Талас облусунун Кара-Буура районунда 1 миллион сомго балдар аянтчасы курулууда
Талас облусунун Кара-Буура районунда 1 миллион сомго балдар аянтчасы курулууда. Жергиликтүү администрациядан билдиришкендей, Көк-Сай айылындагы эс алуу багынын 20 сотых жеринде иштер жүрүп жатат. Учурда таманташтар жана тосмолор орнотулууда. Мындан кийин батут, теннис столдору жана эс алуу чатырлары пайда болот.