Өкмөт таза суу системасын өнүктүрүү боюнча программаны бекитти

Өкмөт таза суу системасын өнүктүрүү боюнча программаны бекитти. Бул тууралуу өкмөт аппаратынан билдиришти. Программага ылайык, 715 айыл таза суу менен жакынкы жылдары камсыздалат.   Курулуш иштери республикалык бюджеттин каржылоосу жана эл аралык донорлордун колдоосу менен  жүргүзүлөт. Долбоор 2023-жылдын аягында жыйынтыкталат.

Ысык-Көл бийлиги аймакка кирүү эрежелерин эскертет

Ысык-Көл бийлиги аймакка кирүү эрежелерин эскертет. Өкмөттүн аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиевдин айтымында, жарандардын дене табы текшерилип, жеке маалыматы алынат.   Пансионат жана эс алуу жайлары туристтердин аты-жөнүн каттоого милдеттендирилди. Белгилеп кетсек, бул эрежелер 1-июндан тарта киргизилген.

Ысык-Көл облусунда үй карантин эрежесин бузган 47 жаран аныкталып, 13ү кайра обсервацияга алынды

Ысык-Көл облусунда үй карантин эрежесин бузган 47 жаран аныкталып, анын 13ү кайра обсервацияга алынды. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев онлайн маалымат жыйыны учурунда билдирди.   Анда облус боюнча жалпысынан 460 жаран үй карантининде жатканы айтылды.   «Алар мобилдик тиркеме аркылуу… Кененирээк…

Москвадагы Жеңиш парадына чакырылган кыргызстандык ардагерлер карантинге алынды

24-июнда Москва шаарындагы Кызыл аянтта өтүүчү Жеңиш парадына чакырылган ардагерлер карантинге алынды. Маалыматты Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков тастыктаганын орус басылмалары жазып чыгышты.   Анда ветерандар санаторий жана эс алуу жайларына жайгаштырылганы айтылат.   «Жеңиш парадына катыша турган 80 ардагер 2 апталык изоляцияда болушат. Мындай… Кененирээк…

Беткапсыз сүрөткө түшкөн өкмөт үчүн Кубатбек Боронов кечирим сурады

Премьер-министр Кубатбек Боронов жакында эле өкмөт үйүнүн алдында тартылган сүрөт боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.   Эске салсак, 17-июнда Абылгазиев кызматын өткөрүп берген. Аны чогуу иштешкен кесиптештери узатып, соңунда мурдагы, азыркы премьер-министр баштаган өкмөт мүчөлөрү жалпы сүрөткө түшкөн. Сүрөткө болжол менен… Кененирээк…

Өлкөдө биометрикалык паспортторду акысыз берүү токтотулду

Өлкөдө биометрикалык паспортторду акысыз берүү токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев онлайн маалымат жыйын учурунда билдирди.   «Жарандарга 2017-жылдан баштап бериле баштаган биометрикалык паспорттор үчүн акы алынчу эмес. Анткени анын бланктары гранттык негизде келип турган. Болгону жарандар персонификациялоо үчүн 263 сом төлөшчү.… Кененирээк…

Президент Жээнбеков өкмөттүк аппараттын жамааттык сүрөтүн катуу сынга алды

Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөт мүчөлөрүнүн топтошуп түшкөн сүрөтүн сынга алып, тиешелүү жетекчилерди буга жол бергени үчүн жоопко тартууну талап кылды. Президент бул тууралуу бүгүн, 19-июнда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтты.   Ал “бул илдеттин артынан бийлик акча кылууда, коронавирус жок» деген жоопкерчиликсиз билдирүүлөр күмөн саноого… Кененирээк…

Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери Жалпы республикалык тестирлөө учурда мониторинг жүргүзөт

Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери Жалпы республикалык тестирлөө учурда мониторинг жүргүзөт. Акыйкатчы институтунун басма-сөз кызматынан билдиришкендей, тесттин жүрүшүнө көзөмөл жыл сайын жүргүзүлөт.   Басымдуу учурда алар абитуриенттердин укуктарынын сакталышына, процесстин ачык-айкын жүрүшүнө көз салышат.   Андан тышкары, тестирлөө борборлорунда санитардык нормалардын сакталышы дагы текшерилет. Эске салсак, ЖРТ… Кененирээк…

Бийлик жергиликтүү кеңешке шайлоолор учурунда массалык каттоого туруу менен күрөшөт

Бийлик жергиликтүү кеңешке шайлоолор учурунда массалык каттоого туруу менен күрөшөт. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиевдин айтымында, бул үчүн иш-чаралар планы иштелип чыкты.   Алсак, эгер бир батирге 10дон ашык адам жазылса, Мамлекеттик каттоо кызматынын, БШКнын, укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү бийликтин кызматкерлерине маалымат келет.… Кененирээк…

Бишкектин №12 бала бакчасынын имараты кеңейтилет

Бишкектин №12 бала бакчасынын имараты кеңейтилет. Анда кошумча корпус пайда болот, — дешти мэриядан. Жаңы имаратта 50 балага чакталган уктоочу бөлмөлөр, оюн залдары, музыка сабагын өтүүчү бөлмөлөр пайда болот.   Анын курулушуна шаар бюджетинен 17 миллион сом бөлүнгөн. Бөбөктөр үчүн каалгасын бала бакча жыл аягына… Кененирээк…