Ордо калаадагы №12-бала бакчага кошумча курулуш пайда болот

Ордо калаадагы №12-бала бакчага кошумча курулуш пайда болот. Мэриянын маалыматына ылайык, бир кабаттуу корпус сейсмикалык шартты эске алуу менен курулууда. Жаңы имаратта 50 балага чакталган уктоочу жана ойноочу бөлмө, музыкалык зал болот. Бакчанын жаңы корпусуна калаа бюджетинен 17 миллион сом бөлүндү. Иштер ушул жылдын аягына… Кененирээк…

Бишкекте коомдук унааларга 250 миң сомго айып салынды

Бишкекте коомдук унааларга 250 миң сомго айып салынды. Кеп, санитардык талаптарды аткарбагандар тууралуу болуп жатат. 1-июндан бери санитардык эпидемиологиялык борбору тарабынан 132 протокол толтурулду. Жалпысынан 1 миң 137 коомдук унаа текшерилди. Белгилеп кетсек, Бишкекте күнүнө 1 миң 700 транспорт каражатты жүргүнчүлөрдү ташыйт. Алардын бары санитардык… Кененирээк…

Кыргызстанда 715 айыл жана 21 шаар таза суу менен камсыздалат

Кыргызстанда 2024-жылга чейин 715 айыл жана 21 шаар таза суу менен камсыздалат. Бул тууралуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Сайпидин Момунов билдирет. Анын айтымында, тизмеге таза сууга муктаждыгы жогору конуштар киргизилди. Бул максатта жалпысынан 68 миллиард сом керектелет. Учурда акчанын 32 миллиард сому табылды.

Ордо калаада 1 миң 700 коомдук унаа каттамдарды жүргүзүүдө

Ордо калаада 1 миң 700 коомдук унаа каттамдарды жүргүзүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын унаа башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда күнүнө 120 автобус жана 130троллейбус жүргүнчүлөрдү ташып жатат. Мындан тышкары 104 линия боюнча кичи автобустар иштеп жатат. Буга 40 ишкананын маршруттук таксилери тартылат.

Таласта бардык соода түйүндөр жана базарлар дезинфекциялоо үчүн жабылды

Таласта бардык соода түйүндөр жана базарлар дезинфекциялоо үчүн жабылды. Бул тууралуу мэр Айдар Жусупбеков 24 агенттигине билдирет. Анын айтымында, облустук штаб коронавирустун жайылышын алдын алуу иретинде ар дүйшөмбүнү санитардык тазалоо күнү деп жарыялады. Мындан кийин техника жана буюм сатылуучу базар да жабылышы ыктымал. Буга карабай азык-түлүк сатылган жерлердин… Кененирээк…

Бишкекте коомдук унаалар ишин жанданткандан бери санитардык талаптарды аткарбаган 115 айдоочуга айып салынды

Бишкекте коомдук унаалар ишин жанданткандан бери санитардык талаптарды аткарбаган 115 айдоочуга айып салынды. Мындан тышкары 6 юридикалык тарап да айып төлөөгө милдеттендирилди, — дешти Бишкек мэриясынын транспорт башкармалыгынан. Учурда санитардык-гигиеналык эрежелерди 10 бригада текшерип жатат. Алар айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бардык дезинфекциялоочу каражаттар муниципалдык ишкана… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунда туристтик сезондо жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө күчөтүлөт

Ысык-Көл облусунда туристтик сезондо жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө күчөтүлөт. Аймактык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, милиция сезондун башталышы менен “Ылдамдык” жана “Руль башкаруу” аталышындагы рейддерди жүргүзүп жатат. Унаа каражаттарын күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдө күнү-түнү жүргүзүлөт. Мындан улам облуска кирип чыккан айдоочу жана жүргүнчүлөр аралыкты жана жолдо жүрүү… Кененирээк…

Кошумча төлөмдөр бир гана вирустун очогунда иштеген медицина кызматкерлерине берилет

Кошумча төлөмдөр бир гана вирустун очогунда иштеген медицина кызматкерлерине берилет. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди. Анын айтымында, компенсация бейтаптарга жардам көрсөтүп жүрүп, вирус жуктуруп алган кызматкерлерге жеткиликтүү болот. Ал эми обсервацияда иштеген бирок, саламаттыгы жакшы кызматкер өкмөт тарабынан бекитилген маянасын гана алат,… Кененирээк…

Газ баллон жарылган тез тамактануучу жайынын ижарачысы СИЗО-1 мекемесине камакка алынды

Газ баллон жарылган тез тамактануучу жайынын ижарачысы СИЗО-1 мекемесине камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Октябрь райондук соту тарабынан шектүү 2 айга тергөө изоляторуна камалды. Эске салсак, 15-июнда Сухэ-Батор менен Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан тез тамактануучу жайда жарылуу болуп,… Кененирээк…

Ак-Суу районунда жаңы фельдшердик-акушердик түйүн пайда болот

Ак-Суу районунда жаңы фельдшердик-акушердик түйүн пайда болот. Жергиликтүү башкармалыктан билдиришкендей, буга чейинки медициналык мекеменин имараты авариялык абалда болчу. Учурда пайдубал түптөлдү. Курулушка 28 миң доллар сарпталат. Акча чет элдик донор тарабынан берилди.