Эртең Бишкек жана Чүй облусунун бир бөлүгүндө жарык жок болот

Эртең Бишкек жана Чүй облусунун бир бөлүгүндө жарык жок болот. “Түндүк электр” ишканасынан билдиришкендей, эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин Шопоков көчөсүндө, “Мурас-Ордо” конушунда, ошондой эле Сары-Булак, Асылбаш айылдарында электр энергиясы өчүрүлөт. Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Бишкекте  европа стандартына туура келген бет каптар өндүрүлөт

Бишкекте  европа стандартына туура келген бет каптар өндүрүлөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. Ага ылайык, ишканада суткасына 60 миңге жакын бет кап чыгарылат. Ата мекендик ишкерлер коргонуу каражаттарын чыгаруучу заманбап жабдууларды 160 миң долларга сатып алышкан. Алгачкы этап алкагында 25 адам жумуш менен камсыздалды.… Кененирээк…

Ош шаарында жаңы шаарча пайда болот

Ош шаарында жаңы шаарча пайда болот. “Кең-Сай” конушуна ири текстиль фабрикасы салынып, бирдей үйлөр курулат, — дешти калаа мэриясынан. Маалыматка караганда, фабрика салуу үчүн жеке ишкерлерге 35 гектар жер бөлүндү. Учурда курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. Анда 4,5 миң жумуш орду түзүлмөкчү. Курулуш пландалгандай 2021-жылы… Кененирээк…

Президент Сооронбай Жээнбеков Москвадан кайткандан кийин 3 күнгө карантинге алынат

Президент Сооронбай Жээнбеков Москвадан кайткандан кийин 3 күнгө карантинге алынат. Өлкө башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиеванын айтымында, анализинен коронавирус чыккан эки кызматкер 14 күнгө карантинде болот. Кошумчаласак, бүгүн Москвада Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парад өттү. Андан Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү планга ылайык өтүштү, бирок… Кененирээк…

Кыргызстанда дем алыш күндөрү туруксуз аба-ырайы күтүлөт

Кыргызстанда дем алыш күндөрү туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 26-июндан 28ине чейин өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгили менен жаан жаайт. Тоолуу аймактарга кар жаашы күтүлөт. Кээ бир жерлерге мөндүр түшөт. Айрым райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 22 метрге чейин жетиши ыктымал. Мындай туруксуз… Кененирээк…

Кыргызстандагы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттар тапшырылды

Кыргызстандагы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттар тапшырылды. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, жалпысынан 9-классты бүткөндөргө 105 миң 689 күбөлүк жана 11-классты аяктагандарга 60 миң 533 аттестат берилди. Бардык документтер өз убагында шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнө жеткирилген. Бүтүрүүчүлөр аттестаттарды алууда кезек жана аралыкты сакташты.

Бишкекте санитардык талаптарды сактабаган мекемелердин ишмердүүлүгү токтотулат

Бишкекте санитардык талаптарды сактабаган мекемелердин ишмердүүлүгү токтотулат. Спорттук, майрамдык жана мааракелерди өткөрүүгө киргизилген тыюу күчүндө, — деди вице-мэр Татьяна Кузнецова. Ал белгилегендей, 14-майдан бери ишин жанданткан 9 миңге жакын объектиге мобилдик топтор текшерүү иштерин жүргүзүштү. Анын алкаганда эрежеге баш ийбегендерге карата 1 миң 176 протокол… Кененирээк…

Баткен районунда кызыл китепке киргизилген кескелдирикти сатууга аракет кылган жаран кармалды

Баткен районунда кызыл китепке киргизилген кескелдирикти сатууга аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Биотүрдүүлүктү жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинен билдиришти. Маалыматка караганда, аймактын тургуну узундугу 1,5 метрге жеткен сейрек кездешүүчү жандыкты 5 миң сомго сатууну пландаган. Учурда кескелдирик Жаңы-Жер аймагына кое берилди. Сотко чейинки… Кененирээк…

Кытайдын Гуандун провинциясында толугу менен автоматташтырылган ресторан ачылды

Кытайдын Гуандун провинциясында толугу менен автоматташтырылган ресторан ачылды. Анда жалпысынан 20 робот тамактын 200 түрүн даярдайт. Айрымдары кээ бир тамак-аштын түрүн 60 секуддун ичинде даярдоого жөндөмдүү. Ашпозчудан тышкары официанттын кызматын да жабдуулар тейлейт. Тамактануучу жайда бир эле маалда 600 кардар тейленип жатат.

Испанияда алгачкы ирет көрүүчүлөрдүн ордуна өсүмдүктөргө концерт коюлду

Испанияда алгачкы ирет көрүүчүлөрдүн ордуна өсүмдүктөргө концерт коюлду. Барселона шаарындагы опера театры 3 айлык карантинден ачылды. Алгачкы иш-чарага 3 миңге жакын орундукка гүлдөр жайгаштырылды. Театр кызматкерлери аларга арнап «Хризантемалар» аталышындагы чакан чыгарманы ойношту. Мындай чара адамдын жаратылышка болгон мамилесин бекемдейт дешти маданият кызматкерлери. Концерт аяктаган… Кененирээк…