БШК менен өкмөт шайлоонун так мөөнөтүн аныктаган жок

БШК менен өкмөт шайлоонун так мөөнөтүн аныктаган жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова билдирди. Анын айтымында, эми шайлоо мөөнөтүн президент аныктайт. Мындан кийин гана добуш берүүнү коопсуз өткөрүү алгоритми түзүлөт. Белгилеп кетсек, карантинден улам 12-апрелге белгиленген жергиликтүү кеңештердин шайлоосу белгисиз мөөнөткө жылдырылган. Ал… Кененирээк…

27-28-июнда Бишкектеги кичи калкты тейлөө борборлору иштебейт

27-28-июнда Бишкектеги кичи калкты тейлөө борборлору иштебейт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ушул дем алыш күндөрү соода борборундагы жана ЖЭБдин жанындагы гипермаркетте жайгашкан кичи калкты тейлөө борбору иштебейт. Андай чечим шаарда эпидемиологиялык кырдаал курчуп жатканына байланыштуу жана коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында… Кененирээк…

Ош, Жалал-Абад, Баткен облусундагы май куюучу жайлар башкаруунун автоматташтырылган системасына өтүүгө даяр эмес

Ош, Жалал-Абад, Баткен облусундагы май куюучу жайлар башкаруунун автоматташтырылган системасына өтүүгө даяр эмес. Бул тууралуу өлкөнүн түштүк аймагындагы май куюучу жайлардын өкүлдөрү билдиришти. Алардын айтымында, 1 май куюучу жайга аталган системаны орнотуу үчүн 1 миллион сомго жакын каражат сарпталат. Мындан сырткары өлкөнүн түштүк аймагында башкаруунун… Кененирээк…

Россия 2021-жылы мигранттардын санын кыскартат

Россия 2021-жылы мигранттардын санын кыскартат. Кийинки жылы эмгек визасы менен кирип иштеген мигранттардын саны 40 миңге чейин кыскарат. Ал курулуш, токой чарба, жер-жемиш өстүрүү, жүргүнчү жана оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары, ошондой эле соода жана дарыкан тармагында иштегендерге тиешелүү.  Белгилеп кетсек, чектөөлөр Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан,… Кененирээк…

Жалал-Абадда санитардык талаптарды сактабаган кафелер жабылууда

Жалал-Абад шаарында санитардык талаптарга жооп бербеген  тамактануу жайлары кайрадан жабылууда. Мэриядан билдиришкендей, шаарда кафе жана тамактануучу жайлар тарабынан санитардык талаптарды аткаруусу боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында эрежеге баш ийбеген 6 кафе жабылды

Бишкектеги кафелердин жана соода түйүндөрүнүн иш убактысына чектөө киргизүү каралууда

Бишкектеги кафелердин жана соода түйүндөрүнүн иш убактысына чектөө киргизүү каралууда. Бул тууралуу ордо калаанын биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев билдирди. Анын айтымында, шаар бийлиги коомдук тамактануу жайларын жана соода түйүндөрүн түнкү саат 10дон тартып чектөөгө алууну пландап жатат. Көрүлгөн чаралар дезинфекциялоо иштерине байланыштуу.

“Ливерпуль” командасы 30 жылдан бери алгачки ирет жеңишке жетти

“Ливерпуль” командасы 30 жылдан бери алгачки ирет жеңишке жетти. Юрген Клопптун командасы “Челси – Манчестер Сити” командаларынын оюнунда “Челсинин” жеңишинен улам Англиянын чемпиону болду. “Манчестер Сити” командасында жеңилүүдөн улам 63 упай болсо, “Ливерпуль” 86 упай топтоду. Мындан улам “Ливерпуль” командасы быйылкы сезондун аякташына 7 оюн… Кененирээк…

Европанын чек-арасы азырынча Кыргызстанга ачылбайт

Европанын чек-арасы азырынча Кыргызстанга ачылбайт. Европага кирүүгө уруксат берилип жана чектөө күчүндө калган өлкөлөрдүн тизмеси жарыяланды. Уруксат берилбей турган өлкөлөр —Кыргызстан, Бразилия, Катар, Америка жана Россия.  Ал эми Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан камтылган 52 өлкөгө Европанын чек арасы 1-июлдан тарта ачылат.

Түп районундагы «Каркыра» көзөмөл-өткөрүү түйүнүнө интернет тартылып жатат

Түп районундагы «Каркыра» көзөмөл-өткөрүү түйүнүнө интернет тартылып жатат. Бул тууралуу «Кыргызтелеком» ишканасынын аймактагы филиалынан билдиришти. Долбоорго өнүктүрүү фондунан 300 миң сом, ишкана тарабынан 1 миллион 880 миң сом каралды. Эми жакынкы аралыкта кыргыз-казак чек-арасындагы түйүндүн толук кандуу иштөөсүнө бардык шарттар түзүлөт. Оптика-волокондук чубалгыларды тартуу иштери… Кененирээк…

Россияда 1-июлдан тарта айдоочулар үчүн бир катар жаңы эрежелер күчүнө кирет

Россияда 1-июлдан тарта айдоочулар үчүн бир катар жаңы эрежелер күчүнө кирет. Оң рулдуу самосвал, курулуш техникаларын, кичи автобустарды, краны бар жүк ташуучу унааларды жана автобустарды Россиянын аймагына алып кирүүгө тыюу салынат. Муну менен катар унаага газ баллонду, алдына жана артына машина сүйрөөгө ылайыкталган жабдууларды жана… Кененирээк…