү боюнча дагы бир ирет жарыяланган тендерге 3 компания катышууда. Бул тууралуу мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришти.   Учурда комиссия фирмалардын арыздарын – алардын квалификацияларын жана техникалык мүнөздөмөлөрүн карап жатат. Эске салсак, автобустарды сатып алууга шаар бюджетинен 710 миллион сом каралган.   Жаңы… Кененирээк…

Кыргызстан жана Өзбекстандын жумушчу топторунун чек аранын делимитация жана демаркациясы боюнча сүйлөшүүлөрү ушул жумада өтөт

Кыргызстан жана Өзбекстандын жумушчу топторунун чек аранын делимитация жана демаркациясы боюнча сүйлөшүүлөрү ушул жумада өтөт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.   Анын айтымында, жолугушуу коңшу мамлекеттин аймагында болот. Андан тышкары, Тажикстан менен биргелешкен иштер дагы улантылат. Эске салсак, Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен… Кененирээк…

Сулайман-Тоодогу бак-дарактын кыйылышы текшерилип жатат

Ош шаарындагы Сулайман-Тоонун аймагында 55 түп бак-дарак кыйылганы боюнча териштирүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Ош шаардык башкармалыгынын башкы инспектору Адилбек Матисаков «Азаттык» радиосуна билдирди. «Майда бадалдардан 55 түп кесилген. Анын ичинен 12си куурап калган дарак, 43ү өсүп турган… Кененирээк…

Пекиндин бардык кичи райондоруна «аскердик режим» киргизилди

үй Кытайдын борбору Пекин шаарынын бардык кичи райондоруна «аскердик режими» киргизилди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда. Буга чейин жогорудагы режим Пекиндеги Фэнтай районуна киргизилген.   Маалым болгондой, Пекиндеги «Синфади» аттуу ири базарда иштегендерден коронавирус аныкталгандардын саны февралдан бери рекорддук көрсөткүчкө жетти. Мындан улам жаңы… Кененирээк…

Нарында балык уулоого кеткен эки кишини издөө уланууда

Нарын облусунун Жумгал районунда балык уулоого кеткен 2 кишини издөө иштери дагы деле улантылууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.   Жумгал районунда 5-июнь күнү Миң-Куш айылынын 1978-жылы туулган жана 1977-жылы туулган тургундары Өрнөк айылында жайгашкан Көкөмерен дарыясына балык кармоого кеткен.   Алар ошол… Кененирээк…

Беш айда Кыргызстандын экономикасы 4,8 пайызга төмөндөдү

2020-жылдын беш айында Кыргызстандын экономикасы 4,8% төмөндөдү. Бул тууралуу Экономика министринин милдетин аткаруучу Санжар Муканбетов парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетинин 16-июндагы жыйынында билдирди. Депутат Аалы Карашевдин суроосуна жооп берип жатып, Муканбетов жыл соңуна чейин ички дүң өнүм (ИДӨ) былтыркы… Кененирээк…

Бишкек жана Чүйдө жакынкы сааттарда катуу шамал болушу күтүлөт

Бишкек жана Чүйдө жакынкы сааттарда катуу шамал болушу күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жетиши мүмкүн. Жарандарга этият болуп, жеңил конструкциялардын алдынан өтпөө сунушталат.   Ал эми унааларды бак-дарактын алдына токтотпош керек.

Бишкекте кайрадан чектөөлөр киргизилбейт

Бишкекте кайрадан чектөөлөр киргизилбейт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымынлда, ордо калаада вирустун күч алганы тынчыздандырууда. Бирок азырынча кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизүү пландалган жок.   Белгилеп кетсек, буга чейин социалдык тармактарда вирустун экинчи толкуну болуп, Бишкекте кайрадан карантин киргизилет деген маалыматтар тарап… Кененирээк…

Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы техникалык өкмөттүн жаңы курамын жактырды

Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы техникалык өкмөттүн жаңы курамын жактырды. Өкмөт башчылыкка Кубатбек Боронов, биринчи вице-премьер-министрлик кызматка Алмазбек Батырбековдун талапкерлиги колдоо тапты.   Андан тышкары, өкмөттүн аппарат башчысы өз арызы менен кеткени кабарланып, анын ордуна Таалайбек Темиралиев сунушталды.   Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитеттин төрагалыгына… Кененирээк…