Түндүк-түштүк альтернативалык жолунун курулушу июлдун башында жанданат

Түндүк-түштүк альтернативалык жолунун курулушу июлдун башында жанданат. Бул тууралуу novosti.kgге Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, Кыргызстанга 139 кытайлык адис келди. Алар талапка ылайык, обсервацияга жаткырылды. Жумушчулар карантинге чейин токтотулган тилкелерде курулуш иштерин улантат. Аргасыз киргизилген чектөөлөрдөн улам, иштер кечигүү менен жүргүзүлөт. Азырынча… Кененирээк…

Бишкектиктер ысык суу келгенине даярданышы керек

Бишкектиктер ысык суу келгенине даярданышы керек. Мындай сунушту “Бишкек жылуулук тармактарынын” адистери беришүүдө. Андан белгилешкендей, ысык сууну берүү 1-июлда жанданат.   Ага чейин крандарды текшерип, зарыл болсо, түтүктөрдү алмаштырып алуу керек. Жылуулук батареяларынын ичин жууп кышка даярдап коюу дагы ашыкча болбойт.   Андан тышкары, ысык… Кененирээк…

Бишкекте биринчи унаа тейлөө борборун ачууга даярдыктар кызуу жүрүүдө

Бишкекте биринчи унаа тейлөө борборун ачууга даярдыктар кызуу жүрүүдө. Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, жакында эле тендер өткөрүлүп, анын алкагында борбор жайгаша турган имарат аныкталды.   Эми анда оңдоо иштерин жүргүзүп, унаа токтотуучу жайды уюштуруп, керектүү жабдууларды сатып алуу керек. Бул максатта дагы тендер жарыяланат. Эске… Кененирээк…

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу бир айдан кийин башталат

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу бир айдан кийин башталат. Бул тууралуу “Кыргызтемир жолу” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Василий Дашков билдирди.  Анын айтымында, тараптар бардык келишимдерге жетишти,  долбоорго жалпысынан 4,5 миллиард доллар керектелет.   Аны ишке ашырууга Россия жана Өзбекстан колдоо көрсөтөт. Темир жол Торугарт аркылуу Арпа… Кененирээк…

Голливуд актеру Киану Ривз өзү менен баарлашууну кайрымдуулук аукционуна чыгарды

Голливуд актеру Киану Ривз өзү менен баарлашууну кайрымдуулук аукционуна чыгарды. Zoom тиркемесиндеги видео конференция 15 мүнөткө созулат. Аукцион 22-июнда өтөт, ал эми актер менен баарлашуунун өзү 6-июлга белгиленди.   Андан түшкөн каражат толугу менен балдардын оор дарттары менен күрөшүүгө жумшалат.

Билим берүү министрлиги мектептерди санариптештирүү ниетинде

Билим берүү министрлиги мектептерди санариптештирүү ниетинде. Бул долбоор бир нече багыттар боюнча ишке ашат. Алсак, мектептердин кире беришине чип системасы орнотулат.   Андан кийин электрондук журнал жана күндөлүктөр киргизилет. Ошондой эле, “Электрондук китепкана”, “электрондук ашкана” системалары иштеп баштайт. Долбоорлор ишке киргенде, ата-энелер балдарынын мектепке келишин,… Кененирээк…

Кыргыз-казак чек арасынын Ысык-Көл облусундагы “Каркыра – унаа жолу” өткөрүү түйүнү жакында ачылат

Кыргыз-казак чек арасынын Ысык-Көл облусундагы “Каркыра – унаа жолу” өткөрүү түйүнү жакында ачылат. Бул тууралуу novosti.kgге Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.   Ведомстводон белгилешкендей, анда чек арадан өткөндөрдү текшерүү үчүн санитардык түйүн орнотулуп, анда медицина кызматкерлеринин нөөмөтү уюштурулат. Түйүндүн ачылышынын так күнү белгилене элек. Аны… Кененирээк…

Мамлекеттик экотехинспекция Ысык-Көлдөгү пансионат, санаторий жана лагерлерде текшерүүлөрдү жүргүзбөйт

Мамлекеттик экотехинспекция Ысык-Көлдөгү пансионат, санаторий жана лагерлерде текшерүүлөрдү жүргүзбөйт. Ведомство жетекчиси Медетбек Маметов билдиргендей, өткөн жылдын 1-январынан бери эс алуу жайларындагы объектилерди текшерүүгө мораторий киргизилген.   Андан улам, жергиликтүү башкаруу органдарынын жетекчилерине экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча эрежелерди сактоо боюнча эскертүүлөр гана берилди.   Эске… Кененирээк…

Май куюу станцияларына 1-июлга чейин автоматтык эсептөө системасы орнотулбаса, ишмердүүлүгү токтотулат

Май куюу станцияларына 1-июлга чейин автоматтык эсептөө системасы орнотулбаса, ишмердүүлүгү токтотулат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан эске салышты.   Андан белгилешкендей, 1-июлдан тартып күйүүчү майды кассалык аппараттар болгон учурда гана сатууга болот. Мындай чара күйүүчү-майлоочу материалдын жүгүртүүсүн көзөмөлгө алуу үчүн киргизилдүүдө.   Учурга карата 400дөн… Кененирээк…

Ысык-Көл облусундагы балдар лагерлери санитардык талаптарга текшерилүүдө

Ысык-Көл облусундагы балдар лагерлери санитардык талаптарга текшерилүүдө. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн novosti.kgге билдиришкендей, алардын 25-июндан тартып ишке кириши күтүлүүдө. Текшерүүнүн жыйынтыгына жараша балдар лагерлери ачыла алат. Уруксаатты медицина кызматкерлери жана эпидемиологдор берет.