Голливудда коронавирус пандемиясы тууралуу тасма тартылат

Голливудда коронавирус пандемиясы тууралуу тасма тартылат. Анда вирустун очогу болгон Ухандын дарыгерлери тууралуу баяндалат. Бийлик уруксат берсе, кинону тартуу Кытайда кийинки жылы башталат.   Тасма качан көрүүчүлөрдүн назарына коюлат жана ага кайсы актерлор тартылат, азырынча белгисиз.

Коррупцияга каршы күрөшүүдөн кайтарылган акча үчүн ачылган Бирдиктүү депозит жоюлду

Коррупцияга каршы күрөшүүдөн кайтарылган акча үчүн ачылган Бирдиктүү депозит жоюлду. Бул тууралуу өкмөт аппаратынан билдиришти. Маалыматка ылайык, эми мындай бузуулардан өндүрүлгөн каражат тиешелүү бюджеттерге дароо которулуп турат.   Эске салсак, Каржы министрлиги алдындагы Бирдиктүү депозиттик эсеп 2 жыл мурда ачылган. Коррупциялык кылмыштардан өндүрүлгөн акча мектептерди… Кененирээк…

Россиянын алгачкы авиакаттамдары КМШ мамлекеттерине болот

Россия алгачкы авиакаттамдарын КМШ мамлекеттерине ачышы мүмкүн. Бул тууралуу РФтин транспорт министри Евгений Дитрих билдиргенин РИА Новости жазды.     «Биз жалпы эл аралык каттамдарды ишке ашыруудан мурда өзүбүзгө жакын болгон КМШ өлкөлөрүнө учабыз», — деген Дитрих журналисттерге. Россия коронавирус пандемиясынын улам 27-мартта башка мамлекеттер менен… Кененирээк…

Индия TikTok, WeChat баштаган 59 тиркемени колдонууга тыюу салды

Индия бийлиги 29-июнь күнү кытайлык 59 тиркемени колдонууга тыюу салды. Бул тууралуу РИА Новости өкмөттүн маалымат кызматына шилтеме кылып жазып чыкты.   Тизмеде TikTok менен WeChat баштаган Mobile Legends, UC News, Weibo, QQ Music, Mi Community, Club Factory, Kwai, Baidu map, Clash of Kings жана башка тиркемелер… Кененирээк…

Кытай окумуштуулары COVID сымал коркунучтуу вирус пайда болгонун маалымдады

Кытай окумуштуулары жаңы пандемиянын пайда болушун шарттай турган кооптуу чочко тумоосунун белгисиз штаммын аныктады. Иликтөөнүн жыйынтыгы Proceedings of the National Academy of Sciences илимий журналына жарыяланды. Аталган макаланын авторлору бул вирус жакында эле пайда болгонун айтат. Бул инфекцияны чочколор алып жүрөрүн, андан адамдарга да жуга турганын белгилейт.… Кененирээк…

Өзбекстан 1-июлдан карантин чараларын күчөтөт

Өзбекстандын коронавируска каршы күрөшүү боюнча комиссиясы 1-июлдан тартып өлкөдө карантиндик чараларды күчөтүүнү чечти.   Ага ылайык, ири соода комплекстери жана буюм-тайым базарлары ишемби-жекшембиде дезинфекция үчүн жабылат.   Коомдук жайларда жарандар ортодо 2 метр аралыкты сактап, медициналык беткап жана колкапчан жүрүүгө тийиш. Супермаркеттердин кире беришинде беткап… Кененирээк…

Бишкектин көчөлөрүн курууга жана оңдоого 3 кытайлык компания ат салышууда

Бишкектин көчөлөрүн курууга жана оңдоого 3 кытайлык компания ат салышууда. Мэриядан билдиришкендей, кеп “Жол тармагын өнүктүрүү” долбоору тууралуу болуп жатат.   Сынакка катышууга арыз таштаган фирмалар Кытайдан квалификациялык тандоодон өткөн. Эми Бишкек мэриясынын комиссиясы арыздарды карап, аткаруучу компанияны аныктайт. Эске салсак, долбоордун алкагында ордо калаада… Кененирээк…

Кыргызстан Балыкчы-Каракол трассасынын курулушуна насыя алуу ниетинде

Кыргызстан Балыкчы-Каракол трассасынын курулушуна насыя алуу ниетинде. Кеп анын Корумду айылынан Балбай баатыр айылына чейнки тилкеси тууралуу болуп жатат.   Каражатты Сауд өнүктүрүү фондунан, Кувейт фондунан жана Ислам өнүктүрүү банкынан алуу пландалууда. Насыянын жалпы суммасы дээрлик 116 миллион долларды түзөт. Курулуштан кийин трасса төрт чийинден… Кененирээк…

Жогорку Кеңеш күзгө чейин каникулга тарады

VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин VI сессиясы өз ишин аяктады. Парламент төрагасы Дастанбек Жумабековдун 30-июндагы кезексиз сессияда билдиргенине караганда бул сессияда парламент 136 мыйзам, 614 токтом кабыл алды. Өкмөттүн, Улуттук банктын, Башкы прокуратуранын, Эсеп палатасынын жылдык отчеттору угулуп, жарандардын 15372 кайрылуусу каралганын билдирди.   Жогорку Кеңештин… Кененирээк…

Жогорку Кеңеш сентябрга чейин каникулга тарады

VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин VI сессиясы өз ишин аяктады. Парламент төрагасы Дастанбек Жумабековдун 30-июндагы кезексиз сессияда билдиргенине караганда бул сессияда парламент 136 мыйзам, 614 токтом кабыл алды. Өкмөттүн, Улуттук банктын, Башкы прокуратуранын, Эсеп палатасынын жылдык отчеттору угулуп, жарандардын 15372 кайрылуусу каралганын билдирди. Жогорку Кеңештин акыркы… Кененирээк…