Каржы министрлиги Ички иштер министрлигине 209 миллион сом бөлүп берди

Каржы министрлиги Ички иштер министрлигине 209 миллион сом бөлүп берди. Бул тууралуу ведомствонун басма-сөз кызматынан билдиришти. Дагы  9 миллион сом милиция Академиясынын эсебине түштү.   Каражат өзгөчө абал киргизилген учурда иштеген укук коргоо органдарынын кызаткерлерине кошумча төлөм катары берилет.

Президент Сооронбай Жээнбеков медицина кызматкерлеринин компенсациясы боюнча мыйзамга кол койду

Президент Сооронбай Жээнбеков медицина кызматкерлеринин компенсациясы боюнча мыйзамга кол койду.   Өлкө башчы аппаратынан билдиришкендей, документ  саламаттыкты сактоо тармагындагы мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын медицина кызматкерлерине, анын ичинде өзгөчө абал киргизилген учурларда иштегендерге кепилдик жана компенсация белгилөө максатында иштелип чыкккан.   Кесиптик милдеттерин санитардык-карантиндик зонада аткарып… Кененирээк…

Коронавирус инфекциясынын белгилери менен бейтаптар сөзсүз түрдө дарыгерлерге кайрылышы керек

Коронавирус инфекциясынын белгилери менен бейтаптар сөзсүз түрдө дарыгерлерге кайрылышы керек. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.   Анын айтымында, вирус менен ооруканага кайрылгандардын арасында жаштар көбөйүүдө. Алар ооруга олуттуу карабай, өз алдынча дарыланышкандыктан, дарт өрчүп кеткен. Министр кыргызстандыктарга санитардык нормаларды сактоогну сунуштады.

Пневмонияга чалдыккандар үчүн кошумча сегиз жүздөй орун даярдалды

Бишкекте өпкөсүнөн кагынган (пневмония) бейтаптарды дарылоо үчүн кошумча жети жай даярдалды. Бул тууралуу 29-июнда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады.   Жети жайда жалпысынан 761 орун бар. Алардын 270и Улуттук госпиталда, «Манас» аэропортунун жанындагы мурда «Ганси» базасы жайгашкан жерде 200, Воронцовка айылындагы Курортология институтунда 120,… Кененирээк…

Кыргызстанга келген мигранттар патент алып иштөөгө милдеттендирилди

Президент Сооронбай Жээнбеков чек аралаш мамлекеттерден келип иштеген мигранттарды патент төлөөгө милденттендирген мыйзамга кол койду. Аталган мыйзамды демилгелеген депутат Исхак Пирматов буга чейин бул чара Тажикстан менен Өзбекстандан келген эмгек мигранттарынын ишин мыйзамдаштыра турганын айткан.   Жобого ылайык, бир айлык патенттин баасын канча болорун өкмөт… Кененирээк…

Бишкекте ысык суу 2-июлдун түнүндө бардык керектөөчүлөрдүн үйлөрүнө берилип калат

Бишкекте ысык суу 2-июлдун түнүндө бардык керектөөчүлөрдүн үйлөрүнө берилип калат, — дешти Бишкек жылуулук тармактарыган. Ведомство маалыматына ылайык, ысык сууну бир убакта бардыгына бирдей берүү техникалык себептерден улам мүмкүн эмес.   Күтүлгөндөй, ысык суу бүгүн Бишкектин борбордук бөлүгүнүн тургундарына берилет. Эртең кичи райондун үйлөрүнө жетет.… Кененирээк…

Чүй облусунун Озерное айылында жаңы мектеп курулууда

Чүй облусунун Озерное айылында жаңы мектеп курулууда. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришкендей, билим берүү мекемеси 375 окуучуга чакталган.   Долбоордун жалпы сметалык баасы 1,5 миллион доллар. Каражатты Сауд өнүктүрүү фонду бөлүп берген. Иштер кийинки жумада жыйынтыкталат.

Жаңы окуу жылы кандай форматта өтөт, азырынча белгисиз

Жаңы окуу жылы кандай форматта өтөт, азырынча белгисиз. Билим берүү министри Каныбек Исаковдун айтымында, бардыгы өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдан көз каранды болот.   Чиновник белгилегендей, ведомство жана мугалимдер окууну кадимки форматта өткөрүү ниетинде. Бирок бардык учурларга даяр болуу керек. Билим берүү салттуу формада өткөн күндө дагы… Кененирээк…

Пневмония жана 38 градустан ашкан дене табы менен жарандар ПЦР анализи жок эле ооруканага жаткырылат

Пневмония жана 38 градустан ашкан дене табы менен жарандар ПЦР анализи жок эле ооруканага жаткырылат. Саламаттыкты сактоо министрлиги жаңы алгоритм иштеп чыкты, — деп билдирди министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаев.   Анын айтымында, ал эми ковидге анализдер курч респиратордук вирустун белгилери менен түшкөн бейтаптардан алынат.… Кененирээк…

Март айынан бери Кыргызстанда пневмониядан 54 адам көз жумду

Кыргызстанда быйыл март айынан бери өпкөнүн кагынуусунан (пневмония) 54 адам кайтыш болду. Бул тууралуу 29-июнда онлайн брифингде саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.   Министрдин айтымында, алардын 48и Бишкекте, алтоо республиканын башка аймактарындагы ооруканаларда көз жумган. Абдикаримовдун белгилешинче, мындай диагноз менен ооруканага жаткырылгандардын өлүмү июнь… Кененирээк…