Бишкекте коомдук транспорт убактылуу ишин токтотот

Бишкек шаарындагы коомдук автоунаалар 20-июнь күнү түштөн кийин жана 21-июнда токтотулат. Бул тууралуу өкмөт башчы Кубатбек Боронов 20-июнда брифингде билдирди. Ал ошондой эле шаар аралык каттамдагы кичи автобустардын иши да токтотула турганын кабарлады. Такси жана башка жүк ташуучу автоунаалар санитардык талапты бекем сактоо менен ишин… Кененирээк…

Түркияда Ван кыргыздарына кошумча жер тилкеси бөлүндү

Түркиянын Ван аймагындагы Улуу Памир айылынын тургундарына турак жай жана айдоо үчүн 270 гектар жер бөлүндү. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги маалымдады. Былтыр Ван кыргыздарынын жер тилкеси боюнча аймактын губернатору Мехмет Эмин Билмез менен Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев сүйлөшкөн.   Анда Улуу Памир айылында… Кененирээк…

Коопсуздук кеңеши: Кырдаалдын начарлашына жол берилбеши керек

19-июнда болуп өткөн Коопсуздук кеңешинин чечими менен Саламаттык сактоо министрлигине адистешкен, квалификациялуу медициналык кызматкерлердин резервин түзүү, ыкчам мобилдик бригадаларды жана “Тез жардам” автоунааларынын санын көбөйтүү, жергиликтүү бийлик менен бирге эл көп чогулган жерлерди тиешелүү жабдыктар менен текшерүүнү күчөтүү тапшырылды.   Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эпидемиологиялык кырдаал… Кененирээк…

Түркмөнстандын президенти Москвада өтө турган парадга катышпайт

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгынын урматына Москвада өтө турган парадга барбай турган болду. Бердымухамедов өз чечими тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путинге телефондон кабарлады.   Аркадаг өз чечимин 29-июнда 63 жашка толуп Мухаммед пайгамбардын жашына чыгарын, түркмөндөр үчүн бул күндү жакындары… Кененирээк…

Ош шаарындагы базарлар дезинфекциялоого жабылат

Ош шаарындагы базарлар дезинфекциялоого жабылат. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, соода аймактары 22-июнда бир күнгө ишин токтотот. Аларга борбордук чоң базарлар жана кичи базарлар дагы кирет.   Ош шаарында көчөлөрдө, коомдук жайларда бет капсыз жүргөн жарандардын саны көбөйүп, тиешелүү санитардык-эпидемиологиялык талаптар сакталбай жатат. Андыктан базарларда жана… Кененирээк…

Кыргызстандыктарды өлкөгө кайтаруу иштери уланууда

Кыргызстандыктарды өлкөгө кайтаруу иштери уланууда. Бул ирет Пакистандан 94 мекендеш жеткирилди, — дешти Тышкы иштер министрлигинен. Ведомство маалыматына ылайык, Исламабад – Бишкек – Исламабад чартердик каттамы уюштурулган.   Ушул эле учак менен Кыргызстандагы пакистандыктар кетет. Эки күн мурда Пакистандан 100 жаран жеткирилген болчу. Келгендердин бардыгы… Кененирээк…

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча сүйлөшүүлөр уланууда

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча сүйлөшүүлөр уланууда. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, учурда тараптар темир жолдун каттамы, анын кеңдиги, станциялардын жайгашуусу жана башка техникалык суроолорду талкуулап жатат.   Эске салсак, буга чейин ишкананын сайтында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу  1 айдын ичинде башталат деген… Кененирээк…

Биометрикалык паспорттордун баасы жогорулайт

Биометрикалык паспорттордун баасы жогорулайт. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиевдин айтымында, 2017-жылы өткөрүлгөн тендердин эрежеси боюнча 3 миллион бланк сатылып алынган, анын басымдуу бөлүгү гранттык негизде жеткирилген.   Акысыз бланктар түгөндү, эми августтан тарта жарандар алар үчүн акы төлөшү керек. Эгер учурда паспорт алуу 263… Кененирээк…