Баткенде эл чогултуп той, түлөө өткөрүүгө, куран окутууга тыюу салынды

Баткенде коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнө жол бербөө максатында бир катар чектөөлөр кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады.   Белгилей кетсек, соңку учурларда Баткенде дагы вируска чалдыккандардын саны өсүп жатат. Жалпысынан оору 69 кишиге жуккан. Ал эми өткөн суткада 18 кишиден аныкталган.… Кененирээк…

Улуттук банктын интервенциясы жыйынтык берүүдө

Улуттук банктын интервенциясы жыйынтык берүүдө. Кыргызстанда доллардын куну жарым күндө дээрлик 2 сомго арзандады. Учурда ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны 76 сом 80 тыйындан сатып алып, кайра 77 сом 20 тыйынга сатышууда.   Түшкө чейин эле доллардын курсу 78 сомдон ашып жаткан. Улуттук… Кененирээк…

Бишкекке Түркиядан 232 кыргызстандык жеткирилди

Бишкекке Түркиядан 232 кыргызстандык жеткирилди. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Стамбул-Бишкек чартердик каттамы уюштурулду.   Келгендердин арасында жаш балдар дагы бар. Алар вируска анализ тапшырып, зарыл болсо, обсервацияга алынат.

Эл аралык аба каттамдары качан жанданат белгисиз

Эл аралык аба каттамдары качан жанданат белгисиз. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында, аба акаттамдардын ишин калыбына келтирүү тууралуу айрым мамлекеттерден сунуштар түштү.   Кыргызстандын тиешелүү органдары маселени карап чыккандан кийин гана чечим кабыл алынат, — деди өкмөт башчы.   Эске салсак, пандемиядан… Кененирээк…

Tesla дүйнөдөгү эң кымбат унаа өндүрүүчү компания аталды

Илон Масктын Tesla компаниясы дүйнөдөгү эң кымбат унаа өндүрүүчү компания аталды. Капитализациянын шартында ал буга чейин эң кымбат аталган Toyota компаниясын артта калтырды, — деп жазат Bloomberg агенттиги.   Маалыматка ылайык, Tesla компаниясынын баасы 207 миллиард доллардан ашты.

Бишкекке аймактардан 100дөй дарыгер келет

Бишкекке аймактардан 100дөй дарыгер келет. Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, алар медицина кызматкерлери жетишсиз болуп жаткан ооруканалар арасында бөлүштүрүлөт.   Аларга айлыктан тышкары кошумча төлөмдөр берилип, жайшай турган жерлер дагы даярдалды. Андан тышкары, бийлик бүгүн бейтаптар үчүн кошумча 700 орун камдоо ниетинде. Оорукана алдына жогорку окуу жайлардын… Кененирээк…

Ордо калаада медицина кызматкерлери үчүн эс алуу күндөрү транспорт уюштурулат

Ордо калаада медицина кызматкерлери үчүн эс алуу күндөрү транспорт уюштурулат. Буга премьер-министр Кубатбек Боронов ишендирүүдө. Анын айтымында, учурда мэрия менен биргеликте дарыгерлерди жумушка жана кайра үйгө жеткирүү үчүн транспорт уюштуруу суроосу чечилип жатат.   Эске салсак, Бишкекте эс алуу күндөрү автобус, троллейбус жана маршруттук таксилер… Кененирээк…

Бишкекте такси кызматтары эми эс алуу күндөрү кайра иштей турган болду

Бишкекте такси кызматтары эми эс алуу күндөрү кайра иштей турган болду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Эске салсак,  кечээ мэр Азиз Суракматов коронавирустун жайылышына бөгөт коюу үчүн бир катар чектөөлөрдү киргизген.   Коомдук транспорттун иш тартиби өзгөрүп, дем алыш күндөрү автобус, троллейбус менен бирге такси да токтомок.… Кененирээк…

Бишкектиктерге кайрадан парк жана скверлерде сейилдөөгө тыюу салынды

Бишкектиктерге кайрадан парк жана скверлерде сейилдөөгө тыюу салынды. Мэр Азиз Суракматовдун айтымында, мындай чектөөлөр ордо калаада эпидемиологиялык абалдын курчуп баратканынан улам киргизилди.   Тыюу алдына ошондой эле, эл көп чогулган жерлер дагы кирет. Эске салсак, бүгүнтөн тарта Бишкекте өзгөчө режим күчүнө кирди. Анын алкагында коомдук… Кененирээк…

Чүй облусунда коомдук транспорттун ишине өзгөрүүлөр жана башка бир катар чектөөлөр киргизилди

Чүй облусунда коомдук транспорттун ишине өзгөрүүлөр жана башка бир катар чектөөлөр киргизилди. Өкмөттүн аталган аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, эми Чүй райондорунан Бишкекке жүргүнчү ташыган маршруттук каттамдар эртең менен жана кечинде каттайт.   Базарлар таңкы саат 6дан күндүзгү 3кө чейин иштесе, соода жайлары кечки саат 7де жабылат.… Кененирээк…